Кыргызстанда Кылмыш-жаза кодексине кезектеги өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы 20 жылдык мөөнөткө алмаштырылат, эгер сот тарабынан эскирүүнү колдонуу мүмкүндүгү табылбаса. Ошондой эле баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо жана сатууга байланышкан кылмыш иштеринде эскирүү мөөнөтү дегенди колдонууга тыюу салынды.
Мындан тышкары аталган кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу укугу берилбейт. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам коррупциялык жана баңгизаттык кылмыштарга каршы жоопкерчиликти күчөтүп, бул багыттагы кылмыштарды азайтууга багытталган.
Сөз болуп жаткан мыйзамды Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 10-апрелинде кабыл алган. Президент тарабынан кол коюлганы 20-майда жарыяланып, мыйзам күчүнө кирди.