КОЙ
(21.03–20.04)
Мамиле курган адамыңыздын сиз менен келечек тагдырын байлоо максаты барын же жогун аныктап алыңыз, болбосо аны менен бекер убакыт өткөрүүнүн кереги жок. Жамаатта эмгектенгендерде иш ордун алмаштырып, жаңычылдыкка умтулуу сезими пайда болот. Аптада бир четинен жеке жашоо, экинчи тарабынан жумуш, тиричилик иштери көңүлүңүздү ээлеп, бош убакыт дээрлик болбойт. Анан да күтүүсүз жерден чоң буюм же кыймылсыз мүлк сатып алып кубанасыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Июндун экинчи аптасы букачарлардын алдына бир катар сыноолорду коёт. Үйдө сиздин катышууңуз керектелген иштер чыгат, туугандардын көйгөйлөрүн да чечишиңиз керек, сыртта да жумуш күтүп турат. Романтикалык жолугушуулар эки тарапка тең жылуу сезимдерди тартуулайт. Сизге кубаныч тартуулаган майда нерселерден акча аябаңыз. Өткөн мезгилде, унутулуп калган адам кайра пайда болуусу мүмкүн. Дем алыш күндөрү сизге энергия тартуулаган жагымдуу маанайда өтөт.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Аптанын ийгиликтүү же ийгиликсиз болушу сиздин ички туюмдан жана демилгеден көз каранды болот. Ички туюм “бул иштен натыйжа чыкпайт” десе, тобокелдикке барбаңыз. Достор менен жолугушуу, чер жазышуу ушул аптада орун алат. Башкалар менен иштөөдөн энергия аласыз, андыктан үй иштерин биргелешип жасаңыздар. Коомдук жайларда сак болуңуз, баалуу буюмдарды же документтерди жоготуп алуу коркунучу бар. Апта соңунда конокко чакырыласыз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Бул аптада каржы булагына көңүл буруп, канча таап, канча коротуп жатканыңызды иреттеңиз. Тапканыңыздан коротконуңуз ашпашы керек. Эгер каржы булагы жетпей жатса, анда жаңы булак тапканга аракет кылыңыз. Сиздин жардамга муктаж адамдар чыгат, кол сунуңуз. Үйдү тазалоо, оңдоо-түзөө иштерин ушул аралыкка пландаганыңыз жакшы. Түгөйүңүзгө сиз тууралуу жалган маалымат айтып урушкусу келгендер чыгат, сабырдуу болуңуз. Дем алыш күндөрүн өзүңүз эс алгыдай пландап алганыңыз оң.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Жумушта маанилүү чечим чыгарууга аралашасыз. Сүйлөшүүлөргө даяр болуп, жаңы өнөктөштөрдүн тилин табуу үчүн алдын ала даярданган туура. Ак эмгек менен тапкан акчада уят жок, андыктан жумуш издеп жүргөндөр алдынан кандай жумуш чыкпасын колго алганы жакшы. Үй-бүлөлүүлөрдүн эмоционалдык байланышы бекемделип, ортодо гармония орун алат. Ишемби, жекшемби чарчаганыңызды сезесиз, эч нерсеге көңүлүңүз чаппай калат. Сизге тынчтыкта, таза абада эс алуу сунушталат.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Жумушуңузда бир аз кыйынчылыктар болушу мүмкүн, ошого карабай кесиптештер менен биргеликте жеңип чыгасыздар. Документ иштеринде, бирөөнө акча которуу операцияларында сак болуңуз. Аптанын экинчи жарымы тынч, көңүл жай маанайда өтүшү күтүлөт. Бейшемби, жума күндөрү чыгармачылык эргүүңүз артат, андыктан үйдү кооздоо, колго буюм жасоо, интерьерди өзгөртүү сыяктуу нерселер менен алектенсеңиз жакшы. Таарынтып алган адам менен элдешүү үчүн 1-кадамды өзүңүз жасаңыз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Жакын адамыңыздын эмоционалдык абалы туруксуз, депрессия абалында экенин байкайсыз, аны колдоп, жылуу сөздөрдөн айтып туруңуз. Жума күнү бойдоктордун жеке жашоосунда романтикалык өзгөрүүлөр байкалат. Тааныштардын ашар ишине катышасыз. Инвестиция жасаганга ылайыктуу убакыт, андыктан чогулган акчаны кирешелүү ишке жумшасаңыз пайда алып келет. Тамак-аштан уулануу коркунучу бар, жаңы бышкан мөмө-жемиштерди жегенде абайлаңыз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Иш жаатында пайдалуу жолугушууларды өткөрүүгө ыңгайлуу убакыт. Ийгиликке жетем десеңиз, айта турган оюңузду, идеяларыңызды так, кыска-нуска жана тартынбастан айтууну үйрөнүңүз. Дем алыш күндөрү үй-чарба иштери менен алектенүү күтүүдө. Жаңы таанышкан адам жакшы достордун катарына кошулуусу мүмкүн. Андыктан жаңы таанышууларга ачык болуңуз. Финансы тармагы өйдөлөп, көңүлүңүзгө жаккан нерсе сатып алышыңыз күтүлөт. Үйдөгү кичине балдардын ийгилигине күбө болосуз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Аптада кабыл алган чечимиңиз, келечегиңизге таасир этет, андыктан терең ойлонуп иш кылыңыз. Үй-бүлөлүү жаачылар кандай кырдаал болбосун түгөйүңүздүн колдоосуна ээ болосуз. Ал эми бойдоктор аптанын экинчи жарымында көңүлүнө туура келген адам менен таанышуусу мүмкүн. Алдыңызда бардык эшик ачык, андыктан алдыга кенен максат коюп, алга кете бериңиз. Саякаттоо, эл-жер көрүү планыңызды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болот, артка жылдырбаңыз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Эч нерсеге жетишпей, дайыма шашып жашап жүргөндөй болосуз. Бул сезимден арылуу үчүн күнүмдүк жашоо планыңызды иретке келтирүү керек. Ар бир саатыңызда эмне кылып, кайсыны кийинкиге жылдыруу керектигин блокнотко жазып алып, ошол график менен иш алып барсаңыз, жашооңузду көзөмөлгө алган болосуз. Конокко чакыруу алып, капчыктагы акчаны эсептөө керек болот. Ден соолукка кам көрүү максатында ишиңизден өргүү алганга туура келет. Дем алыш күндөрү тынч өтөт.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Эч нерсе болбойт деп жалган айтып, абройлуу адамдардын ишеничинен чыгып калбаңыз. Тобокелдик талап кылынган иштерди кийинкиге калтыруу оң, убактысы келе элек. Көпчүлүктүн көңүл борборунда болууга туура келет, даяр болуңуз. Үй кожойкелери балдарынан сюрприз күтө берсе болот. Бойдоктор иштеген ишинде кызматтык романга кабылышы ыктымал. Техника жабдыктары менен иш алып барып калсаңыз абайлаңыз, жаракат алып калуу коркунучу бар.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Эмне жасап, кандай кадам кылса каржы маселесин чечсе болорун ички туюм менен сезе аласыз. Коркпой эле алдыга умтула бериңиз. Жеке жашоодо туруктуулук сакталат. “Эл эмне дейт?” деп өз каалооңуз менен коомчулуктун талабы ортосунда талаш суроо жаралат, башканын ыңгайын эмес, өзүңүздү тандаңыз. Түшүңүзгө аян кириши мүмкүн дешет жылдыздар. Жакын адамдарыңыздын бири жакшылыгына чакырат, ал жактан достор менен да жолугуп чер жаза эс алып келиңиз.