Калыбек Турдубев, шоумен: «Элди күлдүрүү мага оор деле эмес»

Кыргызга КВНдин арты менен белгилүү болгон  бир топ  таланттуу инсандар бар. Алар азыр ар кайсы тармакта ийгилик жаратып келишет. Алардын бири, шоумен, алып баруучу Калыбек Турдубаев  менен маектештик. Ал учурда эмне кылып жатканын, ийгиликтерин айтып ой бөлүштү. 

– Саламатсызбы, Калыбек мырза? Көп убактан бери маектеше элекпиз, жаңылыктарыңыз көбөйүп калса керек?

– Саламатсыздарбы?
Ооба, көптөн бери маектеше элек экенбиз. Эми айта турган чоң жаңылыгым деле жок. Азырынча жок, болуп калат деген үмүттөмүн (күлүп). Болсо эле силердин гезитке кабарлайм, буюрса.

– Учурда продюсерсиз, сөздүн дагы бир маанисинде устат дегендей сөз эмеспи. Шакирттериңиз барбы?

– Ооба, продюсерлик кылып турабыз, билгениңиздердей, бир-эки жолу кино тарттык. Ачыгын айтсам, кино тармагында мен шакирт таптаганга жетише элекмин, анткени өзүм шакиртмин. Бул тармакта эч нерсени түшүнө элекмин, эми эле тажрыйба топтоп келе жатам. Бирок алып баруучулук жактан, сахнада өзүн алып жүрүүдө, куудулдук жактан тарбиялап келе жаткан шакирттерим бар десем болот. Алып баруучулук жактан Актилек, Жакшылык, Ханболот аттуу жигиттер бар. Эми кандай устат экенимди алар айтып беришпесе, мен билбейм (күлүп).

– Азыр элге белгилүү болом деген жаштарга жакшы шарт түзүлдү деп ойлойм. Убагында сизди колдогон, элге алып чыккан инсан болгонбу?

– Өзүбүз эле чыгып кеттик дегенден алысмын, баары Кудайдын буйругу менен болду. Бир аз өзүм себепчи болушум мүмкүн, аракет кылдым. Бирок элге аздыр-көптүр таанылып калганымды тагдыр деп ишенем. Себебин кылганым үчүн ийгиликтер болду. Ошол эле учурда “баланча адам мени колдон жетелеп сахнага алып чыкты, андай кылды, мындай кылды” деп да айта албайм. Андай адам, чындыгында, болгон эмес. Биринчи биз окуган университет колдогон. Агайлар анча-мынча демөөрчүлүк кылып турушкан, анткени Бишкекке барып оюн көрсөтүп келүүбүз үчүн деле чоң каражат керек болчу. Башында өзүм “Тамашоу” долбоорунун туруктуу күйөрманы элем, мага “No name” командасы жагып, андагы балдарды кумир тутчумун. Ошолорго фанаттык кылып жүрүп, алардын аркасынан команда түзүп, анан биз чыгып кеткенбиз.

– Байкашымча, мурунку “Тамашоу” долбоорунда ойногон жигиттердин көбү кино тармагына келишти. Бул мыйзам ченемдүүлүкпү, анткени алар сценарий жазып көнүп калышат эмеспи?

– Туура айтасыз, кино тармагында мурунку "тамашоучулар" көп жүрүшөт. Алып баруучулук жагы болобу, тамадалык жагыбы, блогерликпи, актёрлук, режиссёрлук болобу, сценарий жааты болсун, айтор, биздин балдар көп жүрөт. Кыргызстандын шоу-бизнесинде "Тамашоу" долбоорунан чыккан балдардын чоң эле орду бар. Дүйнөлүк шоу-бизнести алып караганда деле ырчылык менен актёрлуктан башка нерсе жок. Эми ырдаш биздин колдон келбегенден кийин кино жаатында кетүү чечими деле туура болду окшойт. Чындыгында, “кино тартып жатыптыр, ал киночу экен” деп калабыз го. Ал айтууга жеңил болгону менен, жасоого келгенде өтө оор нерсе. Майда-чүйдөсүнөн баштап куралып чыккан нерсе болгондуктан, чоң мээнетти талап кылат. Финансы жагын эле алып көргөндө, кинодон тыйын түшсө жакшы түшөт, бирок киноң болбой калса катуу эле банкрот болосуң. Чоң тобокел кылыш керек болот. Киного келиш чоң эрдик деп билем.

– “Тамашоудо” ойноп жүргөн сиз менен азыркы Калыбектин ортосунда кандай айырмачылык бар?

– Өтө чоң деле айырмачылык жок го дейм. Турмуш өзү бирде бар, бирде жок болуп жатып тарбиялап коёт экен. Ошого бир аз оор басырыктуу болуп калдым десем болот. Жети өлчөп, бир кесип дегендей, кадамдарды абайлап таштап калат экенсиң. Анан убакыттын өтүшү менен ой жүгүртүү, баалуулуктар башкача болуп өзгөрөт экен. Болбосо, мурдагы Калыбек ошол эле бойдон.

– Киного, интермедияга, же тойго деле сценарий жазуу керек болот эмеспи. Сценарий жазууда сөз байлык керекпи же фантазия керекпи?

– Сценарий жазууда сөз байлык да, фантазия да талап кылынат. Бирок биринчи фантазия керек болот. Күчтүүрөөк ойлонуп, элде жок нерсени, эл айта элек нерсени, эч ким ойлонуп чыга элек нерсени бергенге аракет кыласың. Өзөгү түзүлөт. Сценарийди алгач фантазия менен, блок кылып түзүп аласың. Диалогдоруң элдин эсинде калгандай чыгаруу үчүн сөз байлык менен шөкөттөп чыгуу керек болот. Ошондуктан экөө тең маанилүү. Ал эми ошонун баарын жан дүйнөдөн чыгаруу чоң иш.

– Сиз каалаган бийиктигиңизге жеттиңизби? Кыялыңыздын канчасы ишке ашты?

– Адам шүгүр кылганда гана тоёт дейт го. Дайыма шүгүр кылганга аракет кылам. “Мынча бийиктикке жеттим” деп такыр эле айта албайм. Эл катары эле, элдин арасында эле жүргөн карапайым бир адаммын. Бийиктикте деле эмесмин. Алдыда кыла турган иштерим, кыялдарым бар. Кудай өмүр берсе ишке ашырам деп ойлойм. Чыгармачылык жактан жакшы бир из калтырсам, же элиме бир жакшы иш кылып кетсем деген изги тилегим бар. Убагы келгенде болуп калар. Эң негизгиси, адам жакшы жашап өтүп кетиш керек. Мусулмандардын китеби болгон Куранда адам кандай жашап өтүш керек деп кандай жазылган болсо, ошондой жашап өтүп кетсек, эң чоң жеңиш деп билем. Жашоонун эң бийик жери ошол болсо керек.

– Элди ыйлаткан жеңил, күлдүрүү оор деп айтышат эмеспи. Ошол оор кесипти аркалаган кайсы кесиптешиңизге баа бересиз?

– Элди күлдүрүү – башкалар үчүн оор болсо керек, бирок мен үчүн оор деле эмес. Ушул жаатта баа берген адам бар. Бир адам бар. Мени менен бир командада жүргөн "напарнигим" Садыкка баа берем. Эмнеге десеңиз, ал эң жөнөкөй эле сөздү деле күлкүлүү кылып сүйлөй алат. Таланты чын эле таң каларлык деп баа берем.

– Сөз соңунда маекти үй-бүлөңүз жакшыбы, баары жайындабы деген суроо менен аяктайлы.

– Үй-бүлөмдө баары жакшы, мамыр-жумур болуп ынтымакта жашап жатабыз. Баары ойдогудай.

 

Нуржамал Жийдебаева

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1172, 30-май-5-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан