Акыркы кезде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдардын санынын көбөйүп жатканы өкүнүчтүү. Бул жолку каарманыбыз да алардын бири. Учурда каралаша турган эч кимиси жок 2 баласы менен ооруканада жатат.
Тагдырын баяндаган айым күйөөсүнүн мыйзам алдында жазасын албай ээн-эркин жүргөнүн айтат.
“Апам менен кызымды акча үчүн өлтүрүп кетишкен”
– Аты-жөнүм Замира Камбарова, 38 жаштамын. Өзгөндүн Жыланды айылында туулгам. Кичинемде 2-3 таежемдин колунда жүрдүм. 12 жашка чыкканымда апам менен өгөй атамдын колуна барып, 18 жашка чейин алар менен жашадым. Энелеш бир иним бар, ал 1994-жылкы.
Айылыбыздагы бирөөгө баш кошуп, бирок пикир келишпестиктин айынан бат эле ажырашып кеттик. Анан сыртынан жакшы көрүнгөн бир жигит сөз айтканынан макул болуп ага баш байладым. Бирок ал дагы мен күткөндөй эмес адам болуп чыгып, кош бойлуу кезде ажыраштым. 2007-жылы кызым төрөлдү. Кызымды апама таштап 2010-жылы Орусияга кетип, ал жакта 3 жыл иштедим. Иштеп жүргөнүмдө бир күнү апамдын каза болгону тууралуу кабар келди.
Көрсө, айылыбыздагы 16 жаштагы бала үйгө уурулукка кирип, апамды, 6 жашар кызымды өлтүрүп кетиптир. Ал бала бир нече жыл абакка отуруп чыкты.
Апам мээнет менен тапкан үйдү иним 2017-жылы менин "кой, сатпа" дегенимди укпай сатып жиберди. Апам каза болгондон кийин иним экөөбүз ошол үйдө жашап турган элек. Апам мага деп убагында жер тилкесин алып койгон, биздин укукту коргой турган эч ким жок, аны айылдагы бирөөлөр башкага сатып жиберген.
“Мен төртүнчү аялы болуп тийдим”
– Үйүм жок калгандан кийин Ошто, Жалал-Абадда батирлерде жашап, ар кайсы иште иштеп жүрдүм. Анан үй-бүлө күтөйүн деп 2019-жылы азыркы жолдошум Нурбекке тийдим. Анын жашы 42де. Нурбектин айылы Өзгөндүн Шоро-Башаты. Алар 5 бир тууган.
Күйөөм мага чейин 4 аял алган экен. 3 аялынан 3 кызы бар. Өзүнүн айтуусу боюнча, Орусияда жүргөндө 2 топ болуп мушташып, бирөөнү уруп өлтүрүп алышыптыр. Ошого Орусияда бир нече жыл абакта отуруп чыгыптыр.
Экөөбүз баш кошкондон кийин дароо бөлүнүп чыгып, Өзгөндүн Жыланды айылында ар кайсы батирге көчүп жашап жаттык. Айрымдарына төлөсөк, кээ бирлери үйдү кайтарып жашагыла деп акыларын алышкан жок.
Жолдошум кээде гана ичимдик иччү. Ак көңүл, анан бирөөнүн сөзүнө кирген жетеленме жагы бар. Ар кайсы иште иштеп жүрдү. Башында жакшы жашап жатсак, кийин уруш-талаш көбөйдү. Кээде үйгө түнөбөй, тапканын алып келбей калат дегендей.
Менин сөзүмдү укчу эмес, үй-жай кылалы, эл катары жашайлы деп баштасам эле итатайы тутуп, "мага акыл үйрөтпө" деп кыйкырып чыкчу.
“Балдарым менен өзүмчө жашайын десем болбоду”
– Жолдошумдан 2020-жылдан баштап таяк жеп келе жатам. Башы-көзүмдү жарып, катуу сабагандыгы үчүн буга чейин 2021, 2023, 2024-жылдары милицияга арыз бердим. Биринчи жолкусунда күйөөмө эскертүү беришкен. Кийинкилеринде "үй-бүлөлүк маселелерди өзүңөр чечип алгыла" деп күйөөмө чара көрүшкөн эмес.
Уруш-талаштан жадаган жаным күйөөмө “мени тынч койчу, сен апаңды карап аны менен жашай бер. Мен өзүм иштеп, балдарды багып, жашайын” деген күндөрүм болду. Бирок ал кетпеди.
Үйдөгү уруш-талаш 2-балам төрөлгөндөн кийин мурункудан да көбөйдү. Жакында кызым 4кө чыгат, балам 7 айлык.
2 баламды жетелеп алып базарга чыгып иштеген күндөрүм болду. Күнүмдүк тиричиликке акча табыш үчүн газдалган суу, “распрожада” кийимдерди саттым. Батирлеп көчүп жүрүп, акырында күйөөмдүн эжесинин эски, сыз үйүндө жашап калдык. Сыз болгону үчүн балдарым тез-тез ооручу болгон. Апам каза болгондон бери мени менен эч ким катташпай калды. Иним гана чанда кабар алып турат.
“Бети-башыма тепкилеп жатты”
– Жолдошум акыркы учурда бирөөгө койчуман болуп иштеп жүргөн. 2025-жылдын 19-майында мени кайрадан катуу сабады. Ушуну менен 5-жолу катуу сабашы. Сөздөн сөз чыгып, бала эмизип отурган жеримден ур-тепкиге алды. Буту-колу менен туш келген жериме уруп, тепкилеп жатты. Өлтүрөт экен деп нес абалына түшүп, балама тепки тийбесин деп аны кучактап бүрүшүп отуруп алсам, башыма, бетиме тепкиледи. Балам менен кызымдын жүрөгү түшүп, чыңырып ыйлап жатышты. Башы-бетим канжалап кетти...
Анан милицияга өзү чалып, “мен аялымды уруп жатам, келгиле, болбосо уруп өлтүрүп коём” деди. Анан "Тез жардам", милиция кызматкерлери келишти. Мени балам менен Өзгөндүн ооруканасынын травматология бөлүмүнө алып кетишти. Ур-тепкиден башым чайпалып жана жарылып, мурдум, кулагым сынып, денем көк-ала болуптур. Жарылган жерлерди врачтар тигишти, мени соттук экспертиздан өткөрүштү.
“Мага жардам керек”
– Кызым үйдө калган, аны күйөөм карап жатыптыр. Күйөөмдү милиция кызматкерлери башында суракка алып, эртеси бошотуп жиберишиптир. Ал ооруканадагы мага телефон чалып “кызды алып кет, мен жайлоого кетип жатам” деди. Кайненем эртеси кызымды ооруканга жетелеп келип “карай албайм, ыйлап жатат” деп таштап кетти. Ошентип мага каралашар, кабар ала турган эч ким жок 2 балам менен учурда ооруканада жатам.
Тергөөчү менен аймактык тескөөчү 1 жолудан келип, мени сурактан өткөрүп кетишти. Алардан “күйөөм эмне болот, камалабы?” деп сурасам, “экспертизанын жыйынтыгы чыкса, анан билинет” деп коюшту.
Башым, мурдум азыр сүйлөгөндө да ооруп жатат. Мурдум менен дем алышым кыйын болууда. Врачтар сыныгы бүтөт деп жатышат. Токмоктун уусунан баламды караганга дарманым жок. Ушунча ирет токмок жедим, эми оорукчан болуп калбаймбы деп корком. Ооруканадан чыксам таежемдикине барсамбы деп жатам. Алар макул болбосо кайда барам билбейм. Жашаган жерибизге барсам күйөөм келип, өлтүрүп коёбу деп корком.
Ооруканадан чыккандан кийин биротоло жакшы айыккыча дарыланууну улантышым керек. Дары-дармекке, тамак-ашка акча керек. Батирге чыксам анын акысын төлөшүм кажет. Бир бөлмө үйүбүз болсо 2 баламды кор кылбай багып алат элем.
Айтарым, мени сабаганы үчүн күйөөм мыйзам алдында жазасын алышы керек. Мен ушуну гана талап кылам.
Эскертүү: Редакция бул окуя боюнча экинчи тараптын да оюн угууга, алардын пикирине да орун берүүгө даяр.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
МБанк: 0772 910700
Канымжан Усупбекова