Садыр Жапаров ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери менен жолукту

28-майда Бишкекте президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлерин кабыл алды. Делегациялар бир күн мурун, 27-майда Бишкекке келе баштаган. Жолугушууда Жапаров Кыргызстан ЖККУ алкагында өз ара жардам механизмдерин бекемдөөгө жана аймактык коопсуздукту чыңдоого артыкчылык берип жатканын баса белгиледи. Ал ошондой эле заманбап коркунучтар – терроризм, экстремизм жана киберкоопсуздукка каршы турууда биргелешкен аракеттер маанилүү экенин айтты.

Министрлер Кыргызстан ЖККУдагы төрагалыгын ишенимдүү аркалап жатканын белгилешип, уюмдун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, аскердик кызматташтыкты тереңдетүү жана маалымат алмашууну жакшыртуу боюнча сунуштарын айтышты. Күн ичинде коргоо министрлери эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, ЖККУнун жоопкерчилик аймагындагы жаңы чакырыктарды жана уюмдун аскердик түзүмдөрүн өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жыйынга Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов төрагалык кылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1172, 30-май-5-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан