Талант Гуламов, куудул: «Аялдын образы – менин логотибим» 

Куудул, сахнада көбүнчө аялдардай кийинип элди күлдүргөн Талант Гуламовду кепке тарттык. Жакында ал куудулдар сынагына катышып жеңишке жеткен, Бишкекте концерт берүүгө да үлгүрдү. “Гезитке биринчи жолу маек берип жатам” деген Талант мырзанын кебин байкаңыз, окурман.

«Ар кимге тийишип, мушташа берчүмүн»

– Ош шаарындагы Төлөйкан айылынын 36 жаштагы кулунумун. Кичине кезимде жини чукул, колу да, оозу да жөн турбаган, шок элем. Мектепте мага бир дагы сабак жакчу эмес. Ар кимге тийишип, балдар менен мушташып, кыздарды ыйлатып эле басып жүрчүмүн. Мугалимдерди да тажатчумун. “Окуп жатат” аты кылып барып-келип жүрө берчүмүн. Эң жаман көргөнүм англис тили сабагы эле. Ал сабактан берген эже класска киргенде дароо “мен “тазалыкка” деп чыгып кетчүмүн. 5-6-класстарда мектепке комиссия келсе, шоктук кылып дагы бир нерсе чыгарып жибербесин деп коркушуп, агайлар мени үйгө кетирип жиберишчү. 

«Директорду коркутуп жүрөгүн түшүргөм»

– Биздин мектептин “ээси” бар деп калышчу. Ушундан пайдаланып бир жолу кышында директорубузду коркутайын дедим. Ал киши мектепке эртең менен эрте саат 6да барчу. Мен андан да эрте барып, үйдөн ала барган ак матаны жамынып күтүп турдум. Агай келип, эшикти ачканда алдынан бакырып чыга калдым. Байкуш катуу коркуп, жүрөк тушун кармап кулап түштү. “Тез жардам” келип, чоң ызы-чуу болгон.

«Концерттерди бекер көрүш үчүн театрга ишке кирдим»

– 8-классымда куудулдукка кызыгуум ойгонду. “Бешиликтин” балдарын көрүп, ошолордой болуп чоң сахнада жүрсөм деп тилек кыла баштадым. Мектепте майрамдарга карата иш-чара, сынактар өтсө, сатира ойноп, өзүм теңдүү таланттуу балдарды топтоп алып, мектепте концерт коё баштадым. Бирок мунум атама жакчу эмес. 9-класста окуп жүргөнүмдө Талант Анарбаев өзүнүн “Талант шоу” тобу менен биздин мектепке концерт коюп келип калды. Ага жолугуп, “тобуңузга кошуп алыңызчы” десем, “жашсың” деп болбой койду. Шагым сына түштү. Анан концерттерди бекер көрүш үчүн Ош шаарындагы драма театрга, сахнаны ачып-жаап иштеген балага жардамчы болуп ишке кирип алдым. Мага айлык деле жок, барып-келип жүрө берем. 

«Көп гастролдойм, киреше табамбы же таппаймбы маанилүү эмес»

– Мектепти бүткөндөн кийин Орусияда 2 жыл иштеп келдим. Ошол кезде куудулдар  көп чыгып, бул тармакка элдин кызыгуусу артып турган. Куудулдар концерт коюп айылдарга да көп барышчу эмес беле. Бир күнү куудул Канат Шанаев менен таанышып калып, ага изги тилегимди айттым. Ал Талант Анарбаев менен сүйлөшүп, мени анын тобуна коштурду. Ошентип Талант аке мени куудулдукка таптап, бул өнөрдүн сырларын үйрөткөн алгачкы устатым болуп калды. Чоң сахнага 2009-жылы чыктым. Ошондон бери чыгармачылыктын казанында кайнап келе жатам. Гастролго көп чыгам. Концерт койгондон кийин чыгымдардан мага акча артабы, артпайбы, аны ойлонбойм деле. Башкысы – элге өнөрүмдү тартуулоо. 

«Концерт берем деп 17 миң долларга банкрот болдум»

– Алгачкы тушоо кесүү концертимди 2022-жылы Ош шаарында бергем. Кийин Бишкекте 2 жолу концерт өткөрдүм. Негизи, туулган жерим болгондуктан Ошко көп концерт коём. Ош менен Бишкекке 5 жолу концерт коюп, андан киреше таппай эле, кайра жалпысынан
17 500 долларга банкрот болгом. Чыгармачылык ушундай экен, бирде  артка кетесиң, бирде алдыга кетесиң. Чыдашың керек. Элге 100 пайыз таанылдым дей албайм. Менимче, 50 пайызы тааныйт. Кудай буюрса, дагы аракет кыла бермекчимин. Жакындан бери мыкты администратор менен иштешүүгө келишим түздүм. Эми жеке концерттеримди көбүрөөк берип баштасак, киреше түшөр деп турам.

«Рахман агай элге аялдын образы менен тааныласың деген»

– Куудул болгондон кийин Рахман Разыков агай менен да иштешип, анын да шакирти болуп калдым. Бир жолу сатирада аялдын ролун ойной турган куудул келбей калып, Рахман агай анын ордуна мени сахнага чыгарды. Берилип аткардым, эл жакшы кабыл алды. Ошондо агай “мага ишене бер, эми ушинтип аялдын образы менен чыга берсең, элге бат тааныласың. Аялдын образы эми сага логотип” деп калды. Анын айтканындай эле болду.

Бир жолу бир айылдагы концертимди аялдын ролун ойногон сатирам менен бүтүрдүм. Аңгыча айылдыктар менен концерт койгон топтогулардын ортосунда чыр чыгып кетти. Мен үстүмдөгү көйнөктү чечкенге жетишпей, ошол бойдон чуркап чыгып, урушкандарды ажырата баштадым. Ошондо бейтааныш бир жигит “ой, бул эже да чыгып алыптыр го, укмуш мушташат экен. Эй, эже, сиз аралашпай эле койбойсузбу” деп жатпайбы мага.

«Сатира жазбайм, бирок идеяларга баймын»

– Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Рахман Разыковдун жаркын элесине арналып уюштурулган куудулдар сынагында Гран-прини – автоунааны утуп алдым. Албетте, ага жакшы даярдангам. Жеңүүчүлөр элдин берген добушу боюнча аныкталды. Негизи, сатира жазбайм. Аны мурун көзү тирүүсүндө Рахман агай даярдап берчү. Ага идеяларымды айтсам, жазып, маңызын чыгарып, кайра өзүмө аткартчу. Азыр деле идеяларымды бирге иштешкен куудулдарга айтам, алар идеямды иреттеп беришет, ошол боюнча ойноп кете берем. Рахман агай менин куудулдугум боюнча “сенде Манас Бердибековдун “походкасы”, анан даярданбай туруп ойноп кете ала турган сыпаты бар” дечү. Улуу муундагы куудулдарга “бул баланын сатирасын  оңдобогула. Оңдосоңор баланы бузуп аласыңар” деп да табыштап жүрдү. 

«Колумдан куудулдук, анан айдоочулук гана келет»

– Сахнада сатираларды көбүнчө Тынар Курбаналиев, Санжар Бердибеков, Каныбек Разыков, Канат Мадымаев менен чогуу аткарам. Канат өзүмдүн шакиртим. Учурда дагы бир жигитти куудулдукка үйрөтүп жатам. Ошол жигит экөөбүз учурда сахнада бирге ойноп көп чыгуудабыз. Куудулдактан тышкары колумдан айдоочулук гана келет. Устачылык кыла албайм, кой соё албайм, жер иштете албайм. Машина айдаганды атам КамАЗ айдап жүргөн убакта үйрөнүп алгам. Бош убактымда буюртма түшсө КамАЗда жүк ташып акча таба коём. Үй-бүлөлүүмүн. Келинчегим, балам болуп Ошто ата-энем менен чогуу турабыз. 3 бир тууганбыз. Буюрса, эми бөлүнүп өз алдыбызча жашайлы деп турабыз.

Канымжан Усупбекова        

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1171, 23-29-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан