Кой
(21.03–20.04)
“Баарын Кудай берет” деп шыпты карап жата берген болбойт. Чоң максатка жетем десеңиз, аракет кылыңыз, кыймылдаңыз. Энергияңыз жумуш багытында жаралган маселелерди чечкенге жетет, бирок аптанын аягында майда нерсеге да кыжырданып калганыңыздан улам чарчаганыңызды сезесиз. Аптанын аягында кыска аралыкка сапарга чыгууңуз мүмкүн. Таарынышып жүргөн жакыныңыз менен элдешип, андан конокко чакыруу алышыңыз күтүлөт.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Өзүңүздү аябай башкалардын көңүлүн карап чарпылганыңыз жемишин бербей турганын унутпаңыз. Алдыга өз ыңгайды коё билген пайдалуу нерсе. Жеке жашоодо түгөйүңүз менен пикир келишпестик чыкса, дароо чечкенге аракет кылыңыз, болбосо чырдын түйүнү Чубактын чуусундай созулуп кетет. Жумушта “комфорт зонадан” чыгууга туура келет, белгисиздиктен коркпоңуз, жаңычылдык сизге жаңы дем берет. Дем алышта үй-бүлөңүз менен тынч, пайдалуу убакыт өткөрөсүз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Жетекчилик коопсуз, туруктуу жумуш же болбосо карьералык өнүгүүгө алып келиши мүмкүн болгон тобокелчиликтүү иш сунуштайт. Экинчи вариантты тандаңыз, жаңылбайсыз. Бойдоктор эски таанышы менен жолугуп, ортодо “флирт” учкундары жаралышы ыктымал. Мына чалам, ана чалам деп жүргөн адамдарга чыгынып байланышасыз. Дем алышты достор менен пландаган туура, табият коюнуна чыгып эс алып, көңүл ачып келсеңиз энергияңыз толукталат.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Насыя алам деп тургандар баш тартканы оң, алганда жакшы, бере келгенде азыркыдан да кыйналышыңыз мүмкүн. Башка жол издеңиз. Жумушта чынчыл, адилеттүү сапатыңыз жардамга келет. Жаңы долбоорлор боюнча келишим түзүү процессин аптанын экинчи жарымына жылдырган ыңгайлуу болот. Жаңы өнөктөштөр менен мамиле достукка айланышы ыктымал. Жеке жашоодогу маселелерди эч ким менен, керекпи, достор менен да бөлүшпөңүз, зыян тартып каласыз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Туура адамдар менен мамиле түзө билсеңиз, ишиңиз илгерилейт. Билим, окуу жаатында жүргөндөр аптанын башында кыйналышы мүмкүн, бирок маселе бат эле чечилет. Күтүүсүз шаан-шөкөттүү кечеге катышып, “душа компании” статусуна ээ болосуз. Аптаптуу жайга, көлгө даярдыкты баштаңыз, эртең менен басып, чуркап, спорт залга же йогага, бийге баруу керек. Капчыкка акча түшүп кубанасыз, бат эле бүтүп калбасын десеңиз, ашыкча соода кылуудан абайлаңыз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Аптанын башында улуу муундагы туугандардын тапшырмасы менен жүрөсүз. Жумушта жетекчилик сизге көңүл бурат, андыктан бардык талантыңызды көрсөткөнгө аракет кылыңыз. Текебердик көрсөтүп досуңузду таарынтып алышыңыз мүмкүн. Маселе жаралбасын десеңиз, документ иштерине, юридикалык суроолорго так болуңуз. Кан басымы жогорулар кыйналышы мүмкүн, ысыкта үйдө болуу сунушталат. Дем алышты тынч жайда, жалгыздыкта өткөрсөңүз, ойлоруңузду иреттеп аласыз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Атаандаштардын жүрүм-турумунун мотивдерин тапканга аракет кылыңыз, бул алардын кийинки кадамдарын алдын ала билгенге жардам берет. Пайдасы жок деп “достук” тизмеден чийип салган адамга кийин ишиңиз түшүп калышы мүмкүн. Түгөйүңүздүн романтикалык сезимдерин ойготуу үчүн сюрприз жасасаңыз болот. Чыңалган нервдерди жазуу үчүн кулинардык же башка ийримдерге жазылганыңыз оң. Жакындарыңыздын кеңешине кулак салыңыз, алар сиздин асманда жүргөн эгоңузду ылдыйлатууга жардам беришет.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Аптада эң жакын деп санаган адамдар менен бирге убакыт өткөргөндөн ырахат аласыз. Андыктан конокко, киного, пикникке же башка жерге чакыруу алсаңыз, ойлонбостон макул болуңуз. Кимдир бирөө сизге күтүүсүз белек бериши мүмкүн. Акча сарптоодо абайлаңыз, керексиз нерсе сатып алуунун ордуна ашыкчасын сактап койсоңуз, кереги тиет. Жумушуңуз бир калыпка түшөт. Дем алышта үйдө отурбаңыз, антпесе негативдүү ойлорго жетеленип маанайыңыз түшүп депрессия болосуз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Башы бош жаачыларга жеке жашоосунда ийгилик кушу жылмаят, романтикалык мамиле жаралышы күтүлөт. Өзүңүздү өнүктүрүүгө, жаңы нерсе үйрөнүүгө, өзгөрүүгө ыңгайлуу апта. Жумушта күчүңүздү ашыкча баалап, бардык жүктү моюнга алуу туура эмес. Алдыга коюлган тапшырманы бөлүп, кыйналып калбагыдай деңгээлде иштеңиз, жумуш качпайт. Күмөндүү иштерге аралаштыргысы келгендер чыгат, акчага байланыштуу иштерден алыс болуңуз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Калыпка салынган иш схемасын өзгөртүүнү каалабагандык жаңы бийиктикке жетүүгө тоскоол болорун эстен чыгарбаңыз. Апта катуу тартипти талап кылат – ансыз сиз үйүлгөн милдеттерди аткарып жетишпей каласыз. Техника же транспорт менен көйгөйлөр болушу ыктымал, алдын ала бузулушу мүмкүн болгон нерселердин бардыгын текшерген туура. Сүйүүдө абал турукташат, ортодо колдоо жана түшүнүү сезими пайда болот. Жакындардын жакшылыгына күбө болуп кубанасыз.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Айланаңыздагылар сизден демилге күтүшөт, андыктан байкоочунун ролунан чыгууга туура келет. Креативдүү идеяларды ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу учур. Сүйүү мамилесинде сиздин назиктигиңизге, камкордугуңузга, мээримиңизге өнөктөшүңүз азыр өзгөчө муктаж болуп турат. Жумушту үйгө алып келбеңиз. Дем алышта жумушка байланыштуу маселени чечүүдөн көрө, үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүп, аларга көңүл буруп, өзүңүз да эс алганга аракет кылганыңыз пайдалуу.
Балык
(20.02–20.03)
Аптада маанайыңыз жазгы аба ырайындай өзгөрүлүп турушу мүмкүн, бирок эргүү сезими дайыма чогуу болот. Көптөн бери чогултуп жүргөн чыгармачылык идеяларыңыз ишке ашууга даяр. Жумуш процессинде бир силкинип, жаңы-эски ыкмаларды карап чыгуу керектелет. Жеке жашоодо сиздин сезимдер менен ойногон, бирде пайда болуп, кайра жоголуп турган адам менен мамилеге чекит койгон оң. Сиз андан жакшысына татыктуусуз. Эс алуу күндөрү үй-чарба иштери менен алек болосуз.