«Үйдөгү 7 адамдын төртөөсү майып»

Каарманыбыздын үй-бүлөсүндө 7 адам жашаса, төртөөсү тукум кууган оорудан жабыркайт. Өп-чап жашоо, муктаждык үй-бүлөнүн кендирин кесип, үй ээси элден жардам суроого аргасыз.

«Апам 15 жылдан бери баспайт»

– Аты-жөнүм Жолдошбек Нуралиев, 36 жаштамын. Кичи мекеним – Панфилов районунун Күрпүлдөк айылы. Кара-Балта шаарына мен 15 жаш кезде үй-бүлөбүз менен көчүп келип туруп калганбыз. Учурда үйдө 4 балам, келинчегим, апам, мен болуп жашайбыз. 7 адамдан төртөөбүз майыппыз.

Апам 70 жашта, кант диабети жана тубаса шал оорусунан жабыркайт. Баспай калганына 15 жыл болду. Бир жакка алып баруу керек болсо майыптар арабасы менен ташыйбыз. Башка өнөкөт оорулары да бар. Шал оорусу эжеме жана мага апамдан, менден 11 жаштагы балама өттү, төртөөбүз тең 1-топтогу майыппыз. Таенелерим да ушул дарттан жабыркашкан экен. Келинчегим болсо 2-топтогу майып, көзү жакшы көрбөйт. Эң улуу кызым 14тө, кийинки эки уулум 11 жана 9 жашта. Эң кичүүм кыз, 3 жашта. 2 кызымдын ден соолугу жакшы эле. 11 жаштагы уулумдун буттары ичкери кирип майрыйып басат, буттарына күч келгенде кулап түшөт. 9 жаштагы баламдын басканы да өзгөрүп, начарлап бара жатат. Буттарында күч жок. Анда да биздеги тукум куучулук оорунун айрым белгилери билингендей болууда.

Мен кичинемде бир аз түзүгүрөөк басчумун. Кийин баса албай баратканымда балдакка өттүм. 2 бутумдан операция да болгом. Балдак менен деле тыңыраак баса албайм. Эптеп атка мингенге жарап, элдин уйларын кайтарам, ошонун эсебинен жан багабыз. Майыптыкка берилчү пенсияларыбыз дары-дармектен ашпайт.

Апам өзү оорукчан болгондуктан ары карап ыйлап, бери карап күлүп жүрүп бизди багып-чоңойтту. Башыбыздан көп кыйынчылык өттү.

«Дарыланууга жардам керек»

– Кара-Балтадан 2005-жылы чакан үй сатып алганбыз. Анда апам, оорукчан эжем, анын кызы, менин үй-бүлөм болуп чогуу жашачубуз. Эжем да балдак, таяк менен басат. 2 үй-бүлөнүн бир үйдө тыгылып жашашы кыйын экен. Ошого үйдү эжем менен кызына бердик. Бизге болсо классташтарым, досторум каражат чогултушуп, чакан үй тургузуп беришти. Ичи, сырты бүтө элек. Ага карабай айласыз 1 бөлмөсүндө баш калкалап жатабыз. Апам убактылуу эжемдикинде, үйүбүз бүтсө алып келем.

Эми биздин муктаждыкты айтсам, эл жардам берсе эл катары үйдүн ичи-сыртын бүтүрүп алсак дейбиз. Үйдөгү майып 4 адам бир нече жылдан бери толук кандуу дарылана элекпиз. Баарыбыз компьютердик томографиядан өтүп, анализдерди тапшырып, дарылансак деп тилек кылуудабыз. 9 жаштагы баламда тубаса шал оорусу барбы, жокпу аныктатып, болсо аны да дарылатып, майыптыкка чыгарышыбыз керек.

Көп түкүрсө көл болот дейт, бизди колдоп койгула, кең пейил эл-журт. Изги тилек дейт, мүмкүн, балдарыбыз чоңоюп, бизди бакканга жарап калганда биз да башкаларга жардам берип каларбыз.

 

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

МБанк: 996 705 929625 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1171, 23-29-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан