Бегимай Турусбекова, ырчы: «Бир окуядан кийин маек берүүдөн качып калдым»

Эл арасында “Келин Дион” атыккан ырчы Бегимай Турусбекова менен баарлаштык. Кыска убакытта элге таанылып, Кыргызстанга эле эмес, чет өлкөгө чейин атагы кетти. Ийгилик сыры эмнеде? Чыныгы жашоодо кандай адам? Саясатчы Өмүрбек Бабановго эмнеге ыраазы болду? Бул суроолорго жоопту ырчы айымдын маегинен таба аласыз. 

 

– Саламатсызбы, Бегимай айым? Бир топ убакыттан бери эч кимге интервью бербей жүрдүңүз, эмнеге деген суроо менен баштасак...

– Саламатчылык. Бир жылдан бери эч бир жерге интервью бербей жүрүп, сагынып деле калган окшойм (күлүп). Интервью бербей жүргөнүмдүн себеби – “сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” дегендей бир окуя болду.

– Ал окуя белгилүү ырчы Гүлнур Сатылганова менен байланышкан жагдай болду окшойт, толук өз оозуңуздан уксак...

– Хайп үчүн баарына даяр адамга таң калып бүтпөй келе жатам. Жергиликтүү каналдардын бирине интервью бергем, менин сөзүм кесилип, элге бурмаланган, туура эмес маалымат тарап кетти. Тагыраагы, бир сынакта ырчы Гүлнур Сатылганова эже мага аз упай берип койгондой, мен аны күнөөлөп чыккандай видео тарап кетти да. Гүлнур Сатылганова эжекемди абдан сыйлайм, биз анын ырлары менен чоңойдук. Ал ырдаган “Туулган жерди сагынуу” деген ырын ырдап, кичинемде бир сынактан Гран-прини утуп алгам. Кантип анан ал кишини жамандамак элем? Андай болгон эмес. Атайын кайрылуу жасап, Гүлнур эжеде маселе жок экенин айттым. Ошол сынакта, тескерисинче, Гүлнур эже мени сооротуп, жакшы сөздөрүн айткан. “Бегимай, азыр сенин убагың келе элек, калыстар тобуна таарынба. Убагың келгенде кантип жарк этип сахнага чыгып кеткениңди өзүң түшүнбөй каласың” деген эле. Туптуура айткан экен. Жанагы видео тарап кеткен соң абдан кыжалат болуп жүргөм, кийин Москвадан жолугуп калып абалды түшүндүрдүм. Туура түшүндү, “бул чөйрөгө жаңыдан аралашып жатасың” деп кеп-кеңешин айтты. Гүлнур эже мага ыраазы болду, мен эжеге ыраазы болдум. Ошондон кийин абдан жеңилдедим. Өзүм сөздү түз, бетке айткан адаммын. Калп айтканды жаман көрөм, сөздү бурмалаганды андан да жаман көрөм. Ошондон кийин интервью бергенден чочулап, качып калгам.

– Шоу-бизнеске жаңыдан аралашып келе жатасыз, сизге кандай таасир калтырууда?

– 2022-жылы “Ынтымак” паркында ырдап таанылганымдан бери үч жыл убакыт өтүптүр. Шоу-бизнестен эч кандай деле жаман нерсе көргөн жокмун. Менимче, чыгармачыл адамдар бири-бирибизге бут тоспой, колдошубуз гана керек.

– Көпчүлүктү кызыктырган суроолордун бири, эмнеге Бегимай айым башына дайыма жоолук салынып жүрөт?

– Жоолук салынганымдын эч кандай сыры деле жок. Үйдө, жакындарымдын арасында жоолуксуз эле жүрөм. Сахнага жоолукчан чыгып жатканым – башында элге жоолукчан таанылып калбадымбы. Айылдан жөнөкөй жоолук, жөнөкөй көйнөкчөн келип таанымал болбодум беле? “Келин Дион” деген да ат ыйгарып коюшкан. Бул менин стилим болуп калды окшойт. Биринчи себеби ошол. Экинчиден, кайын журтумду сыйлайм.

– Сизди тасмалардан да көрө баштадык, кино дүйнөсү да кызыгуу жаратып жатабы?

– Бул өзүнчө кызык окуя. Ыраматылык режиссёр Ырыс Жоомартова “сени тасмага тартам” деп жүрдү. Өзүмө ишенбей, сунушунан баш тарткан элем. Кийин Регина Суранова деген режиссёр эжебиз телефон чалып роль сунуштап калды. “Тартыла албайм” десем, “колуңуздан келет, аткарасыз” деп ишеним көрсөтүп туруп алды. Ошондо “жолдошум макул десе тартылып көрөйүн, бирок мени тартам деп кыйналып калбаңыз” дедим. Жолдошум макулдук берип, тартылдым. Ошондон кийин тасмаларга тартылууга тынбай сунуш түшө баштады. Баш-аягы алты киного тартылыптырмын, төртөөсүндө башкы каарманды ойнодум. Тартылуу учуру абдан жакты. Балким, бул жаатта да жылдызым жанып кетер деп жүрөм.

– Сырттан караганда абдан токтоо айымдай көрүнөсүз. Баарлашып жатып мүнөзүңүз ачык-айрым жана чечкиндүү экениңизди байкадым...

– Мүнөзүм катуу эле. Сыртымдан күлүп-жайнаганым менен, ичимде көп нерсени сактап жүрө берем. Эгер бир нерсе жакпай, чийинден чыгып кетсе мени эч ким токтото албайт, чекитти өзүм гана коюшум керек болот. Үйдө деле ошондоймун.

Чынчыл инсанмын, ишенген адамымдын сөзү менен иши дал келбей калса жаман абалда калам. Пенде болгондон кийин жаңылат экенбиз, мен деле укмуш идеалдуумун деп айта албайм. Жашоонун жакшы жагын да, жаман жагын да көрүп келатам. Турмушка чыккандан кийин жолдошум тарбиялады. Ал дагы көп сүйлөбөйт, байкап туруп жеткире бир эле айтат. Жашоо ушул экен да, турмуш тарбиялап жүрүп отурат бизди. “Болгон мүнөзүм ушундай, эми эмне кылайын” деп отура берген да болбойт. Мүнөздү оңдош керек.

– Жолдошуңуз сизден он жашка улуу экен, ортодо сый-урмат күчтүү болуш керек?

– Менден жаш кыздар “Бегимай эже, күйөөңүздү сиз дейт экенсиз, силер өзү урушасыңарбы?” деп сурап калышат. Казан-аяк кагышпай койбойт. Мен деле турмушка чыкканда көнө албай бир жылдай кыйналып жүргөм. 28 жашымда турмушка чыктым. Сахнада ырдап, ээн-эркин жүрүп көнүп калгам да. Анан турмушка чыгып, башка эле бир мыйзамдар менен жашай баштасаң кыйын экен. Төрөдүм, депрессия болдум, күйөөмдүн анча-мынча сөзүн көтөрө албай бырылдай берчүмүн. Жолдошум ошондо да мага жаман мамиле кылган жок, катуу айтпады, сабыр кылды, акырындап тарбиялап жүрүп отурду. Улуу болгонунун ушунусу жакшы экен. Башында “байке” дечүмүн, “байке дебе, сиз де” деди. Өзүмдүн деле “сен” дегенге такыр оозум барбай койду. Илгери деле ата-бабаларыбызда аялдар жолдошун “сиз”, “байым” дешчү го. Азыркы жаштарга колдон келсе жолдошуңарды “сиз” деген туура деп кеңеш берет элем. Бул сый мамилени сактап калууга жардам берет.

Сизди таасирленткен, колдогон, алдыга сүрөгөн адамдар кимдер?

– Гүлнур Сатылганова эжеме ыраазымын, Юрий Бобков агайыма, анын жубайына, Жанета эжеге ыраазымын. Анткени айтылуу сынакка мени ошолор даярдашкан. Машинесине салып алып барып көйнөк тандап беришкени эсимде. Чыгармачыл чөйрөдөн алыс жүргөн инсандардан саясатчы Өмүрбек Бабановго ыраазымын. “Царицадан” келгенимде бир иш-чарага чакырып калышты. Ырдап бүткөндө Өмүрбек ага келип “айылдан келген кыз ушундай чоң сынакка катышып, желегибизди желбиретип келди” деп жакшы колдоо сөздөрүн айтып 1 миллион сом берди. Инсан катары ал кишини абдан сыйлап калдым.

– Сиздин жашооңузда өзгөчө орду бар Бишкектеги “Ынтымак” паркы, ошол күндү кайрадан бир эстесек...

– Ал күнү ырдабайт болчумун, сейилдегени эле барганбыз. Сиңдим “караоке бар экен, ырдаңызчы, канча жылдан бери уга элекмин ырдаганыңызды” деп туруп алды. Ойлонуп көрсөм, алты жылдан бери ырдай элек экенмин. Жолдошум да “ырдап берип койчу” деди. Макул болдум. Ди-джей жигит “кайсы ырды коюп берейин?” деди эле “Селин Диондун “Титаниктеги” ырын коюп бериңиз” дедим. Ал мени таң кала тиктеп койду. Анткени айылдан келгем, кийим-кечем жөнөкөй эле да, “бул кантип ошол ырды ырдай алсын” деди окшойт.

Азыр таң калам, ошондо кантип коркпой ырдадым экен депчи... Чыгып эле күндө ырдап жүргөндөй ырдап кеттим. Биринчи куплетин бүткөндө байкасам, көрүүчү толуп калыптыр. Бир эже чыгып кулагыма 100 сом кыстарып кетти (күлүп). Бүтсөм эл “дагы бир ыр” деп суранды. Аны ырдадым, дагы эле суранып кетиришпейт. Сахнадан түшсөм, мени менен сүрөткө түшүп жүрүшөт. Таң калып “эмнеге сүрөткө түшүп жатасыңар?” десем, “эртең жылдыз болуп кетсең, биз менен сүрөткө түшпөй коёсуң” деп күлүштү. Ал жерде ырдаганым тартылган видео социалдык тармактарга тарап кетти. Эртеси телефон чалып журналисттер издей башташты. Жылдызым жанды. Элиме рахмат, элдин колдоосу менен катылуу жаткан талантым “жарк” этип чыгып кетти.

– Азаматсыз! Катылып жаткан талантын сыртка чыгарууга батына албай жүргөндөргө мотивация берип кетсеңиз...

– Эми билбейм, кантип мотивация берем (күлүп). Болгону ырдагандан ырахат алам, тартынбайм, башка сыр жок. Лариса Долина “Царицада” жүргөндө “өзүңөрдүн талантыңарды сыйлап, баалап, сүйбөсөңөр эч ким силерди сүйбөйт. Жакшы ырдайм, колумдан келет деп чыгыш керек сахнага” деди. Өзүн сүйбөгөн адамды ким сүймөк эле? Ошондуктан өзүңөрдү сүйгүлө демекмин.

– Маегиңизге чоң рахмат! Ийгилик жаратып эле жүрө бериңиз.

 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1171, 23-29-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан