Бир бүркүм. Курман айт 6-июнда белгиленет...

Бишкек-Алматы жолунда жол кырсыгы болуп, 4 адам каза тапты.

 Кыргызстан Литва жана Беларусь менен ветеринария жаатында кызматташтыгын кеңейтет.

 29-майда Кыргыз армиясынын түзүлгөнүнө 33 жыл толду. 

 Айрым мектептерде 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылары айтылды.

 Оштон Алматыга аба каттамы ачылды.

 Ош шаарынын мурдагы мэри Жумадыл Исаков кармалганы кабарланды.

 Депутат Элдар Абакиров Сокулукта дарыгерлер ийне саюуда балага ВИЧ жуктурушканын айтып чыкты.

 Ошто 21 жаштагы жигит милиция кызматкерине пара берип жатканда кармалды.

 Өлкөдө быйыл Курман айт 6-июнда белгиленет.

 Ишкер Рысгүл Акимжанова Эверест чокусун багындырды.

 ИИМ: "Өлкөдө Акыркы коңгуроо одоно мыйзам бузууларсыз өттү".

 Дина Анарбаева Социалдык коргоо департаментинин жетекчиси болуп дайындалды.

 Быйыл мектептерде 11-классты 10 678 окуучу аяктады.

 Бишкек-Балыкчы поезд каттамына билеттер жакында сатыкка чыгары маалымдалды, баасы 73 сомдон 800 сомго чейин.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1172, 30-май-5-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан