Адамдын психологиясы кызык нерсе. Канчалык казган сайын ошончолук жаңылыктар, кызыктуу фактылар чыга берет. Психологдор адам мүнөзүн ачып бере турган кызыктуу тест түзүптүр, сиз да өтүп көрүңүз, балким, окшоштуктар чыгат.
1. Ызы-чуудан качып, жалгыз калгыңыз келген учур көп болобу?
А) ооба
Б) жок
2. Ачуу тамактар жагабы?
А) ооба
Б) жок
3. Отуруштарда шайыр болуп, башкаларга маанай тартуулаган адамсызбы?
А) ооба
Б) жок
4. Тааныш, чала тааныш, бейтааныш адамдар менен түрдүү темада оңой эле сүйлөшө бересизби?
А) ооба
Б) жок
5. Бирөөлөргө телефон чалып көпкө сүйлөшкөн жагабы?
А) ооба
Б) жок
6. Кайда болбосун уялбай бийлей бересизби? Бийлеген жагабы?
А) ооба
Б) жок
7. Түнкүсүн кеч жатасызбы? Кеч жатканыңыз ден соолугуңузга кандайдыр бир таасир тийгизгенин байкайсызбы?
А) ооба
Б) жок
8. Чачтарачка баратканда кандай чач жасалга кестирериңизди билип барасызбы?
А) ооба
Б) жок
9. Баш катырма (сканворд, кроссворд) чечкен жагабы?
А) ооба
Б) жок
10. Пессимизмге жакынсызбы?
А) ооба
Б) жок
11. Сүйүү романдары тууралуу чыгармаларды окуган жагабы?
А) ооба
Б) жок
12. Тишти унутпай күнүгө 2 маал жууйсузбу?
А) ооба
Б) жок
13. Күнүнө интернетке 2-3 саат убакыт коротосузбу?
А) ооба
Б) жок
ТӨМӨНКҮ ТАБЛИЦА МЕНЕН ЭСЕПТЕЙБИЗ
Мисалы, А (ооба деген жооп) 1-суроодо 1 балл, 2-суроодо 4 балл, 3 суроодо 3 балл деп андан ары көрсөтүлгөн. Эгер 1-суроого А деп жооп берген болсоңуз 1 балл, 3-суроого Б деп жооп берсеңиз таблицада көрсөтүлгөндөй 1 балл кошулат.
ЖЫЙЫНТЫК
15 -21 балл
15 менен 21дин аралыгында балл топтогондор – тынчтыктык, бейпилдикти (өзгөчө психикалык жайчылыкты) жактырган, сезимтал адам экенинен кабар берет. Достукка бекем келишет, жакын деп санаган адамдарын жөжөлөрүн коргогон тооктой канатына калкалай берет. Мындай адамдарды айрымдар майдачыл, тажатма деп ойлошу мүмкүн.
22-27 балл
Ал эми 22-27 аралыгында балл алгандар – эмоционалдык жактан туруктуу, оңою менен чайпалбаган, ою менен кыймыл-аракети бирдей болгон флегматик адамдар. Көпчүлүк учурда эмоциясын чыгарбагандыктан адамдар менен тил табышуусу оор, айрыкча бейтааныш адамдар менен биринчи барып тааныша албайт. Өз дүйнөсүндө жүрө бергендей интроверттик мүнөзгө да ээ. Мындай адамдарды толуктагандай айланасында дайыма шайыр, экстроверт адамдар дос болуп жүрөт.
27 баллдан жогору
Эгер жооптор 27 баллдан жогору болсо – даанышман адамдардын катарына киресиз. Эмнени каалаганын билет, алдына аткарыла турган максат коёт, эмнени жана кимге, кайсы учурда сүйлөш керектигин көзөмөлдөп турат. Жанындагы адамдардын ким экенин талдай билген ички туюму жакшы иштейт, тубаса психологдор десе болот. Мындай адамдардан жетекчилер, бизнесмендер көп чыгат.
Асыл Орозбекова