Орусияга кирүүнүн жаңы эрежелери даярдалууда. 2025-жылдын 30-июнунан тарта Орусияга бара турган чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар дагы мобилдик тиркеме аркылуу онлайн арыз тапшыруусу зарыл. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Арыз өлкөгө кирүүгө 72 саат калганда берилиши керек, ал эми шашылыш жагдайларда (тез арада дарылануу, жакындарынын каза болушу) 4 саат калганда тапшырууга мүмкүн, бирок тиешелүү документтер керек болот.
Маалыматка ылайык, учурда арыздарды кабыл ала турган “RuID” тиркемеси даярдалып жатат, ал аркылуу санариптик профиль түзүлүп, келечекте мамлекеттик кызматтарга электрондук жол менен кайрылууга шарт түзүлөт дейт министрлик.
Токтоло кетсек, 2024-жылы Орусияда расмий катталган кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны 379 949 адамды түзгөн. Адистердин айтымында, мигранттардын санынын азайышына экономикалык кырдаал, жумуш орундарынын кыскарышы, миграциялык эрежелердин күчөгөнү жана геосаясий кырдаал таасир этүүдө.