Кой
(21.03–20.04)
Лидерлик сапаттарды көргөзүүгө мүмкүн болгудай ийгиликтүү апта күтөт. Кыйын кырдаалда “талаадагы жалгыз жоокер” боло берсеңиз ишиңиз алга жылбайт, жумушта кесиптештерге, үйдө туугандарга, досторго, кошуна-колоңго таянганды үйрөнүңүз. Финансыга байланыштуу иштер менен алек болосуз, аласа-бересе, насыя же сатып алуулар, банк иштери сыяктуу. Аптанын аягында баалуу буюм жоготуп же сындырып алуу коркунучу бар, сак болуу керектелет.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Аптанын башында маанилүү чечим кабыл алуучу иштерди бир аз кийинкиге жылдыра туруңуз. Убактысы келе элек. Жакын мамиледе жүрүп, таарынычтын айынан алыстап кеткен адам менен жолугуп, келишпестикке алып келген учурлар тууралуу сүйлөшүп, чечүүгө мүмкүндүк болот. Гардеробду жаңыртып коюу ашыкча болбойт, анткени тойго чакыруу алып жаңы кийимдерди “көргөзмөгө” алып чыгасыз. Илим-билим жаатында жүргөндөр үчүн да жагымдуу апта, оор делген иштери оң жакка чечилет.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Жагымдуу апта. Иште болобу, жеке жашоодобу, орчундуу маселе жаратчу окуялар күтүлбөйт. Бул күндөрү үйгө байланыштуу идеяларды ишке ашырсаңыз жаңылбайсыз: оңдоп-түзөө, эмерек жаңылоо же орун которуу, жаңы буюм алып, эскисин ыргытып дегендей. Сыртынан баары жакшы көрүнгөнү менен, эмоционалдык абалыңыз туруксуз болуп, өзүңүздү баарынан чарчаган, тажаган абалда сезишиңиз мүмкүн. Жалгыз калбаңыз, үйдө эмес, сыртка чыгып эс алганга аракет кылыңыз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Апта сиз үчүн салыштырмалуу тынч өтөт. Сизге түз таасир этпесе да, айланаңыздагылардын баары өзгөрүп жаткандай, сиз эле бир орунда тургандай сезимде болосуз. Ден соолугуңузга көңүл буруңуз. Аптада көп маектешүүлөр жүрөт, туугандар менен, достор менен же жөн гана тааныштар менен. Бул сүйлөшүүлөрдүн аркасында өзүңүздү жеңил, бардык нерседен кабардар сезип каласыз. Дем алыш күндөрү бардык ишти бүтүрөм деп бир баштап албаңыз, бардыгы бүтпөй ара жолдо каласыз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Жумуш жаатында өз алдынча чечим чыгаруу керектелген интенсивдүү жума күтүп турат. Жетекчиңиз менен күтүлбөгөн сүйлөшүүлөр же графикте өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Дүйшөмбүдө эмоцияларыңызды көзөмөлдөөгө аракет кылыңыз, чыр-чатактар күтүлбөгөн жерден тутанышы мүмкүн. Үйдө күтүүсүздөн балаңыздын колдоосуна күбө болуп ичиңиз элжиреп кубанасыз. Туугандардан уккан маалыматтардын баарына ишене бербеңиз, эмоцияга алдырып экинчи тарапка жалган жалаа жаап жатышы мүмкүн.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Интерьерди өзгөртүү, кооздоо оюңуз барбы, анда алга. Бул апта интерьерлердин, дизайнерлердин чыгармачылыгына ылайыктуу. Ишке байланыштуу жаңы демилгелерди шаршемби, бейшемби күндөрү ишке ашырсаңыз жакшы. Жеке жашоодо “алма быш, оозума түш” десеңиз эле кыялыңыздагы адам алдыңызда болуп калбайт, биринчи кадамды өзүңүз жасап көрүңүз. Ишембини тынч эс алууга арнаңыз, жекшембиде кайрадан билек түрө идеяларды ишке ашырууга бет алсаңыз жарашат.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Аптада оор иштерди колго алгандан коркпоңуз. Азыр бийик максаттарды коюп, ага жетүү үчүн аракет кылуу убактысы. Каржы булагыңыз толукталат, капчыкка акча түшөрү менен коротуп салбай, аны көбөйтүү ыкмаларын ойлонуңуз. Достордун ортосунда арачынын ролун аткарып калышыңыз ыктымал. Аптанын экинчи жарымында жагымдуу кабар угасыз. Дем алыш күндөрүн үй-бүлө мүчөлөрү менен өткөргөнгө аракет кылыңыз, алыста болсоңуз телефон чалып кабар алыңыз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Жалпысынан сизди позитивдүү апта күтөт. Көп нерседен үмүт кылып алып, шаабайыңыз сууп калбаңыз. Баары акырындан ишке ашарына ишенимдүү болуңуз. Көпчүлүктүн көңүл борборунда болууга туура келет. Эмоцияңыздын туруктуулугун текшергиси келгендер чыгат. Түгөйүңүз менен гармонияда болуп, көп иштерди кеңешип бүтүрөсүз. Олуттуу чечим кабыл алууда жакындардын, сиз абройлуу деп эсептеген адамдарга кайрылып, кеңеш сурооңуз кажет. Дем алыш күндөрү үй чарба иштери күтөт.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Бардыгы сиздин колдо, жылдыздар ийгиликтүү апта күтөрүн айтышат. Кичинекей болсо да маскатыңыз ишке ашып кубанасыз. Ден соолукта кыжалат кылып келген көйгөй да чечилет. Жумушта болсо сиздин профессионалдуулугуңузду текшерген кырдаал жаралат, санааркабаңыз, ал сыноодон оңой эле өтөсүз. Достор арасында ишенимдүү делген тизмекке кирген адам экинчи жүзүн көрсөтүп маанайыңыз түшөт. Бойдоктор кинодогудай эле кокустуктан улам болочок түгөйүнө жолугушу ыктымал.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Окуу, жаңы нерсени үйрөнүү, кругозорду кеңейтүү керек деген пландарды ишке ашырганга ыңгайлуу убакыт. Унаасын сатам дегендер ушул аптада жакшы сунуш алышы күтүлөт. Жаш баласы барлар ысык-суук аба ырайында абайлашы керек. Акча тартыштыгы жаралат, андыктан пайдасы тийбеген той-аштардан баш тартып эле койгонуңуз оң. Көңүлүңүз тынчтыкты самайт, андыктан дем алыш күндөрүн эмоционалдык гармония алып келе турган жагдайда эс алгандай пландоо керек.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Электр приборлору менен иш алып барууда сак болуңуз, токко урунуу коркунучу бар. Үй-бүлөлүк иштер же жумуш деген тандоонун алдында калышыңыз ыктымал. Үйүңүзгө күтүүсүз жактан күтүүсүз адамдар конокко келишет. Шашкан шайтандын иши, кайсы бир чечим кабыл алууда терең дем алып, жети өлчөңүз. Үйдө отурган кожойкелер жолдошунан кичине болсо да белек алып кубанышат. Дем алышта жакын аралыкка сапарга чыгууңуз мүмкүн, алдын ала капчыгыңызды толуктап коюңуз.
Балык
(20.02–20.03)
Эч кимдин жардамы жок баарына өзүм жете алам деген ишенимде болосуз. Ийгилик ишенимдүү адамдарды колдой турганын унутпаңыз. Бирөөгө сөз берерден мурун “орундата аламбы” деп ойлоно жүрүү керек. Болбосо, жакшы адамдардын ишеничинен чыгып каласыз. Күн ысыкта козголчу өнөкөт оорулардын алдын алып дарыланып коюу ашыкча болбойт. Жылдыздар бул дем алышта эч жакка чыкпай үйдө эле отурууну сунушташат, эшиктен пайдалуу нерсе таппайсыз.