Чүй облусунда окуучулар массалык түрдө мушташкан эки окуя катталды: бири Новопавловка жана Кожомкул айылдарынын окуучулары арасында, экинчиси Темен-Суу айылында. Бишкекте буга чейин "Ата-Түрк" сейил багындагы студенттердин массалык мушташы коомчулукта кеңири талкууланган эле. Бул көрүнүштөр 90-жылдардагы жаштар арасындагы “авторитет” түшүнүгүн эске салууда. Милициянын маалыматына караганда, мындай окуялардын баары дароо ачыкка чыга бербейт. Көп учурда жергиликтүү тургундардын кайдыгер эместигинин аркасында гана белгилүү болуп жатат.
Бишкек ШИИББинин мурдагы маалымат катчысы Улан
Жумаков "жаштардын арасында күч, зөөкүрлүк жана коркутуу менен лидерликке жетүү тенденциясы күчөп жатат" дейт. “Бүгүнкү коом чоңдордун эле эмес, жаштардын да жүрүм-турумун одоно күч менен жөнгө салууга үйрөтүп жаткандай. Балдар чоңдордон үлгү алышат. Эгер чоңдор башкаларга жаман мамиле кылышса, урушуп-сөгүнүшсө, жаштар да ошону туура көрөт”, – дейт ал.
Ошондой эле Жумаков балдардын тарбиясы көңүл сыртында калууда. “Мектептер каникулга чыгып, көп балдар эмне менен алек болору белгисиз. Спорт секциялары арзан эмес, маданий ийримдер жетишпейт”, – деди Жумаков.