Кыргоол – коркок жана сак канаттуу

Дүйнөдө канаттуулардын 11 миңдей түрү жашаса, алардын бири кыргоол. Өзүнүн кооздугу жана этинин даамдуулугунун арты менен саны азайып кеткен кыргоолдордун жашоосу тууралуу сөз кылабыз. 

Короздору кооз, бостектери серт болот

Кыргоол тоок сымалдар түркүмүнө кирет. Анын "туугандары" болуп тоок, тоос, керең кур, кара кур, цезарка, улар, үндүк, кекилик, чил эсептелет. Кыргоолдор Евразия, Америка, Африка метеригинде кездешет. 5-7 түрү, 180дей түрчөсү (подвид) бар.

Кыргоолдун денесинин узундугу 80- 85 сантиметр, салмагы 800-1800 граммга чейин болот. 5-7 жылга чейин жашашат. Короздорунун буттарында текөөрлөрү бар, канат-жүндөрү кооз, жылтырак. Бостегинин канат жүнү саргыч боз жана короздорунан кичирээк болушат.

Канаты кыска, жазы, жакшы чуркайт, бирок алыс уча алышпайт. Чочуп кеткенде гана уча качпаса, адатта калың чөп, бадалдардын түбүнө бекинет. Кыргоол коркок жана сак канаттуу. Уясынан же бекинген жеринен жем издеп кайра чыгарда туш тарапты кылдат карайт.

Даамдуу эти, кооз куйругу үчүн адамдар атып өлтүрө беришип, саны азайып, айрым жерлерде жоголуп кеткен. Айрым өлкөлөрдө кыргоолдор Кызыл китепке киргизилген.

Кыргызстанда 1 түрү, 2 түрчөсү бар

Өлкөдө кадимки кыргоолдорго кирген түрү жана семиреченский, сырдарьинский (эндемик) деген түрчөлөрү бар.

Токойлордогу дарыя бойлорун жана көлдөрдүн жака-белиндеги бадалдуу, чычырканактуу, бүлдүркөндүү, камыштуу, чөбү калың өскөн жерлерди байырлайт. Башкача айтканда, сууга жакын жерлерде жашашат.

Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген эмес. 2025-жылдын май айындагы маалыматка таянсак, өлкөдө 52 миң 395 кыргоол бар. 

Күз-кыш мезгилинде топтошуп жашашат

Өсүмдүктөрдүн уругу жана бүрү, майда жемиш, жер-жемиштер, ит мурундун мөмөсү, чычырканактын ашы, курт-кумурскалар, үлүл, чычкан сыяктуулар менен тамактанышат. Күз-кыш мезгилинде топтошуп жашашат.

Тамактары аш болушу үчүн убак-убагы менен 1-3 миллиметрлик майда таштарды жутуп турушат.

Кыргоолдордун башкы душманы болуп адам, түлкү, чөө, өрт эсептелет. Кирпи, сагызган, карга, келемиштер жумурткасын жеп жок кылышат.

Короздору бийлеп бостектерине жагынат

Көбөйүү мезгилинде, эрте жазда короздору атаандаштарына карата агрессивдүү болуп чыга келишет. Үн чыгарып бостектерди чакырат. Келген бостектин алдында канаттарын жазып, аны айланып “бийлеп”, кооз канаттарын көрсөтүп, жагынат. Жупташкан соң короздор түлөгөнгө киришет. Бостектер жерге уя салып, ичине чөптөрдү төшөп, 8-18ге чейин тукум тууп, 22-26 күн басып чыгарышат. Бул аралыкта жем издеп анда-санда гана чыкпаса, дээрлик уясын таштабайт. Андыктан жарым салмагын жоготот. Балапандары 1 айлыгында салмактары 130 граммга чейин жетип, 3 метр бийиктикке, 30 метр алыстыкка чейин учууга жарап калышат. 50 күн дегенде кадимкидей учуп калышат. 10 ай болгондо жетилишет.

Бостектер балапандары чоңоё түшкөндө гана түлөй башташат.

Фазан аталышы шаардын атынан чыккан

Фазан дегенде эл кыргоолдун орусча котормосу деп түшүнөт. Бул туура эмес. Фазан аталышы биздин доорго чейинки VI кылымда негизделген Фазис шаарынын аты менен байланыштуу. Аталган шаар азыркы Грузиянын аймагындагы Пати шаарынын ордунда болгон жана кыргоолдору менен даңкталган. Аргонавттар ал жактан Грецияга алып кетишкен. Фазис шаарынын атынан кыргоол фазан аталып кеткен.  

Грузиянын улуттук канаттуусу

Байыркы грузиндер кыргоолдун эти жашоону жана бакытты чагылдырат деп эсептешкен. Алардын уламышы боюнча, аңчылыктын Кудайы аял Дали болгон. Ошондой эле жапайы канаттуу жана жаныбарлардын пири деп да эсептелген. Ал адамдардын ичинен баатыр аңчыны сүйүп калып, мамиле түзүп, түбөлүк сүйүүсүнүн белгиси катары кыргоолду белек кылган экен.

Грузиндер аталган канаттуунун төш этинен өздөрүнүн улуттук тамагын –  чахохбилини жасашкан. Кийин анын этинин ордуна тооктукун колдоно башташкан.

Кыргоол ошондой эле АКШнын Түштүк Дакота штатынын жана Япониянын Иватэ префектурасынын символу болуп эсептелет.

Алтын, күмүш сымал түрчөлөрү бар

Кыргоолдордун түрчөлөрү көп.

• Күмүш лофура кыргоолунун үстүнкү бөлүгү куйругуна чейин күмүш түспөлүндө болот. Кытайдын түштүгүн, Мьянманын чыгышын жана Индокытай жарым аралын байырлайт.

• Алтын кыргоолдун нагыз мекени Кытайдын батышы, ал жакта жапайы түрдө кездешет. Бирок ал Түштүк Кытай, Чыгыш Монголия, Орусиянын Забайкальск крайы, Тибеттин түштүк-чыгышына чейин тарап кеткен. Алар айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлгөн айдоо талааларына, чай плантацияларына жакын жашашат.

Кыргоолдун бул түрчөсүн бир кезде Кытайдан Улуу Британияга фермага багып-көбөйтүп, сатуу үчүн алып кетишкен. Бирок ал жактан качып кетип, жарым жапайы болуп кеткендери болгон. Алар эркиндикте көбөйүп, өлкөнүн климатына ыңгайлашып кетишкен. Андыктан аталган өлкөнүн токойлорунда учурда өтө аз санда болсо да алтын кыргоол бар.

Алтын кыргоол декоративдүү канаттуу катары зоопарктарда кармалат. Ар өлкөлөрдөгү канаттуулар фермалары аларды багып, көбөйтүп сатышат. Эл анын кооздугу үчүн сатып алышат.  

Тайвань кыргоолунан 10 миңдей калды

•Алмаз кыргоол. Моюн жана көкүрөк бөлүгү жашыл, төбөсүндөгү үрпөйгөн жүнү кызыл. Кытай, Бирма, Тибетте жапайы түрдө кездешет. Тикендүү бадалдуу аймактарды, бамбук токойлорун көбүрөөк байырлашат.

• Чаар кытай кыргоолу. Мунун падышалык кыргоол деген да аталышы бар. Жапайы түрдө Кытайдын өрөөн, капчыгалайларында жолугат. Муну да өзгөчө кооздугу үчүн дүйнөнүн ар бурчунда багышат.

•Тайвань кыргоолу. Аты айтып тургандай, Тайванды байырлайт. Бул түрүн улуу британиялык натуралист Роберт Свайно изилдегендиктен, анын атын да алып жүрөт. Маалыматтарга караганда, 1966-жылы жок болуп кетүү коркунучу алдында турган. Учурда саны 10 миңдин тегереги делинет жана коргоого алынган.

• Кыргоолдордун Европага тараган румын, Азияны байырлаган көк кулактуу, Индокытайда кездешчү прелат, Малакка жарым аралында жана Борнео, Суматра аралдарында жашаган жону кызыл түрчөлөрү да бар.

•Колдо багып, этин тамак-ашка пайдалануу жаатында Европада кыргоолдун закавказье, семиреченск жана кытай түрлөрүнөн аргындаштырып, гибриддик “аңчылык” түрүн чыгарышкан.

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1172, 30-май-5-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан