Эр канаты, эл сыймыгы болгон күлүктөр – Шумкар, Жылдыз

“Эр канаты – күлүк ат” дегендей, бүгүнкү аргымактарыбызды сөз кылып жатканда саяпкерлер көзү жанып, абдан берилүү, сыймыктануу менен сүйлөп беришти. Чапса күлүк, сатса пул болгон аргымактарыбыз Шумкар менен Жылдыз 2024-жылдын мыктылары аталышкан. Баяныбызды саяпкерлер уласын…

Аргымак федерациясынын 2024-жылдагы жыйынтыгы боюнча:

• Жылдын мыкты тайлары – Шумкар, Байтерек

• Жылдын мыкты кунаны – Карлыгач

• Жылдын мыкты аламан күлүктөрү – Карагер, Каракыз, Тачанка

• Жылдын мыкты жоргосу – Чиксон Лок

СЫЗЫП УЧКАН ШУМКАР

Теги

Таалай Мааткулов, Шумкардын ээси:

– Шумкардын атына жараша заты бар, сызып чуркай алган жаныбар. Тору ат, ай туяк, маңдайында кичинерээк кашкасы бар.

Шумкардын энеси Хит деген бээ, атасы Касемсот деген айгыр. Хиттин энеси Горда да асыл тукум аргымак. Горданы Ысык-Көлдөгү жылкы сарайынан 2013-жылы сатып алып, 2014-жылы Холдинг деген айгырга каратып алганбыз. Ошентип 2015-жылы Шумкардын энеси Хит туулган. Хит да убагында мыкты ийгиликтерди багындырган. Алардын бири 2020-жылы Ысык-Көлдө сезондун ачылышына карата уюштурулган чабышта Камчы Көлбаевдин Жекиш Батыркулов даярдаган аргымагы менен катуу жарышып, экөө тең марага чогуу келишти. Фотофиниш аркылуу жеңүүчү аныкталып, биз 2-орунду алганбыз. Шумкар азыр 2 жашта. 2023-жылы 1-мартта туулган. Буга чейин өзүм карап, таптап келгем. Быйыл Бекзат деген иниме өткөрүп бердим. Алдыда болуучу кунан чабыштарга даярдап жатат. 

Ийгиликтери

– 2024-жылкы ийгиликтерине токтолсом, алгач Аламүдүн районунун шеринесине тай чабышка салдык. Анда үчүнчү келсе, андан кийинки эле Нооруз майрамына карата уюштурулган ат чабыш оюндарында 1-орунду камсыздады. Кийинки беттешинде Кара-Балтадан да биринчи келди. Ал эми Курман айттагы Токмоктогу мааракеде кайра 3-келди. Казакстанга да барып, ийгилик жаратпай кайттык. Анда атыбыз эттүүрөөк болуп, токтоп калган. Ушундан кийин эле күзүндө Нарында кол туума (ред.: Кыргызстанда туулган жылкылар) жылкылардын чабышы болгон, анда да 1-болуп мара сызыгын кести. Алдыга озуп жараткан ийгиликтери ушулар. Эң чоң утуштарынын ичинен 280 миңдик баш байге бар. Калгандары да акчалай сыйлыктар. 

Мүнөзү

– Тынч, токтоо, анан аябай өжөр жылкы. Топ менен келип, акыркы айлампада болгон күчүн жумшайт, башкалардан калгысы келбейт. Өзүбүздүн жарышка салуу тактикабыз да ушундай, алдыга отургузбайбыз. Акыркы айлампаларда алдыга чыгарып баштайбыз. Бул мүнөзү менен, буюрса, алдыда да ийгиликтерди жарата алат деп ниет кылып турабыз.

Өзү да ат чабышты сезет. Жарышка 1-2 күн калганда, тер алганыбызда, машинага салганыбызда эле сезип, даярданып калат.

“Бул жылы эки жолу чабылып, экөөндө тең 1-келди”

Бекзат Джакбеков, Шумкардын саяпкери:

– Шумкар колума быйыл кунан кезинде келди. Бул жылы Нооруз турниринде кубок менен кошо өкмөт тарабынан коюлган
106 миң сомду жеңип алды. Андан кийин Ысык-Атанын шеринесинде да биринчи келип, 218 миң сомдук байге биздики болду.

Алдыда 24-майда Таласта 5-6 миллион сомдук байге коюлган ат чабыш болот. Кыргызстандын, Казакстандын мыктылары катышат деп күтүлүүдө. Буюрса, Шумкарды да алып барабыз.

МҮНӨЗҮ КАТУУ ЖЫЛДЫЗ

Теги

Манас Экенбаев, Жылдыздын саяпкери:

– Жылдыз үч жолу биринчи, экинчи жолу экинчи орунду камсыздоо менен 2024-жылы Чүй облусу боюнча жыл мыктыларын аныктоодо мыкты кунан болуп табылган. Быйыл 3 жашка чыкты, былтыр кунан чабышка салсак, быйыл аламан байгеге өттү. Аламан байгеге күздөн тартып сала баштайбыз. Кунан чабышта 12-16 чакырымга чейин чуркап келсе, быйыл 20 чакырымдан ары чуркашы керек. Тай кезинен тартып таптап баштадым.

Атасы Антони Вивалди деген Германиядан келген айгыр, энеси Датка аттуу англо-араб аргымагы. Ээси Айбек Абдыманапов. 

Ийгиликтери

– Былтыр биринчи жолу кунан чабышка салганыбызда 5-болуп келген. Көлдө турсезондун ачылышында 3-орун болсо, Саякбай Каралаевдин 140 жылдыгына карата уюштурулган ат чабышта 2-болуп келген. Нарында “Алтын тай” деген чемпиондукта кунан чабышта биринчини камсыздадык. Кийинки чабыштарында да биринчи болуп келип жатты. Баш-аягы жыл ичи 6 жолу чабылды. Бара-бара сырын билип жатып, чапкан сайын жаныбарым табына келе берди. Алгач эти оорураак чапкан экенбиз, кийинкилерин тамагын оңдоп, этин жукартып анан чаптык.

Былтыркы жылдагы жарыштарынын ичинен Кара-Балтада чуркаганы эсибизде калды. Анда акыркы 10 метр аралык калганда чет өлкөдөн келген фаворит аталып жаткан жылкыны басып өткөн.

Байгелерибиздин баары акчалай болду. Негизинен, байгени ээси алып, 30 пайызын саяпкерге, 10 пайызын чабандеске бөлүп берет. 

Мүнөзү

– Жылдыз өтө аракетчил, чыдамкай, жумушту жакшы көтөрөт. Алдыда жүргөндү жакшы көрөт, ошондой эле жакынкы аралыкка эмес, алыска чуркаганды жактырат. Спортчуда кабак болбосо болбойт дегендей эле, армыгабыздын да мүнөзү катуураак, жанына адам жолото бербейт, жактыра бербейт. Тиштеп, ойноктоп турат. Ат чабышта топтун ичинде аралашып чуркап, акыркы айлампада алдыга озот.

 Асел Ишенбай кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1171, 23-29-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан