Ички иштер министрлиги жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочуларды кайра экзаменге жиберүүнүн тартибин иштеп чыгып, тийиштүү мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду.
Айдоочулар төмөнкү жол эрежелерин бузган учурда МАИ кызматкери тарабынан токтотулуп, ага суроолор берилет:
• тыюу салынган же бузук унааны айдоо;
• номерин жашыруу же жоктугу;
• унааны токтотуу талабына баш ийбөө;
• ылдамдыкты ашыруу;
• жол чырактын кызыл жарыгынан өтүү;
• тротуар менен айдоо;
• каршы тилкеге чыгуу;
• автоээнбаштык;
• эрежелерди бузуу менен мүлккө же адамдарга зыян келтирүү;
• мас абалында унаа айдоо;
• уруксаты жок жабдууларды орнотуу, кооптуу жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу.
Эгер айдоочу жооп бере албаса, айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынып, кайра экзаменге жиберилет. Эгер эреже бузуулар камера аркылуу катталса, анда рулда ким экени далилденсе гана кайрадан экзаменге жөнөтүлөт. “Бул чаралар жол коопсуздугун жогорулатып, авариялардын алдын алуу максатында кабыл алынууда” деп билдирет ИИМ.