ЭМПАТ БОЛУУНУН АДАМГА ЗЫЯНЫ ЖОКПУ?

Эмпат – бул башка адамдардын эмоционалдык абалын терең сезүү жөндөмүнө ээ адам. Жанындагы адам кайгырса кошо кайгырып, кубанса андан ашып кубанган адамды эмпат деп атайбыз. Бир карасаң эмпатиянын пайдалуу жактары көп, ошол эле учурда зыяны да болушу мүмкүн. Кандай? 

ЭМПАТИЯНЫ КАЙСЫ ОРГАН ЖАРАТАТ?

Эмпатия же башкалардын сезимдерин жана күчтүү эмоционалдык абалын түшүнүү жөндөмдүүлүгү илимпоздордун жана философтордун көңүлүн көптөн бери өзүнө буруп келет. Алардын изилдөөлөрүнө ылайык, эмпатия биологиялык негизге ээ, тагыраагы, бул сезим мээнин ар кандай бөлүктөрүнүн иши менен байланышкан. Эмпатия үчүн жооптуу негизги аймактардын бири – бул сиздин жеке эмоцияларыңызды сезгенде жана башкалардын эмоцияларына байкоо салганда активдешкен мээнин алдынкы бөлүгү болуп саналат.

Нейробиологдор болсо эмпатиянын маанилүү компоненти катары күзгү нейрондорду аташат. Бул мээ клеткалары адам кандайдыр бир иш-аракетти аткарып жатканда да, ошол аракетти башка адам аткарып жатканына байкоо салганда да активдешип, башкалардын эмоционалдык реакцияларын түшүнүү жана алдын ала айтуу механизмин камсыздайт.

Эмпатия психологиялык аспектиден караганда да көп түрдүү жөндөмгө ээ. Психологдор эмпатияны когнитивдүү жана аффективдүү деп экиге бөлүшөт. Когнитивдик эмпатия башка адамдын көз карашын жана ойлорун түшүнүүнү камтыйт, ал эми аффективдүү эмпатия башка адамдын тажрыйбасын эмоционалдык деңгээлде сезүүнү камтыйт.

ЭМПАТ ЖАНА ЭМПАТИК

Кино көрүп отуруп бирөөнүн жакыны каза болуп калса кошо ыйламай, каармандардын ордуна өзүңдү коюп, эмоционалдык чыңалуу абалында көрүп отурмай, кичинекей бала көрсөң ичиң элжиреп эзилмей, бул темада сөз баштасам тигиге оор тиет деп өзүңдү көзөмөлдөп турмай... Бул сапаттар сизде барбы, окурман? Төрөлгөндөн эле ушундайсызбы же кийин эле байкалдыбы бул сапаттар? Анткени тубаса эмпаттар болот, башынан кумурсканын буту сынса кечке кайгырат, мал-жандыктын баарына боору ооруйт дегендей.

Ошол эле учурда эмпатик адамдар болот. Аларда эмпатия кийин жаралат, тагыраагы, мүнөзүнүн бир бөлүгүнө айланат. Өзүнө жакын адамдардын кайгы-капасын, кубанычын сезе билет. Башкаларга көңүл бөлбөй деле коё алат.

+ЖАГЫ

1. Жеңил. Эмпат адам менен биринчи көрүшсөң да көптөн бери тааныш адамдай жеңил тил табышып кетишет. Мындай адам жалгыз болбойт, жоро-жолдоштору көп болот.

2. Мыкты маектеш. Эмпат башка адамдын сезимдерин, эмоциясын жакшы сезгендиктен ага кайсы тема маанилүү, жакшы-жаман эмоция чакырарын билет, ошого жараша мамиле кылат. Түрдүү темада маектеш болуп берет.

3. Кызыкчылыктар дал келбеши мүмкүн, бирок ал үчүн эмпат адам эч кимди сындабайт. Тескерисинче, башканы түшүнгөнгө аракет кылат.

4. Биринчи аракет кылат. Биринчи чалат, биринчи кабар алат. Ага айтылган маселелерди, кубанычтуу кабарлар, туулган күн даталарынан бери эсинде болот. Андыктан баарынан кабар алып, куттуктап, кеңеш берип турат.

5. Башкалар үчүн чындап кубанычта боло алган адам. Алардын ийгилигине көз артпайт, өзүнүкүндөй эле сүйүнөт. Экинчи тарабынан алганда, кайгылуу окуяларда да башкалардан ашып өтүп кайгыра алат.

ЭМПАТ АДАМ ӨЗҮН КАНТИП КОРГОШУ КЕРЕК?

• Эмоционалдык коргонуу. Башкалар менен баарлашууда алардын окуяларын жүрөккө жакын кабыл албоо керек. “Бул мага тиешелүү маселе эмес”, “ар кимдин өз жашоосу өзүндө”, “мен жок болсом деле маселе чечилет”, “менин күнөөм, тиешем жок” деген ойлорду ураан кылуу зарыл.

• Медитация жасоо. Медитация абалы эмоционалдык балансты туруктуу кармап, ашыкча сезимталдыкты ооздуктоого жардам берет.

• Меники кызыксыз дегенди жолотпоңуз. Өзүңүздүн ойлоруңузду бөлүшкөндөн коркпоңуз, бирине кызыксыз болсо, экинчисине кызык болот. Эмоцияларды бөлүшүп, мээни “бошотуу, тазартуу” керек. Эгер сизди укканга ылайыктуу эч ким жок болсо, психолог, психотерапевт сыяктуу профессионал адистерге кайрылуу керек. Анын эч кандай уяты же коркунучу жок.

• Физикалык ден соолук. Эмпат адам өзүн эмоционалдык ден соолугуна эле эмес, физикалык абалына да көңүл бурушу керек. Туура тамактануу, тынч уйку, таза абада сейилдөө, спорт менен машыгуу жана башка. Дени сак адам бардык оорчулукка туруктуу болот.

• Негативдүү эмоцияларды чакырган окуялардан алыс болуңуз, жашоосу негативге толгон адамдар менен карым-катнашты токтото албасаңыз, алар менен болгон байланышты азайтуу сунушталат. Андан көрө позитивдүү окуяларга, көз ирмемдерге, адамдарга умтулуңуз.

-ЖАГЫ

1. Өзүнүкүн айта бербейт. Көп учурда адамдарга угуучу керек, тагыраагы, ичтеги, жан дүйнөдөгү “таштанды ойлорду” төккөнгө идиш гана болуп берет. Эмпат адам өзүнүкү башкага кызыксыз экенин сезет. Мындай учур көп кайталанса депрессия жаралат, эмпат адам өзү эмоционалдык “күйүп кетүү” абалына жетет.

2. Адамдардан бат тажайт. Ооба, бардык нерсенин чеги болгондой эле эмпатиянын да чеги бар. Ага чер жаза сүйлөшүп отуруу үчүн 1-2 саат эле жетиштүү. Андан ашык убакытта айланасындагылардан тажап, тажаганы үчүн кайра өзүн жемелеп баштайт.

3. Объективдүүлүк жоголот. Башкалардын эмоциясына жетеленип жатып, объективдүүлүктүн чеги кайда экенин сезбей калышы мүмкүн.

4. Көндүрүү жөндөмүнө ээ, манипулятор боло алышат. “Жардан секирип өл десе, өлөсүңбү?” деп апаларыбыз урушчу эле, эсиңиздеби? Эмпаттар адамдын эмоционалдык абалын түшүнүп эле койбостон, аны башкаруу жөндөмүнө да ээ болушат. Андыктан мындай адамдар менен сүйлөшүүдө сак болуш керек дешет психологдор.

КАНДАЙ ЭМПАТТАР БАР?

• Эмоционалдык эмпат – адамдардын эмоционалдык абалын тереңден сезген адам.

• Физикалык эмпат – айлана-чөйрөнү, адамдарды физикалык байланыш аркылуу сезе билген адам. Алар адам айтпаса дагы бир жери ооруп турганын же адам өзүң ыңгайсыз сезип турганын байкай алышат.

• Интуитивдүү эмпат – алар алдын ала негативдүү окуя болорун сезиши мүмкүн. Андыктан өзүн же жакындарын коргоп кала алат.

• Энергетикалык эмпат – адамдын, кайсы бир жайдын, үйдүн энергетикасын, аурасын сезе билет. Көп адам чогулган компанияларда көп, аралаш энергетикадан улам бат чарчап калышат, негативдүү үйдө эч ким кубалабаса деле өзүн жаман сезип, кеткиси келе берет.

ЭМПАТИЯНЫ КЕСИПКЕ АЙЛАНТКАНДАР

Сезимталдыкты туура пайдаланып, аны пайдалуу кесипке айланткандар бар. Эмпат адамдар кандай жумушта иштешсе ыңгайлуу? Медицина кызматкерлери, айрыкча психолог, психотерапевттер, андан сырткары мугалимдер, тарбиячылар... Ал эми эмпат адамга сунушталбаган кесиптер кайсылар болушу мүмкүн? Укук коргоо тармагындагы кесиптер: милиция, юрист, прокурор, сот жана башка. Бул тармакта негативдүү эмоцияларды башкара албай калуу коркунучуна кошумча, объективдүүлүктүн жоголуп кетүүсү да тоскоол болот. Андан сырткары өрт өчүрүү, куткаруу кызматы да сунушталбайт. Бул тармакта иштегендерде туруктуу жана бекем, күчтүү эмоционалдык фон болушу керек.

 

Асыл Орозбекова     

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1172, 30-май-5-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан