Күн ысыкта оор жүк ташуучу унаалардын кыймылы чектелет

19-майдан тарта салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын күн ысыкта жолдо жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, бул чектөө 1-сентябрга чейин күчүндө болот. Оор жүк ташыган унаалар абанын температурасы 28 градустан жогору болгондо, саат 10:00дөн 20:00гө чейин жолдо жүрбөөгө тийиш. Мындай чектөө жолдордун сапатын сактоо үчүн коюлганын, бул жол кырсыктарын азайтууга да өбөлгө болот деп билдирет министрлик. 

“Мындай эрежелер жолдордун туруктуулугун камсыздап, коопсуздукту жогорулатууга багытталат. Бул кадам өлкөдө оор жүк ташуунун шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, чектөөнүн төмөнкүлөргө тиешеси жок: жүргүнчү ташыган, гуманитардык жардам жана тез бузулуучу азыктарды, атайын уруксат берилген ири көлөмдүү жүктөрдү ташыган автоунааларга.

Айдоочулардын айтымында, мындай чектөө жумуш графигин бир аз кыйындатат, бирок жолдордун сапатын узакка сактоо үчүн маанилүү.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1171, 23-29-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан