Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Асман ачык, күн жаркырап тийип турду. Асема бул нерселерди байкаган жок. Жалгыз бой аялдар жашоо менен күрөшүү үчүн кандай бел байласа, кантип жанталашса, дал ошондой нерсе Асемада да бар. Эки-үч жерде иштечү. Андан тышкары окуганга жетишчү. Азыр балдарын бала бакчага таштап, шашкалактап машинесине отуруп жөнөп жаткан. Гүл көтөрүп келе жаткан бир адамды көрдү, маани берген жок. Машинесин от алдырып, эми жүрөйүн дегенде гана гүл көтөрүп маңдайында турган Али Акай экенин байкады. Көздөрү бакырая түштү. Акыркы убактарда алар жакын болуп кетишкен. Бирок аял-эркек мамилеси тууралуу бир да жолу ортолорунда сөз болгон эмес. Далдыраган боюнча тиктеп калды. Ал эми Али Акай турат, жадырап жылмайып алган... Кучагында гүл...

– Салам!- деди машинесинин терезесинен Али. “Жерге түш” дегендей ишарат кылдыбы же Асемага ошондой сезилип кеттиби, эмне дээрин билбей машинеден түштү.

– Салам... – деди мукактана.

– Сага келдим...

– Магабы?

– Гүлдөр сага...

Бир кучак гүлдү алды, дагы деле оозуна сөз келбей жатты.

– Отуруп сүйлөшөлүбү?

Жакын жердеги бир чакан кафеге барып отурушту. Маңдай-тескей отурганда Али Акай сөз баштады.

– Асема, сен мени билесиң. Менин жолумду, тагдырымды, жакшылыгымды, жамандыгымды, алсыздыгымды, баарын сен билесиң. Таанышканыбызга аз эле убакыт болду, бирок сен мен тууралуу баарын билгендей сезилесиң. Чынбы?

Ал баш ийкеди.

– Мен дагы сени билем. Кайсы жерден тагдыр сага бычак ыргытканын, сенин күрөшүңдү, ичиңдеги каршылыктарды, өжөрлүгүңдү билем. Кандай болсоң ошондой кабыл алам. Сени жакшы көрөм. Кээде сенсиз дем ала албай калчудай сезем өзүмдү. Сени менен отурганымда дагы да болсо бактылуу болууга акым бардай сезилет. Мындан аркы өмүрүбүздү чогуу өткөрөлү, менин жарым болууга макулсуңбу?

Асема ыйлап жиберди. Анткени үмүт кылгандан да коркуп, бирок сүйүүсү жүрөгүнө батпай, аны өзү да кабыл албай жүргөн. Бул такыр мүмкүн эместей сезилген. Али Акай колун сурайт деп үч уктаса түшүнө кирген эмес.

– Эмнеге ыйлап жатасың? – деди Али акырын гана.

– Бакыт жанымда турганына ыйлап жатам. Сиздин жаныңызда болуу бакыт мен үчүн. Сизди алыстан болобу, жакындан болобу, сүйүү бакыт. Көкүрөгүмдүн түпкүрүндө жашынган бакыт сыртка чыгып кеткенине бир коркуп, бир толкунданып, бир бактылуу болуп ыйлап жатам.

– Демек, сен дагы...

Асема анын колдорун бекем кыса жаштуу көздөрү менен тике карады.

– Ооба, мен сизди бир көргөндө ашык болдум. Чынын айтсам, андан да мурун болсо керек. Блог алып барып жатканыңызда, сиздин кайгыңыз менин кайгым болуп, сиздин үмүтүңүз менин үмүтүмдөй сезилчү. Көрсө, ошондо эле сүйгөн экем. Анан сизди жакындан көрдүм, жан дүйнөңүздү тааныдым. Чыныгы жашоодо мен ойлогондон да жакшы адам экениңизди билдим. Жардам бердиңиз, эң жакын адамыңызга жардам бергендей, бир тууган карындашыңыздай кам көрдүңүз, коргодуңуз. Бирок бир жолу болсо да сезимиңиз тууралуу сыр билдирген жоксуз. Мен “мага сиздин бар болгонуңуз жетет” дедим. Шүгүр кылдым. Эми сиз...

– Асема, чырагым менин! Башында эле мага сенин сезимдериң бар экенин мен кайдан билдим? Ортобуздагы жаш айырма, менин балдарымдын маселеси... Сен тууралуу үмүт кылганга акым бар беле?

– Бүгүн келдиңиз, сизге жар болушумду сунуштап жатасыз. Албетте, макулмун! Сиз жашоодон коркпосоңуз, мен да коркпойм, сиз күрөшсөңүз жаныңызда болом, сиз бар болсоңуз, мен да бармын. Барчылыкта, жокчулукта, кайгыда, кубанычта, бул дүйнөдө, тиги дүйнөдө... Бардык жерде сиз менен бирге болууга макулмун!

Али Акай башын чайкай берди. Дүйнө чарк айланып, аалам кооз көрүнүп, бакыт колунда тургандай башы айланды. Жоголгон балдары табылды, жанында! Жашоодогу эң акылдуу деген айым ага ашык, мындан ашкан бакыт болобу? Кечээ эле жалгыздыкта бүрүшкөн, тагдырына өчөгүшө буюккан, жанын тиштеп акыркы үмүтү үчүн күрөшкөн Али Акай бүгүн бактылуу.

Жашоонун көркөмдүгүн, дүйнөнүн кеңдигин айт. Ырдагысы келди, бакыттан башы айланган адам эмне жиндиликтерди кылса дал ошонун баарын кылгысы келди. Шарт Асеманы колдон алды да машинесине отургузуп жөнөй берди. Алдыда жол... Жаркын, жарык таптаза жол жатты.

 

 ххх

– Апа, биз каникул сайын барып турабыз.

– Дарыларыңызды унутпаңыз, апа.

Бермет эки баласы айланчыктап жанында жүргөнүнө ыраазы. Ал бүгүн айылга, өз конушуна кетип жаткан. Шаарга эч көнө албай койду. Али Акайдын жардамы менен бутуна эң кымбат операция жасалып, өз буту менен басканга жарап калган. Азырынча таяк менен басат, бирок жарым жылда таяксыз чуркап кетерин врачтар айтышты. Эми айылга кетем десе, бул эки бала айланчыктап узатып жатышкан кербези.

– Балдарым, келгиле, жаныма отургулачы.

Экөөнү эки жагына алды. Көздөрүнө тике карады.

– Козуларым, силер чоңоюп калдыңар, баарына акылыңар жетет. Биз оор жолду басып өттүк, чынбы? Бирок бири-бирибизге карата таптаза мамилебизди сактап калдык. Мени кечирдиңер, чындыкты айткан жоксуң деп бир да жолу мени капа кылган жоксуңар. Бирок мен бүгүн силерден кечирим сурагым келет. Кечиргиле мени...

– Апа, ал тууралуу сүйлөшпөй эле коёлучу... – деди Ариет аны аяп.

– Ичиңерде мага сурооңор калып калышын каалабайм, балам. Мен туура эмес кылдым. Өзүмчүлдүк кылдым, силерди ата-энеңер ким экенин билсем да, алар издеп жатканын билсем да, айта албадым. Анткени жанымдан артык жакшы көрдүм силерди. Мен ата-энеңерге ыраазымын. Кек сактабай, кайра мага жардам беришти. Силер мыкты ата-эненин балдарысыңар, силер да мыкты болосуңар. Кең пейил, акылдуу, адилеттүү, боорукер болосуңар. Мен дайым силердин апаңар боюнча калам. Болгону айылда дагы бир үйүңөр, апаңар болот. Силер мага эч сарсанаа болбогула. Канат жайып учкула, окугула, жакшы адам болгула. Макулбу?

– Макул, – деди Ариет.

– Сизди сагынабыз, апа, дайыма видео байланышка чыгып туруңуз. Кийинки айда өзүм барып сизди борборго алып келем, – деди Айсулуу.

– Рахмат силерге...

Бермет балдарын алмак-салмак өөп коштошту.

ххх

Элес кичинекей кызы Айсулуу менен учакка отурду. Ал жаңы жашоо баштоого бет алды. Ал үчүн тагдырдын өйдө-төмөн оюндары бүткөндөй жүрөгү бейпил эле. Болгону кайсы бир учурда кыялы болгон окууну аягына чыгып, бутуна турган аял болуу үчүн бет алды. Өкүнүч, ыза, кайгы баары артта калды.

 ххх

Али Акай чарбагында чакан стол даярдап жатты. Өз колу менен тамак даярдоону жакшы көрөт. Балдары, жары Асема менен чогуу жаркырап отуруп тамактанууну ырахат деп билет. Бүгүн өзгөчө коногу бар. Дарбаза такылдады. Алдында турган атасын көрдү.

– Ассалом алейкум, ата.

– Алейкум, үйүңө чакырганыңа караганда ортобуздагы таарыныч бүттү окшойт?

– Бүттү ата, менин дүйнөмө, үйүмө, үй-бүлөмө кош келдиң. Сени сагындым, ата!

(Аягы)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1171, 23-29-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан