Коррупция: Дагы эки чоң иштин бети ачылды

Кыргызстанда жер жана мүлк мыйзамсыз менчиктештирилген дагы эки ири коррупциялык иш ачыкка чыкты. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Сокулук районунун мурдагы акиминин орун басары Р.И. жана анын өкүл баласы, “Нива” кооперативинин жетекчиси А.М. 990 гектар жерди мыйзамсыз пайдаланып келген. Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 74 миллион сомдон ашканы аныкталды. Аларга тиешелүү 54 кыймылсыз мүлк, анын ичинде элиталык батирлер, соода жайлары жана Ысык-Көлдөгү пансионат катталган.

Ошол эле учурда УКМК Нарындын Жумгал районундагы 1,14 гектар жер тилкесин мамлекетке кайтарды. Ал тилке СССР мезгилиндеги Оңдоочу-техникалык станцияга тиешелүү болуп, кийин жеке адамдардын менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөн. Бул процесс алдын ала сүйлөшүүлөр жана жасалма банкроттук аркылуу ишке ашырылганы белгилүү болду.

Учурда мыйзамсыз менчиктештирилген бардык мүлктү мамлекеттин карамагына кайтаруу жана келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүүдө деп айтылат маалыматта. Эксперттердин баамында, бул иштер коррупцияга каршы күрөштө маанилүү кадам болуп саналат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1172, 30-май-5-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан