«Талаада сабиз отоп иштедик»
– Аты-жөнүм Гүлмира Курманова, 35 жаштамын. Азыркы тапта Москва районунун Ак-Суу айылында бирөөнүн эски үйүндө 5 балам менен күн кечирип жатам. Өзүм Өзгөн районунун Салам-Алик айылынан болом. 2007-жылы ата-энем менен бирге Москва районунун Петровка айылына көчүп келип жашап калганбыз. 9-классты бүткөндөн кийин окубай калдым. Бул жакка келгени үйдөгүлөр талаада сабиз отоп, чаап, айтор, дыйканчылыкта иштедик. 2009-жылы болочок жолдошум менен таанышып, ага турмушка чыктым, ал 3 бир тууган эле. Анын ата-энеси, иниси менен чогуу Петровка айылында турчубуз.
«Кайненем жашообузга кийлигише берди»
– Жолдошум экөөбүз 1 эркек, 2 кыздуу болгондон кийин ажырашып кеттик. Кайненем кылдай иштен кыйкым таап, болбогон жерден уруш чыгара берип бизге оңдуу жашоо бербеди. Бирок кийин жолдошум жарашалы деп туруп алганынан макул болдум. Батирлеп жашап жүрүп, дагы 2 кыздуу болдук. Бөлүнүп өзүбүзчө жашаганыбызда деле кайненем баарына кийлигишип, тынчыбызды ала берди. Акыры тажаганда күйөөмө “апаң да оорулуу болуп калды, аны карап ата-энең менен эле жашачы. Мен балдар менен тынч жашайын” дедим. Күйөөм макул болду, бирок бизди таштап кеткен жок, 2 үйдүн ортосунда барып-келип жашап жүрдү. Жолдошум ичимдик иччү, бирок зыяны жок, ак көңүл адам эле. Үй алалы деп аракет кылып жатты.
Жолдошум кайтыш болордон 1 ай мурун кайненем менен кайнатам үйүн күйөөмө таштап, өздөрү батирге чыгып кетишти. Эмнеге андай кылышканын билбейм, себебин мага эч ким айткан жок. Күйөөм бизди чакырды, бирок мен макул болгон жокмун. Кайненем өзү чакырбагандан кийин барууну туура көргөн жокмун.
«2 жылдан бери балдарды жалгыз багам»
– 2023-жылдын 17-июнь түнү жолдошум үйгө келди. Адаттагыдай балдарын эркелетип, чай ичип бир топко отуруп, кайра кетти.
Эртеси 18-июнда асынып алыптыр... Эмне үчүн асынып алганы мага бүгүнкү күнгө чейин табышмак. Себебин өзү, анан Кудай гана билет. Ошондон бери балдарымды жалгыз багып келем. Балдарыма жөлөк пул чегерте албай кыйналып, акыры банктан насыя алдым. Аны төлөй албай да азап тарттым. Учурда 1 бөлмөлүү үйдө жашайбыз. Үйдүн ичи шыбалбаган, электр жарыгы жок болчу. Инилерим шыбап, актап, электр жарыгын киргизип беришти. Полу жок болгонго ичи сыз, кышы менен ооруп чыктык.
«Балдарды карап, ишке чыга албайм»
– Балдарымды карашып, жардам бер дейин десем учурда инимдин аялы кош бойлуу. Төрөгөндөн кийин деле каралаша албайм десе 14 жаштагы балам менен 12деги кызымды талаага чыгарып, өзүм кичине балдарды карап үйдө каламбы, башым катып жатат.
Балдарды таштап талаага кеткен учурларда бут, колдорун күйгүзүп алган учурлар болот. Дагы эмнелер болуп кетет, ким билет? Ошондон да корком.
Апам 2022-жылы каза болуп калган, атам башкага үйлөнгөн. Апаң жок болгондон кийин өз үйүңө батпай калат экенсиң.
Айла жок, балдарым чоңойсо үйлүү-жайлуу болуп, эл катары жашап каларбыз деп тилейм. Жакында шарты жакшыраак батирге чыксакпы деп жатам.
Балдарым үчүн элден жардам сураганга аргасызмын. Биздин башыбыздан сылап, жашообузду жеңилдетип, жардам көрсөтөр адамдарга алдын ала рахмат айтам.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
МБанк: 996 502 031990
Оптима Банк: 0771 209 101
О!Деньги: 0503 162690
Канымжан Усупбекова