“Ал эмне? Ал махабат!” деп эле шаңкылдап ырдап жүрбөйсүңөрбү. Аалам оодарылып кетсе да бу сезим дегениң өчпөйт окшобойбу, чиркин! Сиз менен биз сүйүү деген бирде эрте, бирде кеч келип адамдын айласын кетирерин көрүп эле жүрөбүз. Эч болбосо кеч болсун деген ата-бабам, кыргызга төбөсү көрүнгөн айрым “жылдыздардын” кечигип кезиккен сүйүүсү тууралуу бир аз саймедиреп берейин дедим. Айып этпегиле.
Суктанамын сага, келинчек 19 жашта...
– Эми-и, Нукем кыйын киши. Кыйынды кыйын эле деш керек. Бойдок жигиттер, силер бир кыздын көңүлүн таба албай, бир куштун боосун тыңыраак кармай элексиңер, а Нукем канча куштун “боосун тагып, канчасын кайра учуруп жиберди”... Эсебим деле жетпей калды. Жакында эле 19 жаштагы бийкечке баш кошконун айтып далайды суктандырды. Диванда жатып алып “ий, бетим, ушуга эле кыз табыла берет экен да” деп “уятмен” боло бербей силер да аракет кылсаңар боло, жигиттер. Болбосо, кыялыңардагы сулуунун баарын ушинтип агаларыңарга тарттырып жибересиңер, атаңдын оозун урайындар. Колдон келбей жатса акырын номерин сурап таап Нукемден “мастер-класс” алгыла. Бир сыры бардыр акыры. Мисалы, мен анын коколой башы жалгыз жүрбөй жар тапканына кубандым. Өмүр бою бир кемпирдин сызган сызыгынан чыга албай жүргөн мендейлерге Нукемдин улам үлпөт тойго даярданып жатышы “бальзам на душу” болуп жатпайбы. Болгону жанагы нике кыйып жаткандагы сөзүңө туруп, жубайыңа убада кылган “айпонуңду” кечиктирбей алып берип кой, үкөм. Өзү 19 жашта болсо, жаш да айланайын, заманбап келинчекке айланып жаныңда жанашып жүрө берсин. Башка не дейин эми.
Жалаң “шикарный” аялдар жолуксун деп жибере жаздадым
Улам кыргыздын бүйүрүн кызытып, улам талкууга түшүп турган Кайрат деген ырчы үкөм бар. Эй, ушу бала “за любой кипиш” деп чыга калат окшойт деп калдым. Башынан эмне деген хайптар өткөн жок, көпчүлүк канча “тепкилеп” кетти. Бир карасам аталышы төрт тамгадан турган сүрдүү органда сурак да берип жүрдү. Балада “туруктуу иммунитет” барбы, качан көрсөң талкуу үстүндө. Кечээ жакында эле Кайрат үкөмдүн мурунку аялы интервью берип ырчынын үйлөнгөнүн жар салды. Ана сага, азыр мурунку аялдар кийинкиси тууралуу маалымат берген заманда жашап жатабыз. Катуу айтты бирок. “Мирбек Атабеков менен Нурлан Насип эркегирээк экен, мурунку аялдарын урматтап үйлөнбөй жүрүшөт” деп балп эттирбедиби. Дагы далай “парда аркасындагыларды” айтып таштады. Андан да “кийинкисин көрдүм, менден шикарный эмес” дегени таң калтырды. Жигиттер, биринчи аялыңардан кетсеңер кийинкиде сөзсүз андан “шикарныйраагынан” алат окшойсуңар. Болбосо “менден шикарный эмес экен” деп деле капа болуп калышат турбайбы. Каке, эмне дейбиз, эми токтой көр. Жолуңдан жалаң “шикарный” аялдар жолуксун деп бата берип жибере жаздадым, иттики. Ушу тилим жаман менин. А так тилегим ак, ар ким өз жашоосун өзү билет эмеспи...
Сүйүүнүн кайыгында калкыгандар
“Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден, сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден” деп Алыкул Осмонов атабыз ташка тамга баскандай айтып кетиптир. Ушу менен бир катар жакында жарын тапкан жылдыздарга бакыт каалап кетейин дедим.
“Сүйдүм чокторду” тарыхчасында жамгырдан кийинки козу карындай жаадырып, элдин көзүн кычыштырып жаткан Назира Айтбекова карындашыма бакыт каалайм. Чиркин, көздөн жаш кылгырат го сүйүнүчтөн, Манасынын колтугунда башын катып, не деген сүйүү саптарын жазып атыр, жазып атыр... “Бакыт тынчтыкты сүйөт беле, байкачы карындашым” деп мен бери жакта кыжалат.
Баса, Малика Дина деген кызыбыз 15 жылдан берки сүйүктүүсүнө баш кошконун айтып элди бир дуу эттирди. Аки-чүкүсүн билбейм, “кызынын атасына кайра турмушка чыкты, антти, анан минтти” деп эле жазып жатышат. Аны кайдан билишти деп акылым айран.
Айбек Карымов иним да бир башын эки кылыптыр. Жубайын элге өзүнүн концертинде тааныштырды. Кулагым чалганына караганда, жубайы Айбек мырзанын классташы экен. Ап-бали-и, чыныгы сүйүү ошентип жылдар менен сыналып, жоголуп кайра табылып, сыноосу, сыры бүтпөй анан табылат деген чын белем.
Кичине тамаша аралаштыра чымчылап койдум, ананайындар, кап этпегиле. Бактылуу болгула деген гана ак батамды берем.
Толик сынчы