Көп кабатуу үйлөрдөгү лифттер чыгып-түшүүдө зор жардамчы эмеспи, айрыкча карылар менен балдарга. Дал ошол лифттер бузулса электромеханиктер кызматка жүгүрүшөт. Алардын бири – “Бишкекшаарлифт” ишканасынын кызматкери Асылбек Жумаканов, аталган ишти 12 жылдан бери аркалап келет. Анын кесибинин күнгөй, тескейин, кызыктарын сүйлөштүк.
«Көп кабаттуу үйлөрдөгү 78 лифтти тейлейм»
– Лифттерди тейлеп иштөөчү электромеханиктер күндүзгү иштөөчүлөр жана лифт авариялык кызматынын электромеханиктери болуп экиге бөлүнөт.
Лифт бузулуп же анда адам камалып калса, чалуулар диспетчерге түшөт. Диспетчер маалыматты электромеханикке берет. Күндүзгү штаттагы электромеханиктердин ар бири өзүнө бөлүнгөн аймактагы үйлөрдөгү лифттерди тейлейт. Алардын иш графиги эртең мененки саат 8:30дан кечки саат 17:30га чейин. Андыктан чалуу күндүз түшсө, анда бузулган лифт аймагын тейлеген электромеханик жардамчысы менен барып оңдойт. Мен күндүз иштейм.
Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдөгү 78 лифтти тейлейм. Ал эми чалуу кечинде, түндө болсо, анда лифт авариялык кызматынын электромеханиги жана жардамчысы барат. Авариялык кызматтын электромеханиктерине бөлүнгөн аймак жок, шаар боюнча тейлешет.
Лифттер күнү-түнү токтоосуз иштегендиктен тынымсыз көзөмөлдө болуп турат. Ошого иш да күн-түн дебей жүрүп турат. 1 күндө 20-30га чейин чакыруулар түшөт, биз ошончо жерге барып лифт оңдойбуз. Кээде бир эле маалда диспетчерге 7-8 чалуу түшүшү мүмкүн. Андыктан электромеханиктер тез, сапаттуу иштеп, бардык чакыруу болгон жерлерге кечиктирбей барып жетишишибиз керек.
«Абалын тынымсыз текшерип турам»
– Мен өзүмө караштуу үйлөрдөгү лифттердин абалын график боюнча тынымсыз текшерип турам. Анткени адамдардын коопсуздугу үчүн лифт жакшы абалда турушу зарыл. Майын жаңыртып куям, бузулса оңдойм. Тетиктерин алмаштырыш керек болсо, алмаштырам. Кыйчылдап калбашы үчүн керектүү тетиктерди майлайм. Лифттин шахтасына түшкөн таштандыларды тазалайм жана башка.
Авариялык кызматтын электромеханиктери түндө чалуу менен барганда бузулган лифттин тетигин алмаштырыш керек болуп калса, анда ишти бизге калтырышат. Анткени алмаштыруу көп убакытты талап кылат жана тарсылдатып-турсулдатып уктап жаткан тургундардын тынчын албаш керек.
«Союз кезиндеги лифттер дале иштеп жатат»
– "Бишкекшаарлифт" ишканасынын карамагында илгери Союз кезинде Самарканддан чыгарылган жана Беларусь өлкөсүнүн Могилёв шаарынан чыгарылган лифттер бар. Баары 320 килограмм жүк көтөргөнгө ыңгайлашкан.
Самарканд лифттеринин иштөө мөөнөтү 25 жылга деп берилет. Бирок капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү менен колдонуу мөөнөтү узартылат. 35-40 жылдап иштегендери бар. Алардын ичинде 1 секундуна 63 жана 71 сантиметр көтөрүлө тургандары бар.
Могилёв лифттери 15 жылдай мурун келе баштаган. Булар 1 секундуна 1 метрге чейин көтөрүлүп иштейт.
«Камалган адамды чыгаруу ыкмалары»
– Кокус лифтте адам камалып калса, айтылган дарекке жетерибиз менен адегенде кабина кайсы кабатта туруп калганын аныкташыбыз керек. Эң жөнөкөй ыкма: үн чыгарып, тыкылдатып сурап көрүү. Камалып калган адам үн катса, бул кабатта экен деп билебиз.
Көрсөтмө боюнча ишенимдүү техникалык ыкма: диэлектрдик отвёртканы ар кабаттагы лифттин шахтасынын жылчыгына сайып көрүү. Отвёртка кабинанын эшигине такалса, демек, лифт ошол кабатта турат. Ушинтип тактап алабыз. Бирок кабина кайсы кабатта туруп калса да, ал кабаттагы лифттин шахтасынын эшиги ачылбайт. Бул адамдын коопсуздугу үчүн ушундай түзүлгөн. Андыктан биз үстүңкү кабаттан шахтанын эшигин ачып, кабинанын үстүнөн түшүп, редукторду кол менен айландырабыз. Ошондо ылдыйдагы лифттин да, шахтанын да эшиги өзү ачылат. Камалган киши сыртка чыгат. Анан шахтанын эшигин кайра жаап коёбуз.
«Чакырык түшкөн сайын 9-кабатка жөө чыгабыз»
– Негизи лифт токтоп калганда эле 9-кабатка жөө чыгып, “машинное помещениеге” кирип, андагы башкаруу панелине карап, себебин текшерүү керек. Кокус электр тогу көп келип, автомат таштап койсо, анда көтөрүп койсок лифт өзү иштейт. Камалган адам өзү чыгып кетет. Ошондуктан чакырык түшкөн сайын 9-кабатка жөө чыгып, түшүп жүрөбүз.
Автоматтар кыска “замыкание” болгондо да таштап жибериши мүмкүн.
Электромеханиктер суткалап иштегендиктен, кокус адам түн жарымда лифтте камалып калса да, ал таңга чейин отурбайт, тезинен эле чыгарылат.
Лифттин тростору үзүлүп, кабина төмөн жакка түшүп кетиши мүмкүн эмес. Анткени лифттин абалы дайыма көзөмөлдө болот.
Адам камалып калса, аба жетпей өлүп калуусу мүмкүнбү деп да сурагандар бар. Андай болушу мүмкүн эмес. Лифттин шахтасында вентиляция бар. Кабинанын үстүндө, астында аба кирип тура турган жерлер бар. 4-5 адам бир камалып калганда гана аба жетпегендей сезилиши мүмкүн. Бирок аба кирип эле турат.
«Лифт кабаттардын ортосунда туруп калса...»
– Лифт кабаттардын ортосуна туруп, ичиндеги адам камалып калса, анда лифтти үстүнкү кабатка чыгаруу же ылдыйга түшүрүү керек болот. 9-кабаттагы “машинное помещениеде” “лебедка” бар. “Лебедка” редуктор, электр кыймылдаткачы, штурвал, рычагдан турат. Бир рычагды оң кол менен басып, сол кол менен штурвалды айландырганыбызда лифт көтөрүлөт же түшөт. Анан чыгарып алабыз.
«Лифт бут коюп кармагандан көп бузулат»
– Лифттин бузулууларынын себептери көп. 1-себеп – техникалык себептер, мисалы, тетиктеринин жешилүүсү, тросторунун эскириши жана башка. Жайкы саратанда “машиное помещение” ысып кеткенде лифттер көп бузулат. Анткени электр жабдыктары ысып, аларга күч келет.
Техникалык жактан бузулган лифт кээде өз алдынча өйдө-ылдый жүрө бериши мүмкүн. Же кайсы бир кабаттан чакырса, башка кабатка кетип калышы ыктымал. Кнопкасы иштебей калса, лифт келбей калат.
2-себеп – адамдардын лифтти туура эмес күтүүсү. Эң көп бузулуу – лифттин эшигин бутту коюп кармап туруудан болот. Эшигинин тешиктерине ар нерселерди ташташат. Мисалы, тамекинин бүчөгүн, кагаз, таш, ручка, жемиштин данегин. Тешиктерге майда кичинекей бир нерсе туруп калса, кнопкасын басканда эшиги ачылып-жабыла берет, лифт жүрбөйт. Айрымдар кнопкаларын зажигалка менен күйгүзүп, иштен чыгарышат.
Айрымдар батирине оңдоо-түзөө иштерин жүргүзгөндө таштандыларын сыртка лифт менен чыгарышат. Цемент, эмеректерди ташышат. Ошентип ашыкча жүк ташыгандан да лифттин иштөөсү бузулат.
«Ачкычын, телефонун түшүрүп алгандар да чакырышат»
– Кээде лифтке балдар түшүп алып, секиришет. Секиргенде лифттин иштөөсү тездей түшөт. Белгиленген ылдамдыктан ашканда лифт автоматтык түрдө токтойт. Мындайда чакыруу болгондо электромеханик кабинанын үстү жагындагы баскычты (переключатель) кайра иштетип койсо, лифт иштейт.
Ачкычын, акчасын, чөнтөк телефонун же башка буюмун лифттин шахтасына түшүрүп алып чакыргандар болот. Барып, алып чыгып беребиз.
Лифтке таштандыларды көп ташташат. Алардын көбү шахтага түшүп кетет. Аны убак-убагы менен тазалоого туура келет.
«Бизге доомат койгондор көп»
– Бизге “лифтти колдонгонум үчүн акча төлөп жатам, чакырганда убагында келбейсиңерби?”, “жакшы оңдобойсуңар, кайра эле бузулуп калат” деп нааразы болгондор көп. Биз колдон келишинче аракет кылып иштейбиз. Бирок кээде керектүү тетиктер табылбай калган, тетикти алмаштырууга көп убакыт кетип калган учурлар болот, аны менен иши жок алардын.
Аябай эски лифт болсо улам бир жери бузула берет, муну да билишпейт.
Менин иш тажрыйбамда адамдар лифтке кыпчылып же камалып каза тапкан учурлар болгон жок, болбой эле койсун.
Иштин кыйынчылыктары
• Физикалык жактан күч келет. Ар бир чакырыкта лифттин эмнеден улам бузулганын аныкташ үчүн 9-кабатка чыгып түшүү керек.
• Эгер тетиктерин алмаштыруу керек болсо, ал жеңилби-оорбу, көтөрүп чыгуу керек.
• Лифттин шахтасында иштеп жатканда тең салмакты сактабасаң кулап кетүү коркунучу бар.
• Майрамга карабай иштейбиз жана башка
«Биз карманчу эрежелер»
• Кийимдерде боо болбошу керек, же аны ичкери салып катуу керек. Болбосо ал аркылуу иштеп жаткан механизмдин бирине илинип калсаң, өмүргө коркунуч туулат.
• Токко тартылып калбоо үчүн бардык эрежелерди так сактоо керек жана башка.
Канымжан Усупбекова