ВИРТУАЛДЫК ДҮЙНӨ. ЖАШТАРДЫ ЖАЛГЫЗДЫККА КӨНДҮРҮП БАРАТАБЫ?

“Адамдар эч качан азыркыдай байланышта болушкан эмес, бирок эч качан мынчалык жалгыз да болушкан эмес”, – дейт америкалык социолог. 

“500 киши постумду көрөт, бирок бирөө да “кандай, жакшысыңбы?” деп ал-жайымды сурабайт”, – деп жазыптыр 22 жаштагы Бектур. Бул сөз азыркы социалдык желедеги миңдеген сүрөт, видео, “лайктардын” артында терең жалгыздык катылып жатканын айкын көрсөтүп турат.

Интернет, смартфон, социалдык тармактарбулардын ар бири бүгүнкү жаштардын күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Биз күн сайын жүздөгөн билдирүүлөрдү жөнөтүп, “лайктардыбасып, башкалардын жашоосун акмалап, өзүбүздү да публикага көрсөтүп жатабыз. Бирок ушунча байланышка карабай жаштар эмнеге жалгыз боло башташты? Мунун себеби эмнеде? Чакан изилдөө кылып, илимий маалыматтардын негизинде социалдык тармактар менен жалгыздыктын өз ара байланышын талдоого аракет кылдык.

Жалгыздык деген эмне жана ал кантип билинет?

Жалгыздык – бул жаныңда эч ким жок учур эмес. Кээде адам досторунун, туугандарынын арасында жүрүп деле өзүн эч кимге кереги жоктой сезиши мүмкүн. Бул тууралуу америкалык психолог Жон Качиоппо мындай дейт:

“Жалгыздык – бул социалдык байланыштардын саны эмес, алардын сапатына болгон ички нааразычылык”. Башкача айтканда, адам жүрөгүнө жакын адам менен терең байланышта болбосо, ички боштукка кептелет.

Кээде жаштар көпчүлүктүн арасында жүрүп деле өзүн түшүнүксүз, бааланбаган абалда сезиши мүмкүн. Бул сезим акырындык менен адамдын психикалык абалын оорлотот. Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, жалгыздык узакка созулганда депрессия, тынчсыздануу, өзүнө болгон ишенимдин азайышы, ал тургай жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу көйгөйлөр жаралышы ыктымал. 

Социалдык тармактар байланышпы же жалгыздыкпы?

Социалдык тармактар – адамдарды бириктирүү үчүн түзүлгөн платформа. Бирок кээде бул байланыш жасалма болуп, тескерисинче, жалгыздык сезимин күчөтүп жиберет. Америкалык социолог Шерри Тёркл бул тууралуу мындай дейт:

“Биз байланыштабыз, бирок жалгызбыз”. Анын айтымында, социалдык тармактар аркылуу байланыштар көбөйгөнсүгөнү менен, алардын тереңдиги азайып, адамдар чыныгы баарлашууну сагынып жатышат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жаштар социалдык медиада башкалардын “идеалдуу жашоосун” көрүп, өздөрүн алар менен салыштырып, алардан кем сезе башташат. Бул өзүн төмөн баалоого, тынчсызданууга жана акырында жалгыздыкка алып келет.

Социолог Эллисон Грэм да бул көрүнүштү “цифралык иллюзия” деп атап, мындай дейт:

“Онлайндагы байланыш чыныгы мамиленин ордун баса албайт. Биз виртуалдык мейкиндикте канчалык байланыш түзбөйлү, эгер ошол байланыштар чыныгы жакындыкты жаратпаса, адам өзүн баары бир жалгыз сезе берет”.

Социалдык тармактарда ар түрдүү адамдар менен байланыш түзүлгөнү жакшы. Бирок чыныгы, жүрөккө жакын баарлашуу көбүнчө жүзмө-жүз, терең маек учурунда гана жаралат.

Сурамжылоо: Жаштар эмне дейт?

Социалдык тармактар – бүгүнкү жаштардын күнүмдүк жашоосунун чоң бөлүгү. Бирок экран алдында өткөн бул сааттар аларга чындап эле байланыш тартуулап жатабы? Биз 15-30 жаш курагындагы 40 улан-кыздан сурамжылоо жүргүздүк. Сурамжылоонун жыйынтыгы – бүгүнкү жаш муундун көкүрөгүндө кайсы суроолор катылганын, кандай сезимдер өкүм сүрүп жатканын ачып берди деп ойлойбуз.

Соцтармактарда канча убакыт өткөрөсүз?

– Күнүнө 3-5 саат (47 пайызы)

– Андан да көп убакыт (28 пайызы)

– 3 саатка чейин (25 пайызы).

Бул алардын бош убактысынын көп бөлүгү экранда өтөрүн көрсөтөт.

Соцтармакта кандай сезимдерди көп байкайсыз?

Жооптордун көбү ойлондурбай койбойт.

– Тынчсыздануу, кайгы, жалгыздык... Кээде менде гана жашоо оор болуп жаткандай сезилет.

– Кубаныч болбойт деп айта албайм, бирок ал сезимдер убактылуу.

Башкалар менен өзүңүздү салыштырасызбы?

– 15 киши: “Кээде салыштырам”.

– 11 киши: “Дайыма салыштырам. Айрыкча жетишкендиктерди көрсөм, өзүмдү ийгиликсиз сезем”.

– 14 киши: “Салыштырбайм, көңүл бурбайм”. 

“Баары бактылуу, ийгиликтүү, мен гана эч нерсеге жетпедим” деген ой келгенби?

– “Кээде ушундай сезилет. Башкалар турмушка чыгып жатат, ийгиликтерге жетишүүдө. Мен болсо бир эле жерде токтоп калгансып...”

Сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбү жогорудагыдай ойго кээде кабыларын билдиришти.

Жалгыздыкты канчалык көп сезесиз?

– 21 киши: “Кээде өзүмдү абдан жалгыз сезем”.

– 5 киши: “Ар дайым эле жалгыздык коштоп жүрөт”.

Кээ бирлери өз оюн ачык айтышты:

“Сени түшүнгөн, чындап уккусу келген адам жоктой. Эмне десең да, кайдыгер карашат”.

“Кээде сүйлөшкүм келет, бирок кооптонуп турам. Жаңы дос табам, эми көнүп баштаганда кайра жалгыз калам деген коркуу бар”.

“Баары өзүмчүл болуп кетти. Соцтармактар буга көмөкчү. Ар ким өз дүйнөсүндө жалгыз”. 

Соцтармак жалгыздыкты күчөтөбү?

 – 15 киши: “Ооба, күчөтөт”.

Калгандары да бул таасирди жарым-жартылай моюнга алышкан.

“Соцтармактар байланыш эмес, көрүү, суктануу үчүн экен. Баарынын жашоосу идеалдуу көрүнөт. Аларды карап отуруп өзүңдү жаман сезип кетесиң”.

Дагы биз маек курган 3 студент төмөнкү ойлорун билдирди:

“Тарыхчаларымдагы (сторрис) жылмайган кыз чыныгы мен эмес. Көп учурда өзүм менен өзүм сүйлөшөм, чыныгы достукту сагынам”,– Элина, 20 жашта.

“500 адам менин постумду көрөт, бирок эч ким менден “жакшысыңбы?” деп ал-жайымды сурабайт”, – Бектур, 22 жашта.

“Тикток көңүлүмдү көтөрөт, бирок көңүлдүн боштугун толтурбайт”,– Амина, 19 жашта.

Бул ойлор, балким, жаштардын ички дүйнөсүндөгү реалдуу абалдын күзгүсү. 

Дүйнөлүк деңгээлдеги коңгуроо

Заманбап дүйнөдө социалдык тармактар “жакындатуучу курал” катары көрсөтүлгөнү менен, бир катар эл аралык изилдөөлөр башкача чындыкты көрсөтүүдө.

Cigna (АКШ, 2021): Z мууну (1997-2012-жылы төрөлгөндөр) эң жалгыз муун. Алардын 61 пайызы “өзүн дайыма жалгыз сезет” деп жооп берген.

Youth Index (Улуу Британия, 2023): 16-25 жаштагылардын 25 пайызы “өзүн дайыма жалгыз сезет” деп билдирген.

– Социалдык тармактардагы идеалдуу жашоо сүрөттөрү – бул жаштарды өзүнө нааразы болууга, социалдык салыштырууга түртөт.

Кыргызстанда да абал өзгөрүп баратат

Кыргызстанда бул маселе али терең изилдене элек болгону менен, шаар жаштары арасында обочолонуу, өзүн түшүнгөн адамдын жетишсиздиги, социалдык чөйрөдөгү жасалмалуулук көп байкалат. Айрыкча студенттик чөйрөдө бул көрүнүш курч.

Чыгуу жолу барбы?

Психологдор жалгыздык сезиминен арылуу үчүн бир нече пайдалуу кеңештерди беришет. Алардын айтымында, бул абалдан чыгуу үчүн эң алгачкы кадам – чыныгы байланыштарды калыбына келтирүү:

 Жакын адамдар менен сапаттуу баарлашууга умтулуу: терең маек, бетме-бет жолугушуулар жалгыздыкты жеңилдетет.

 Өзүн ар кандай чөйрөдө сынап көрүү: хоббилер, коомдук иштер же ыктыярчылык аркылуу жаңы адамдар менен таанышуу жана коомго аралашуу.

 Санарип “диета”: социалдык тармактарга күнүнө 1-2 сааттан ашык убакыт коротпоо сунушталат. Бул реалдуу жашоого көңүл бурууга көмөктөшөт.

 Өзүн түшүнүүгө жана кабыл алууга үйрөнүү: интернеттеги жасалма идеалдарга эмес, реалдуу жашоодогу максаттарга таянып жашоо маанилүү.

Мындан тышкары психологдор жаштардын жалгыздыгын жеңүүдө ата-энелер менен мугалимдердин ролу чоң экенин белгилешет. Алар жаштардын сезимдерин угууга, түшүнүүгө жана колдоого даяр болушу керек. Себеби көңүл буруу жана боорукер мамиле көп учурда эң чоң дем-күчкө айланат. 

Жыйынтыктап айтсак...

Социалдык тармактар жаштардын күнүмдүк жашоосунун борборуна айланды. Бирок мындай байланыш формасы эмоционалдык жактан терең байланыштын ордун баса албайт. Жаштарга жөн гана байланыш эмес, угуп, түшүнүп, кабыл алган чөйрө керек. Жалгыздык – көп учурда айтылбаган, бирок акырындык менен күчөп бараткан көйгөй. Аны байкоо, түшүнүү жана өз убагында көңүл буруу – бул ар бирибиздин, бүтүндөй коомдун жоопкерчилиги.

 

Адина Муктар

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1171, 23-29-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан