Дэниел Рэдклифф десең тааныбашы мүмкүн, бирок Гарри Поттер десең баары тааныйт. Өз атын жоготуп, кинодогу персонажга айланган актёр атактуулук менен кошо жашоосунда толгон токой көйгөй жаралганын айтат. Актёрдун жашоосундагы орчундуу фактылар менен бөлүшөбүз.
Толук аты-жөнү: Дэниел Джейкоб Рэдклифф
Туулган жери: Улуу Британия, Лондон
Туулган жылы: 1989-жыл, 23-июль
Жылдыз белгиси: арстан
Бою: 165 сантиметр
Кесиби: актёр
Тартылган белгилүү тасмалары: “Гарри Поттер”, “Жунгли”, “Абсолюттук бийлик”,
“Преториядан качуу”, “Алдамчылык иллюзиясы”
жана башка
“Гарри Поттердин” уландысы тартылышын каалабайт
Бул каалоосу элдин аны Гарри Поттер катары гана эстеп калышында эмес экенин айтат актёр. “Поттердин баяны бүттү. Бүткөндө да жакшы нотада аяктады. Эгер анын уландысын тарта берсек, буга чейинки сыйкырдуу окуялардын таасири жоголуп кетет. Мага дал ошол сыйкыр жагат, качандыр бир күнү балдарым менен чогуу “Гарри Поттер” сагасын баштан-аяк көргүм келет” дейт. 2001-жылдан баштап 2011-жылга чейин Гарри Поттердин ролунда тасма талаасында жашаган Дэниел Рэдклифф көрөрманга сыйкырдуу дүйнө тартуулады
Поттердин айынан мектептен кеткен
Кино дүйнөсүнө аралашып калуусу жөн жерден эмес. Апасы актёрлорду тандаган кастинг агенти, атасы адабий чөйрөдө иштеген адамдар. Чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнүн баласы да чыгармачылыкка оогон. Кичинесинен театр ийримине жазылып, эң алгач бир постановкада маймылдын ролун ойногонун эскерет. Киного болсо 1999-жылы тартылып баштаган, 2001-жылы “Гарри Поттердин” чыгышы менен популярдуулукка жеткен баланы классташтары кабыл алган эмес. Мектепте шылдың-келеке, мушташ, көрө албастыкка кабылып, акыры окуусун таштап салган. Кызыгы, классташтары менен болгон тиреш кинодогу кас душманы Драко Малфойду жаман көргөнгө жардам бериптир.
Поттердин 10 жылы
Гарринин образындагы, жашоосундагы Дэниелге жаккан буюм – сыйкырдуу шыпыргы же башка эмес, тоголок көз айнек экен. 10 жыл аралыгында жүргөн тартуу процессинде андай тоголок көз айнектин 160 даанасын тагынган. Актёр өзүнө эң биринчи жана эң акыркы бөлүмдөрүндөгү көз айнектерди эстеликке алып калган. Дэниелге франшизанын “Гарри Поттер: Азкабандын туткуну” бөлүмү жагат. Режиссёрлор Рэдклиффтин жоопкерчиликтүү, эмгекчилдигин баса белгилешет, 10 жылдык иш процессинде ал 2 күн гана тасма талаасына келбей калган, анда да ооруп калганына байланыштуу. Кечигип келген күнү болгон эмес. Биринчи бөлүмүнө тартылганда 1 миллион евро гонорар алган, ал сумма бара-бара көбөйүп, 4-бөлүмдө
5 миллион евро алса, акыркы бөлүмдө эмгек акысы 15 миллион еврого бааланган.
Атактуулуктун экинчи тарабы...
Жөнөкөй адамга Рэдклиффтин жашоосу идеалдуу көрүнөт. Белгилүү, бай... Бирок актёр Гарри Поттердин атактуулугу аз жерден аны “жеп” коёюн дегенин айтат. Сыйкырчы баланын персонасы көпчүлүктүн кызыгуусун, керекпи, актёрдун аркасынан сая түшө көзөмөлгө алуусун жараткан. Рэдклифф артынан дайыма бирөө аңдып жүрөт деген коркунуч ой менен жашап, ал сезим өнөкөт паникага айланганын эскерет: “Гарри Поттердин” акыркы бөлүмдөрүндө чыдабай калгам, паниканы жеңиш, унутуш үчүн спирт ичимдиктерин иче баштадым. Өзүмдү ушунчалык ыңгайсыз сезгендиктен, мээмди тазалаш үчүн болсо да ичтим. Аз да болсо унуткарат эле, ошентип отуруп бир күндүк алкоголь жумага, айга, анан жылдарга айланып, кадимки аракечке айланыптырмын. Анан кайра башынан өзүмдү колго алганга, тарбиялаганга, жашаганга өттүм...”
Олдоксон эмес
Иш-чара, түрдүү кечелерден Рэдклиффтин жүрүм-турумун байкасаңыз, олдоксон кыймыл-аракеттер байкалат. Чынында, актёр олдоксон эмес, бул оорунун белгилери. 2008-жылы ал кичинесинен бери диспраксия дарты менен күрөшүп келерин айткан. Бул ооруда майда моториканы талап кылган кыймыл-аракеттер эпке келбейт. Мисалы, актёр бут кийиминин боосун өзү байлай албайт, текстти бат жаза албайт, сулуу кол жазманы айтпай эле коёлу.
Гарри Поттерден кийин
“10 жыл бир тасмада, бир образда жүрүү оңой эмес. Бир чети атактуулук, бир чети бир образга байлануу деген курмандык турган. Ошол бир образдын курмандыгы болуп калбайлы деген ой тасмадагы бардык актёр-актрисалардын коркунучу эле. Андыктан “Поттерге” тартылып жүрүп да башка тасмаларда роль жаратканга аракет кылдым, эл мени башка амплуада да көрүп жүрсүн деген ой болду”,- дейт Дэниел Рэдклифф. Айтканындай эле ал чыгармачылыгынын башаты болгон театрды таштаган эмес, азыркыга чейин театр актёру катары да эмгектенип келет. Андан сырткары көптөгөн тасмаларга тартылды, драма, триллер, детектив жанрында “Жунгли”, “Абсолюттук бийлик”, “Преториядан качуу”, “Алдамчылык иллюзиясы” тасмаларына тартылды. Албетте, аны көпчүлүк Гарри Поттер катары тааныды, бирок көп кырдуу талант экенинен да шек жок.
“Сүйүктүүлөрүңдү өлтүрдөн” тапкан сүйүүсү
Ушундай кызыктуу аталышка ээ тасмадан Дэниел америкалык актриса Эрин Дарк менен таанышкан. Экөөнүн сүйүү романы тууралуу сөздөр 2012-жылы жайыла баштаган эле. Өзүнөн 5 жаш улуу, бою да узун айымга ашык болду актёр. Анан бир ажырашты, кайра табышты болуп отуруп мамиле 2020-жылы бекемделди, акыры экөө баш кошту. 2023-жылы болсо Аарон Рэдклифф аттуу уул бала жарык дүйнөгө келгенин жар салышты.
“Тамеки паровозу”
Рэдклифф тамекини паровоздой эле тартканынан улам кесиптештери “тамеки паровозу” деген лакап ат ыйгарышкан. Бул жаман адат да “Гарри Поттердин” таасиринен улам жаралган. Артисттин дагы башка өнөрлөрү бар. Мисалы, ал Жейкоб Гершон деген псевдоним менен ыр жазат. Андан сырткары хип-хоп күйөрманы, кээ бир жайларда актёрду рэп-аткаруучунун ролунда көрүп калсаңыз таң калбаңыз. Дмитрий Менделеевдин таблицасындагы бардык элементтерди окуй аласызбы, Дэниел мырза окуй алат. Филантроп, акчасын кайда кетирүүнү билет, көп жылдан бери Лондондогу оор дарт менен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүп келет. Азыр аны популярдуулугу, күйөрмандардын көңүл буруусу кыжалат кылбайт. “Папараццинин камерасына түшүп калган жылдыздарга таң калам. Алар сенин кайда жүргөнүңдү кайдан билишет же өздөрү чалып айтышабы, билбейм. Мени атайын аңдып жүргөн камерачылар жокко эсе, болсо деле мейли деп коём. Көчөдөн таанып сүрөткө түшөм дегендерге ачыкмын” дейт ал.
Асыл Орозбекова