ДОФАМИН МОДАСЫ: КИЙИМ АДАМДЫ БАКТЫЛУУ КЫЛА АЛАБЫ?

Кийим адамдын жан дүйнөсүндөгү абалын чагылдырып турат дешет психологдор. 2021-жылдан баштап “дофамин стили” деген аталышка ээ болгон тренд кайрадан актуалдуулук алды. Бул тренддин максаты – ачык түстөгү кийимдер аркылуу адамдарга терапия жүргүзүү, эмоционалдык абалын жакшыртуу. Чынында эле кийим адамды бактылуу кыла алабы? Жоопту макаладан издеңиз.

ДОФАМИН – БАКЫТ ГОРМОНУ

Дофамин – ырахаттануу, эргүү сезимдерин тартуулаган нейромедиатор жана гормон. Ырахаттануу сезимин кайра-кайра сезүү үчүн адам дофамин бөлүп чыгарган иш-аракеттерди кайталап жасоого аракет кылат. Мисалы, алдыга бир максат коюп, ага жеткенде канааттануу сезими жаралат. Бул учурда дофамин бөлүнүп чыгат. Эгер аталган гормон жок болсо, адамда апатия, депрессия абалы жаралат. Кайсы органдар тарабынан иштелип чыгат: нерв системи, тагыраагы, мээде, бөйрөктө, бөйрөк үстүндөгү бездерде жана ичегилерде бөлүнүп чыгат. Дофаминди бөлүп чыгаруу жолдору көп, алардын катарына мода же болбосо адамдын гардеробу да кошулат экен.

ӨТКӨН КЫЛЫМДАН КЕЛГЕН...

“Дофамин модасы” түшүнүгү 1930-жылдардан эле башталган. Индиялык окумуштуу Д.Р. Гхадиали адамдын психологиялык, эмоционалдык абалына кийген кийиминин түсү түздөн-түз таасир берерин айтып чыккан. Мисалы, кызыл түс жүрөк кагуусун ылдамдатып, толкундануу сезимин жаратат, ал эми көк түс, тескерисинче, адамга тынчтык жана бейпилдик алып келет деген оюн билдирген. Ал эми психиатр Кристо Ван Меер кайсы бир түс сөзсүз толкундантат же бейпилдик алып келет деген туура эмес, ар бир адамдын физиологиялык, психикалык өзгөчөлүгүнө жараша түстөр да ар кандай таасир бериши мүмкүн экенин айткан. Мисалы, ошол эле кызыл түс бирөөдө толкундануу сезимин жаратса, башкада кыжырдануу сезимин жаратышы мүмкүн. Бул процесс адамдын ал түскө карата ассоциациясына жараша болорун түшүндүргөн. Музыкада да ошондой, кайсы бир ыр бир адамда кубанычтуу окуя менен байланышып, ал ырды уккан сайын сүйүнүч, ырахаттануу жаралышы мүмкүн. Ошол эле ыр башка адамда негативдүү окуяларга байланган, андыктан ал ырды укканда кыжырдануу сезими пайда болот. Түстөр адамдын маанайына таасир берет, бирок ар кимисине ар кандай. Ошон үчүн кимде кайсы түс позитив, жеңилденүү, жогорку маанай жаратса, ошол түстөгү кийимдерди кийүү керек. Бирок негизинен күңүрт түстөргө караганда ачык түстөр позитивдүү маанай жаратары белгилүү.

КОВИДДИН ТААСИРИ...

Өткөн кылымда башталган “дофамин модасы” эмнеге 2021-жылдан баштап кайрадан модага кирди? Адистер адамдын маанайын көтөргөн ачык түстөгү кийимдердин кайрадан модага киргенин, тагыраагы, суроо-талапка ээ болуп жатканын 2020-2021-жылдары байкашкан. “Дофамин гардеробунун” актуалдуулугу дүйнөнү каптаган ковид пандемиясынын таасиринен улам болду дешет адистер. Массалык түрдө маанайды түшүргөн, депрессия, апатия абалына алып келген убакта адамдарга дофамин гормону өтө зарыл эле. Андыктан аны ар тараптан “издөө” башталган. Дизайнерлер, белгилүү мода үйлөрү трендди дароо колго алып, “кыйкырган” ачык түстөгү, пайетка, канат жана башка аксессуарлар менен кооздолгон кийимдерди рынокко чыгарышкан.

МААНАЙДЫ КӨТӨРӨТ

Көзгө көрүнбөгөнү, байкалбаганы менен, чынында эле ачык түстөгү кийимдер ал кийимди кийип турган адамдын эле эмес, анын жанындагы адамдардын да маанайына таасир берет. Ачык түстөгү кийим кийген адам күңүрт түстү жактыргандарга караганда комплимент көп угушат. Алар менен сүйлөшкөндө билинбей эле адамдын маанайы жакшырат. Улуу Британиядагы Хартфордшир университетинин окумуштуулары изилдөө жүргүзүшүп, адамдар маанайына жараша кийинерин маалымдашкан. Мисалы, маанайы жакшы, жашоосуна ыраазы адам ачык түстөгү кийимдерди киет, ал эми бир нерсеге санааркап турган, өзүнө убакыт таба албаган, энергиясы жок адамдар формасы жок кенен, күңүрт түстөгү кийимдерге басым жасаарын байкашкан. Маанилүүсү, эгер адам өзүнө көңүл бөлбөсө, бакыт гормонун издебесе күңүрт түстөр, депрессия абалы, өзүнө болгон ишенимдин жоктугу анын дайымкы “шеригине” айланат. Жалаң ачык түстөрдөн кийим кий деген эреже жок, болгону гардеробдо сөзсүз ачык түстөгү кийимдер болушу керек жана аны байма-бай колдонуу зарыл.

АЧЫК ТҮСТӨР МАГА ЖАРАШПАЙТ...

“Ачык түстөр мага жарашпайт” деп өзүнө ишеними жок, башкалардын көңүл буруусун каалабаган, кимдендир, эмнедендир, балким, өзүнөн “жашынгысы” келген адамдар айтат дешет психологдор. Ал эми мода дизайнерлери адамга жарашпаган түстөр чанда кездешет, ошондо да ал түстү башка аксессуарларды кошуп тууралоого болот деген пикирде. Болгону бойго, келбетке жараша туура фасондогу кийимдерди тандап, түрдүү түстөрдү туура айкалыштырганды үйрөнүү керек. Дофамин түстөрү кайсы? Күлгүн түстүн түрү, сары (бардык түрү), кызыл, ак, көк, ачык көк, жашыл (бардык түрү), кызгылт көк (фиолетовый) жана башка көзгө дароо көрүнгөн өңдөр.

КАНТИП АЧЫК ТҮСТӨГҮ КИЙИМ КИЕМ?

Алгач акырындык менен көздү көндүрүңүз. Көчөдөн байкаңыз, кайсы түс жакты, кийгенде сиз ойлогондой “кыйкырбай” эле жакшынакай жарашып турат. “Менин келбетим мындай эмес, мага жарашпайт” деген ойду жакындатпаңыз. Өзүңүзгө кайсы фасондугу кийим жарашарын билесиз да, ошол кийимдин ачык түсүн издеңиз. Кийимден баштай албай жатсаңыз, аксессуар алыңыз: сумка, кур, түстүү таштары менен асем буюмдар, кол саат, телефон кап жана башка.

Аксессуардан кийин кийимдерге түс берген гүл же башка оюулары, сүрөттөрү бар кийимдерге өтөбүз. Эгер ачык түстөрдү көчөгө кийип чыккандан такыр эле уялып жатсаңыз, үйгө кийген кийим алыңыз, ич кийимдерди тандоодо да ачык түскө басым жасоо керек. Бул кадамдарга барган сайын көз көнөт, анан акырындык менен гардеробдун дайымкы “тургунуна” айланат.

 

Асыл Орозбекова    

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1170, 16-22-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан