2025-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстанда ичеги инфекцияларынан жабыркагандардын өсүшү 35,7 пайызды түздү. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти маалымдайт. 2025-жылдын январь айынан апрель айына чейин өлкө боюнча 6 миң 348 бейтап катталса, 2024-жылдын ушул мезгилинде 4 миң 610 бейтап катталган. Ооруга чалдыккандардын басымдуу бөлүгүн (81,6 пайыз) 14 жашка чейинки балдар түзөт.
Адистердин айтымында, ичеги инфекцияларынан жабыркагандардын көбөйүшү майдан сентябрга чейин созулат, ал эми эң жогорку чек августта күтүлөт. Илдетке негизги себеп – жеке гигиенаны сактабагандык болуп саналат. Оорунун алгачкы белгилери – алсыздык, баш ооруу, дене табынын көтөрүлүшү, кусуу, ичтин оорушу жана башка. Медицина кызматкерлери колду самындап жууп, жемиштерди жана жашылчаларды жакшылап тазалап, тез бузулчу азыктарды көчөдөн сатып албоо жана муздаткычта сактоо сыяктуу эрежелерди так аткарууга чакырышат. Дарыгерлер өз алдынча дарыланууга болбой турганын эскертип, алгачкы белгилер байкалганда дароо медициналык жардамга кайрылуу зарылдыгын белгилешүүдө.