АЛП АКТЁР ДЭЙВ БАТИСТА

Дэйв Батистаны көпчүлүк килейген алп актёр катары тааныйт, ал эми спорт дүйнөсүндө ал рестлинг боюнча 6 жолку дүйнө чемпиону, ММА мушкери катары таанымал. Азыркы ийгиликтүү карьерасынын артында оор турмуш, кылмыш дүйнөсү, жакшы жашоого, балдарын багууга болгон аракети турат. Негизи эле Дэвид Батистанын өмүр сапары кызыктуу экен...

Толук аты-жөнү: Дэвид Майкл Батиста (кичүүсү)

Туулган жери: АКШ, Вашингтон

Туулган жылы: 1969-жыл, 18-январь

Жылдыз белгиси: текечер

Бою: 198 сантиметр

Салмагы: 130 килограмм

Кесиби: актёр, рестлер, ММА мушкери

Тартылган белгилүү тасмалары: “Лезвиенин мизинде чуркаган 2049”, “Галактика сакчылары”, “007: спектр”, “Риддик”, “Дюна”, “Көрүү” (сериал), “Жоголгон жерде...”, “Киллердин оюну” жана башка

Криминалдуу район, криминалдуу жашоо

Вашингтондун эң кылмыштуу деп саналган районунда жарык дүйнөгө келди Дэвид. Бул аймакта баңгизат, талап-тоноочулук, уурулук, бандиттердин бийлиги өкүм сүрөр эле. 10 жашка чыккыча эле алардын үйүнүн алдында 3 киши өлтүрүүгө күбө болду бала. Мындай коркунучтуу турмуш анын жүрөгүн катуу кылып, кылмыштуу дүйнө өзүнө тартты. 13 жашында кылмыштуу топтун мүчөсүнө айланган. Күчтүү, чоң эле... Андыктан бандиттердин арасында бат эле “карьералык тепкичтен көтөрүлүп”, банданын башчысына айланды. Майда-чүйдө уурулуктан, кол салуу, талап-тоноо, унаа уурдоо болуп, барган сайын жасаган кылмыштары оорлой берди...

Атасы таштап кеткен

Дэйвди кылмыш жолунан бери тартып, акыл айта турган жакыны жок болду. Атасы чачтарачтын кесиби менен аялын, эки уулун баккысы келген эмес, акыры мындай жашоого чыдабаган аялы аны менен ажырашып, эки баласын алып Сан-Франциско шаарына көчүп кеткен. Албетте, жер которуу менен алардын мышык ыйлагыдай абалы оңолгон эмес, ошентсе да аз да болсо коопсуз жерде жашап калышкан.

Мугалимдердин “кошмары”

Окуучулар болот го, мугалимдердин коркунучтуу түшүнө айланган. Дэйв ошондой бала болду. Өмүрүндө бир да жолу жакшы баа алып көргөн жок, ага кошумча тентектиги айланы кетирчү. Мектепке байлаган бир эле нарсе болду – рестлинг ийрими. Бирок мугалимдерди ушунчалык тажаткандыктан, орто мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат ала албай мектептен куулуп кеткен. 

Түнкү клубда “чоң муштум” болду

Агасы автокырсыктан каза тапкандан кийин апасы депрессияга түштү, үй-бүлө деген эле аты болбосо, ортолорунда эч кандай жакындык, жылуулук калбады. 17 жаштагы бала үйүнөн чыгып кетти, мындан ары ар ким өз жашоосун өзү курсун деп. Үйлөнүп, тун кыздуу болгондо Дэйв 21 гана жашта болчу. Атасындай болуп үй-бүлөсүнөн баш тартпай, багуу жүгүн моюнуна алышы керек эле. Андыктан түнкү клубдардын бирине “чоң муштум” болуп орношту. Эмнеге коопсуздук кызматкери эмес, “чоң муштум” дегенибиз Дэйв эч качан эмоциясын көзөмөлдөй алчу эмес. Клубда мушташ чыкканда моокуму канганча сабап салар эле. Ошондой бир күнү клубдун эки кардарын сабап салып, бири эсине келбей ооруканага түшүп, анын жакындары полицияга кайрылган. Дэйв 1 жылга шарттуу түрдө кылмыш жазасына тартылган.

 WWE жылдызы   

2002-2010-жылдар аралыгында WWE уюмунун жылдызына айланды. 6 жолу Дүйнө чемпиону, 2 жолу WWE чемпиону аталды. Спорт дүйнөсүнда өзүнүн атын жазды. Рестлингден тышкары аралаш күрөш мушкери десек да болот. Бирок ММА мушкери катары рингге бир эле жолу 2012-жылы чыгып, техникалык нокаут менен жеңишке жеткен. Андан кийин кайрадан WWE’кайтты. 

Спортко алып келген белек

10 жылдан ашык өмүрү кечкисин түнкү клубдагы жумушу, күндүзү спорт залга барып машыгуу менен өтүп кетти. Рождество майрамы жакындап, кыздарына белек алып бергенге акчасы жок, өзү иштеген клубдун жетекчисине барып карыз сураган. “Ошондо өзүмдөн ушунчалык уялдым. Же эмне кыларымды билбейм, кыйраткан билимим да жок. Бирок бир нерсени өзгөртпөсөм мындай жашоо болбосун түшүндүм” дейт Батиста. Анан рестлинг спорту менен профессионалдык деңгээлде машыгууну чечет. 30 жаштан өткөн кишини көрүп, бир нече спорт агенттиктери “кеч, эч кандай ийгиликке жетпейсиң” деген жоопту узатышкан. Өжөр, кашкөй мүнөзү бар, андыктан “жок” деген сөздөргө каршы чыгып, бир нече ай спорт залдан чыкпай машыгып, алгачкы ийгиликтерин жарата баштаган. Акыры Дүйнөлүк рестлинг ассоциациясы менен келишим түзүп, профессионалдык спортчу карьерасы башталган.

Кино

Рестлинг дүйнөсүндө жүргөн Дуэйн “Скала” Жонсон, Шон Майклз, Стейси Киблер, Жон Синанын (кичүүсү) кинодогу карьерасы да “гүлдөп” турган маал эле. Кино, жарнама жана башка долбоорлор... Батиста да киного тартылгысы келди, бирок рестлинг ассоциациясы Дэйвге андай мүмкүнчүлүк түзүп берген жок. Өзүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатканына ызаланган Дэйв “түйүнчөгүн түйүп” жумушунан кетип калган. Бир нече жыл жумушу жок жүргөндүктөн спорттон тапкан ак сарайы, унаалары, дагы башка баалуу мүлктөрү сатылды. 40 жаштан ашып калган адам бардыгын кайрадан 0дөн башташы керек болду.

Жаңы кадамды Лос-Анжелестен баштап, актёрдук чеберчилик боюнча сабак ала баштаган. Кинодогу дебюту 2006-жылга туура келди, рестлердин ролу менен. Андан кийин да бир нече тасмада эпизоддук ролдорго тартылды. Бирок экинчи пландагы адамдын образы чемпион болуп жүргөн адамга жакпады.

“Галактика сакчылары”

2013-жыл. Дэйв спорт залга машыгууга бараткан. Анан телефону чырылдап, “Марвелден” экенин айткан адам анын “Галактика сакчылары” тасмасына Дракстын ролуна кабыл алынганын маалымдаган. Толкунданган ал машинасын жолдун четине токтото калып, кубанганынан ыйлап жибергенин эскерет. Дракстын ролу, эң биринчи баш каармандын ролу чынында эле Батистага “алтын ачкыч” болуп берди. Тасмадан кийин супер баатыр, супер актёр болуп ойгонгон ал учурда дүйнө жылдызы. Актёрлук жолу оор болгону менен, Батистанын өз принциптери бар, аны коомчулук бир эле амплуада, тагыраагы, чоң муштумдун ролунда таанып калышын каалабайт. Анын кыялы – жазуучу Эрнест Хемингуэйдин ролун ойноо.

Актёр тууралуу кыскача

* Дүйнөгө таанымал актёр тамак салган винтаждык металл ланчбокс идиштерин коллекциялайт.

* Өзүнүн ары кызыктуу, ары оор турмушун чагылдырган Batista Unleashed автобиографиялык китебин чыгарган.

* Актёр дислексия менен жабыркайт – текстти бат окуй албайт жана бат өздөштүрүү жөндөмү жок. Андыктан тасманын сценарийин окуп чыгуу, өзүнүн репликаларын жаттоо үчүн Батиста өтө көп эмгек жана убактысын коротот.

* Эки ирет үйлөнүп, ажырашкан. Биринчи жубайынан эки кызы, 2-жубайынан уулу бар.

* Атактуулук алып келген, кедейликтен чыгарган “Галактика сакчыларындагы” Дракстын образы актёрдун карьерасындагы эң оор роль болуп саналат. Драксты жаратыш үчүн 3 саат грим жасалган. Бул убакта актёр тикесинен тик турушу керек. Тартуу иштери бүткөндөн кийин күнүгө сөзсүз саунага барып 1 сааттан ашык гримди жууп турганын айтат актёр. Бул кыйноо-кыйналуу процесси 50 күнгө чейин созулган. Эгер тасманын кийинки сезондору тартылганын эске алсак, Батистанын кыйналуу процесси да узарган экен.

* Актёрдун салмагы убагында 160 килограмм болчу, кийин 130га түшкөн, 2024-жылы чыккан “Киллердин оюну” тасмасында 109 килограммга чейин арыктаган.

Асыл Орозбекова        

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1170, 16-22-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан