Ырлары эл оозунда болгону менен, “Кеңеш” тобу өзү көптөн бери сахнадан көрүнбөй калган эле. Жубайлар жана топтун мүчөлөрү Мүзүр мырза менен Гүлмира айым мунун себебин айтып беришти.
– Кандайсыздар? Акыркы мезгилде эл көзүнөн алыстап кеткендейсиздер...
Мүзүр: – Жакшы. Ооба, көптөн бери интервью берип эл алдына чыга элекпиз. Себеби – баягы эле тиричилик. Жубайым Гүлмира өзүнүн бизнеси менен жүгүрүп жүрөт. А мен үйдө отуруп обон жазуу менен убарамын. Андан тышкары тойлор, иштер бар дегендей. Ачыгын айтканда, чыгармачылык эмес, тойлор менен көбүрөөк алек болуп калдык.
Гүлмира: – Бул көрүнүш бизде эле эмес го дейм. Анткени азыр шоу-бизнес өкүлдөрүнүн баары эле той менен алек болуп, ошол жактан нан таап жеп калбадыбы.
– Жакында концерт бергени турупсуздар, чыгармачылыкта жүргөнүңүздөргө канча убакыт болду?
Мүзүр: – Топ катары түзүлгөнүбүзгө 20 жылдан ашты. 10 жылдан бери жеке концертибизди бере элек экенбиз. “Беш тапан” куудулдар театры менен чогуу концерт бергенбиз, акыркы концертибиз ошол болгон. Андан кийин чыгармачылыктан бир аз алыстай түшкөндөй болдук. Ошентсе да жыл сайын ыр жаздырып, клип тарттырып, айтор, күйөрмандарыбызды сагындырган жокпуз. Бирок кайда барбайын, тойго барамбы, иштер менен жүрөмбү, алдымдан чыккандын көбү “силер концерт берсеңер жакшы болот эле” дешет. Ушул сөздү көп уккандыктан шыктанып, быйыл жеке концерт берүүнү чечтик.
Гүлмира: – Быйыл февралда концерт берели деп максат кылганбыз. Бирок ал учурда концерт коё турган жайлар бош болбой калды. Ушул айга насип болуптур. Быйыл чыгармачылыгына 20 жыл болгон ырчылар көп болуп кетиптир. Ошондуктан концерттин аталышын 20 жылга байланыштырбай эле, “Сен барсыңбы?” деп койдук. Эмдиги жылы чыгармачылыктын 20 жылдыгына арнап концерт берели деп жатабыз.
– Көп жылдарга дуэт катары сакталып калуу чоң иш эмеспи. Мүчөлөрү жубайлар болгон үчүн да топтун өмүрү узун болду болуш керек?
Мүзүр: – Биз жаңы чыгып түптөлүп жаткан кезде Алим Токторов деген продюсер агабыз айткан эле: “Чыксаңар ар кимди туурабай, өз стилиңер, өз чыгармачылыгыңар менен чыккыла. Ар кимди туурай берсеңер элди тажатып жибересиңер” деп. Ошентип “Кеңеш” тобун түзүп, ырдап калдык. Дуэт чыгармаларды аткаруу менен чыгалы деген идеябыз ишке ашты. Сиз айткандай, көп эле дуэттер “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” болуп тарап кетишүүдө. Муну биздин шоу-бизнесте көп эле көрдүк. Шүгүр, биздики азыркыга чейин сакталып келе жатат. Эл көзүнө чыгып таанылып калган соң сактап калуу да чоң жоопкерчилик деп билем. Топту сактап калууга эмес, өнүктүрүүгө аракет кылабыз.
– Үй-бүлөдө абал кандай? Казан-аяк жаш кездегидей катуураак кагышпай калды болуш керек?
Гүлмира: – Ар бир эле үй-бүлөдө андай нерселер болуп турат эмеспи. Биз жашообуздагы терс көрүнүштөргө реакция кылбай, сабыр кылып жеңип кетүүгө аракет кылабыз. “Бирөөң тентек болсоң, бириң жөнтөк бол” деген кеп бар эмеспи кыргызда. Мүзүр тентектенип калса, мен токтоп, мен баштап калсам, бул теске салып турат. Жаш кезде түшүнбөстүктөр көбүрөөк болсо керек эле, азыр эми токтолуп калгандыктан бири-бирибизди көз караштан эле түшүнгөн куракка жеттик го дейм. “Казан-аяк кагыша берсин, биз кагышпайлы” деп тамашалап калабыз.
– Ким биринчи “ак желекти” көтөрүп элдешүүгө кадам таштайт?
Мүзүр: – Мага караганда Гүлмира ийкемдүү. Эки эле мүнөт таарынат, анан жазылып кетет. Мен болсо эки-үч күн кабак-кашым ачылбай жүрүп, анан жазылам. Кекчилдигим бар, ушул сапатым өзүмө жакпайт.
– Ырчылык жол сиздерге эмне берип, эмне алды? Кандай курмандыктарга бардыңыздар чыгармачылык үчүн?
Мүзүр: – Менимче, чыгармачылык кыялыбызга жетүүгө жардам берди. Элге аздыр-көптүр таанылдык, тилектерибиз орундалды. Курмандык кылган нерсебиз деле көп болду. Чыгармачылыкка келүү, атыбызды түптөө, сактап калуу оңой болгон жок. Топту таанытыш үчүн он жылдай катуу аракет кылдым. Канчалаган уйкусуз түндөр өттү, мээнет, убакыт кетти. Күнү-түнү ямахада отуруп обон жазчумун. Ал кезде Гүлмира Казакстанда иштечү, топту каржылап турду. Кээде вокзалдарда уктап калганын айтып калат. Ушунун өзү чоң курмандык да. Аягы жаман болгон жок, азыр ошол мээнеттин жемишин жеп жаткан учурубуз.
– Балдарыңар чоңоюп калышса керек, сиздердин жолду жолдойбуз дегендери барбы?
Гүлмира: – Ооба, чоңоюп калышты. Улуу балабыз быйыл 18 жашка чыгат. Кичине кезинде “ырдайм” дечү, бирок чоңойгондо мага кошулуп бизнести аркалап кетти. Кызыбыз 6-класста окуйт, окуусун бүткөндө ал дагы бизнес жакты көздөйт окшойт деп ойлойм. Экөө тең жакшы ырдашат, бирок шоу-бизнеске ыктап, кызыгып кетчүдөй эмес. Эми чоңойгондо дагы өзгөрүшөт эмеспи, ким билет?..
– Гүлмира айым, ырчылык менен бизнести чогуу алып кетүү кыйын эмеспи?
Гүлмира: – Жок, кыйын деле эмес. Эки жумушумдан тең ырахат алган жанмын. Базарда башка Гүлмирамын, кечинде тойго барып ырдаганда башка Гүлмирамын. Кудай адамга кеминде 5 талант берет, ошонун бир-экөөсүн эле ойготуп ишке киргизип алсак, баары өз нугунда кете берет деп уккан элем. Ырчылык менин бир талантым болсо, бизнес жүргүзүү экинчи талантым. Адамда шык болбосо бир нерсе сата албайт. Ошондуктан эки тарапты тең алып кеттим.
– Мүзүр мырза, өзүңүз иштеген тармакка жаңылык киргизгиңиз келеби?
Мүзүр: – Көп эле жаңылык киргизгим келет, негизи. Акыркы мезгилде бир чечимге келдим: биздин артыбызда бизди топко окшогон дагы бир топ калышы керек окшойт. Андай топ бар, азыр Москвада иштеп жатат, бири “Назар”, экинчиси “Арна” деген аталышта. Алар Кыргызстанга келип шоу-бизнеске толук киришсек деп турушат. Ошолорду бизге алып келип чыгарсамбы деген ниетим бар.
– Шоу-бизнесте сиздерди дагы деле таң калдырган нерсе барбы?
Мүзүр: – 20 жылдан бери шоу-бизнесте жүрөбүз. Мени дагы деле таң калдырганы – плагиат ырдагандар. Башка эле бирөөлөрдүн ырларын көчүрүп алып ырдап салгандарга таң калып бүтпөйм. Ал башка жактарда хит болгон ыр да, кыргызчага которуп ырдаса деле хит болот. Анан ошол плагиат ыры менен элге таанылган ырчылар, куду 30-40 жыл мээнет кылган, чыгармачылыктын азап-тозогунан өткөн адамдардай болуп маек беришет. Анысы аз келгенсип, элди үстүртөн карап, чоң сүйлөшсө “кокуй” дейм. Тилекке каршы, азыр андайлар абдан көбөйүп кетишти.
– Бар болуңуздар! Концертиңиздерди жакшы өткөрүп алыңыздар.
Нуржамал Жийдебаева