Аял менен күйөө маңдай-тескей чакан кофейняда отурушту. Алар минтип отурбаганына ого эле көп болсо керек. Бала-чака, тиричилик, түрдүү маселелер болгондуктан көптөн бери минтип жай отуруша элек экен. Экөөнүн тең маанайы пас. Сыртта шатырата жаап жаткан жамгырдын тамчыларын карашат. Эбак муздап калган кофелери ортодо.
– Фирманы сүйлөшкөндөй, сенин атыңа өткөрдүм. Иштете аласың! – деди Кубат.
– Мага кереги жок.
– Балдарга керек.
– А сен?
– Москвага кетем.
Минтип ажырашуу тууралуу, мүлк бөлүшүү тууралуу жай сүйлөшүп отурушкандарына Кубат өзү да ишенбей кетип жатты.
– Мен кетейин... – деди аял.
– Хм, жамгыр токтогуча коё турсаң кантет? Жол тыгын да азыр.
Аял эп көрдүбү, унчукпай отуруп калды. Кубат оор үшкүрдү, аял азыр коштошуп туруп кетсе, жаны кошо чыгып кетчүдөй абалда. Бирок коё бербесе болбой турганын да билет.
– Дагы кофе ичесиңби?
– Мейли.
Ысык кофелер келди. Аялынын жакшы көргөн таттуусун алышты. Ырахат менен кубанып кофе ичип отургандай сезилип кетти аялы. Күйөөсү чечиле сүйлөдү.
– Мен сага эмнеге ашык болдум билесиңби?
– Сен өзү мага ашык болдуң беле? – деди какшыктаган аялы.
– Оо, болгондо да кандай...
Аял башын чайкай берди.
– Ии, эмнеме ашык болдуң эле?
– Сенин мага болгон ишенимиңе ашык болгом. Биринчи курска келгенде группабызда “ким староста болот?” деп калышты. Сен дароо менин атымды айттың. Бир кызарып, бир уялып кеттим.
– Сен акылдуу жигит болчусуң да.
– Акылымдан эмес, сенин ишенимиңден улам болду го. Анткени мага сен менден да көбүрөөк ишендиң. Кызык, ошол ишенип караган көздөрүң азыр да көз алдымда. Кийин окууну таштап кеттим, элдин баары мени урушту. Бирок сен колдодуң. Акчам жок болуп жатканын, эч нерсеге жеткире албай жатканымды, бизнес баштабасам кыйналып каларымды сен билдиң. Колдодуң. 22 жашымда бизнес баштадым. Кудай жалгап жакшы болуп кетти, сен университетти бүткөндө баш коштук. Менин калпыс кадамымдан улам кайра катуу мүдүрүлдүм. Сен боюңда бар, жегенге тамагыбыз жок, батирге төлөй турган акчабыз жок, машиненин ичин үй кылып жашадык. Ошондо да бир саамга болсо да мага күмөн кылган жоксуң. Наалып, эзилип турган көңүлүмду эзгилебедиң. Ичиңди кучактап, эрдиңди тиштене баарына чыдадың. Тез эле кайра бутума турдум. Балалуу болдук, үйлүү болдук, бутубузга жакшы турдук.
– Ооба, эки балалуу болдук.
– Мени ийгиликтүү эркек дешет. Аркама кылчайып ойлонуп көрсөм, ошол ийгиликтин сыры сен экенсиң.
– Кубат, кайдагыларды эстетпе, баары бүтүп, ажырашарыбыз чечилгенден кийин... – аял ыйлап жибербейин деп араң карманып турду.
– Эстетким келди... Сенин алдыңдагы карызым да ушу. Эч качан айткан эмесмин, эми айткым келди. Сен мага ал тургай мени төрөгөн апамдан да көбүрөөк ишендиң. Сүйүү дешет. Кумар дешет. Бирок мендей атасыз өскөн, ызалуу, эч кимдин колдоосун көрбөгөн бир эркек үчүн ишенимден артык нерсе жок эле. Мынчалык бакытка туш келген канча пайыз эркек бар билбейм, Айка. Мен аябай бактылуумун. Качан жыгылсам, качан мүдүрүлсөм, “туруп кетет, Кубат бир нерсе кылат” дедиң. Кызыгы, мен дайым абалдан чыгып кетчүмүн. Сен үчүн мен таштап кеткен атамды кечирдим, сен үчүн мага мээрим бербей талап гана кылганды билген апамды жакшы көрдүм. Сени карап отуруп, мен өз балдарымды сүйгөндү үйрөндүм. Менин жашоомду гүл бакча кылган жалгыз гана сен болдуң.
– Анан эмнеге 15 жыл жашагандан кийин мени менен ажырашууну чечтиң? Башканы сүйүп калдым дедиң...
– Башканы... – деди күйөөсү күлүп, – Мен башканы сүйүп калганыма чын эле ишендиңби?
Аял таң кала тиктеди. Кубат жамгырды тиктеп тура берди. Чынын айтса эмне болот? Балким, билгенге акысы бар?
– Сен бизден башка аял үчүн кетип жаткан жоксуңбу? – деди аялы таң кала.
– Кайдан... Сенден башка аял болгон эмес жашоомдо, болбойт дагы.
– Анан?
– Мен айыкпаган ооруга чалдыктым. Билгениме жарым жыл болду. Аракет кылдым, бирок врачтар өтүшуп кеткенин айтышууда.
– Эмне-е?
– Сен билсең кыйналат болчусуң. Эми баштап келе жаткан карьераңды токтотуп, мага чуркайт элең. Сен мага дагы ишенет элең, бирок билип турам, бул жолу сенин ишенимиңди актай албайм. Мен өлөм, жакында, Айка. Аз калды дешти. Болгон мүлкүмдү сага өткөрүп салбасам, апам жана апамдын ач карышкырдай балдары сенин жаныңды койбойт деп ойлодум. Ошондуктан ажырашуу деген маселени ойлоп таптым. Мүлкүбүздү бөлүп жатканыбызды айтып, баарын сага жана балдарга каттатып койдум. Анткени аларга мен эмес, мен жыйнаган дүйнө керек. Бул жолу деле айтпайын дегем. Чыдабадым.
– Кубат, эмне деп жатасың?
– Чындык ушу.
Аял ордунан ыргып туруп күйөөсүн кучактай берди. Ажалдан да болсо сууруп чыга тургандай кучактады. Көздөрүнө карагысы келди. Кубат болсо көзүн жумуп алды. Анткени бул жолу аялынын ишенимин актай албасын сезди. Ага ишеним менен караган, жашоосундагы эң кымбат адамдын көзүн карагысы келген жок...
Айлин Д.