Дүйнөдө 50 миллиондон ашык адам деменция (алжып калуу) менен жабыркайт. Келечекте бул сан улам жогорулай берет дешет окумуштуулар. Адамдын адам экенин унуткарган бул дарт дароо эле пайда болбойт, көптөгөн факторлор таасир этип отуруп, акырындык менен күчөп кетет. Деменциянын алдын алса болот. Кантип?
ДЕМЕНЦИЯ БУЛ...
Деменция – бул адамдын эс-тутум, ой жүгүртүү, сүйлөө жана үйрөнүү жөндөмдүүлүгү сыяктуу когнитивдик функцияларынын төмөндөшү. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул акыл-эс жөндөмүнүн акырындык менен начарлашы. Бул абал көбүнчө мээ клеткаларынын бузулушунан улам келип чыгат. Деменция көбүнчө улгайган адамдарда кездешет, бирок ал жаш куракта да пайда болушу мүмкүн. Дүйнөлүк статистикага ылайык, 65 жашка чейин деменцияга кабылгандардын саны 2 пайызды түзсө, 65 жаштан жогоркулар 30 пайыз көрсөткүчтө.
ДЕМЕНЦИЯ БАШТАЛГАНДА КӨҢҮЛ БУРЧУ БЕЛГИЛЕР
Өз оюн айта албай баштайт: сөздөрдү унутуп, тааныш эле буюм-тайымдардын аталышын эстей албайт;
Уйку бузулат: күндүз уктап, түнкүсүн уйку качат;
Кыска мөөнөттүү эс-тутум: бир күн мурун айтылган же жасалган нерсени деле унутуп калат, алгач жакынкы убакта болгон окуяларды унутат, бара-бара өткөн чактагы жашоосу да унутула баштайт;
Тынчсыздануу абалы: эгерде адам аны кимдир бирөө аңдып жатат деп айтса, бул акыл-эстин бузулушунун белгиси болушу мүмкүн;
Кулк-мүнөзүндө өзгөрүүлөр орун алат;
Убакыт жана мейкиндик ориентациясын жоготуу: аптанын кайсы күнү экенин, аялдамага же жакынкы дүкөнгө кантип тез жетүүнү эстеп калуу кыйындай баштайт;
Бир нерсе жасоого көңүлү чаппай баштайт;
Көңүл бурбоо: бир суроону берет, жоопту укканы менен, эстей албайт, кыска аралыктан кийин кайра эле ошол суроону бере берет;
Диалог кура албай калат: акыл-эси бузулган адам сүйлөшүүнү, диалогду уланта албайт жана көңүлүн бир нерсеге топтой албайт, ал тынымсыз темадан темага секирип кетет же айта турган сөзүн таптакыр унутуп калат;
Галлюцинация: көзүнө жок нерселер көрүнө баштайт, жөөлүйт;
"Плюшкин синдрому": эгер адам күтүлбөгөн жерден керексиз нерселерди “кийин керек болот” деп чогулта баштаса, анда тынчсызданууга себеп бар.
АЛДЫН АЛУУЧУ КАДАМДАР
Буга чейин деменциянын келип чыгуу себептери тууралуу макала жазганбыз, бул ирет аны кантип алдын алуу керектиги тууралуу маалымат беребиз. Мындайча айтканда, мээнин саламаттыгын арттыруучу “көнүгүүлөр”.
Сүйлөшүү
Үйдөгү кары адамдар менен көп сүйлөшүү керек. Буга анын жанындагылардын жардамы зарыл. Өткөндөгү, учур чактагы кызыктуу окуяларды, бүгүнкү күндү майда-чүйдөсүнө чейин сүйлөшкүлө. Үйдө позитивдүү маанай, кары кишиге болгон сый (көп сүйлөйт деп кагып-силккен болбойт) урмат болушу керек.
Бир нерсе менен алек болсун
Кары кишинин колунан бардык ишти алып салган болбойт. Тескерисинче, колунан келе турган, алы жете турган майда жумуштарды моюнуна милдет кылып берүү керек. Анын жардамына муктаж экенин билсин. Идиш жуугусу келсе жуусун, короо шыпыргысы келсе шыпырсын, тоокторго күнүгө жем берсин, дүкөнгө барып нан алып келүү милдетин деле тапшырып койсо болот.
Сүрөт
Азыр бардык көз ирмем телефонго тартылып калган техника заманы. Жашоодогу жагымдуу көз ирмемдерди чагылдырган сүрөттөрдү кагазга чыгарып, альбомго салыңыз. Кары кишилер менен байма-бай ал сүрөттөрдү карап, ошол учурда эмне болгонун эстеп, сүйлөшүп туруу керек. Жаш балдарга, үйгө келген конокторго сүрөт көрсөтүү, алар тууралуу айтып берүү милдети үйдөгү кары адамда болсун.
Туура тамактануу
Туура тамактануу адамдын келбетине, бүт организмдин саламаттыгына оң таасир берерин жакшы билебиз. Деменциянын алдын алууда да мыкты жардамчы, туура тамактануу мээнин нейрондорундагы дегенеративдик өзгөрүүлөрдү жайлатып, гипертониянын пайда болуу коркунучун азайтат. Майлуу, ышталган, туздуу, ачуу, жарым фабрикат тамак-аштан качып, жашылча-жемиш, жаңгак түрлөрүн жеш керек. Кызыл этти канаттуулардын, балык этине алмаштыруу сунушталат.
Таза аба + күн нуру
D витамини биздин организм үчүн абдан пайдалуу. Ал кан тамыр деменциясынын жана Альцгеймер оорусунун пайда болуу коркунучун азайтат. Тилекке каршы, бул витаминди 90 пайыз түз күндүн нурунан гана алууга болот. Фармацевтикалык препараттар таза түрүндө организмди бул витаминге күнгө салыштырмалуу толугу менен кандыра албайт. Андыктан аз-аздан болсо да күнүгө күн нурунун алдында болуу сунушталат.
Организмге керектүү дагы бир нерсе – таза аба. Канчалык көп таза аба менен дем алсак, ошончо жакшы. Карыган адамдар күнүгө сейилдеши керек.
Кыймыл
Күн нуру, таза аба сыяктуу активдүүлүк да маанилүү факторлордун бири. Кары адам көп басканы жакшы, канчалык көп басса ошончо муундарына күч кирет (сөөк, муун оорулары, дарыгердин каршы көрсөтмөсү жок болсо). Күнүгө кичинеден басып, организм көнгөндөн кийин ал аралыкты дагы узартып турсун. Алгач 15 мүнөт тынбай басууну адатка айлантып, ага акырындан кошсо болот. Колго-бутка жеңил көнүгүүлөрдү жасоо керек.
Мээни активдештирүү
Мээге да көнүгүү жасоо керектелет. Күнүгө бир нерсени өзгөртпөй жасай бергенде, жаңычылдык жок болуп мээ “жалкоо” болуп баштайт. Андыктан интеллектуалдык активдүүлүк болсун, сканворд, кроссворд, ребус, баш катырма жана башка табышмактарды чечүүнү адатка айлантуу керек. Күнүгө жаңысын алыңыз. Китеп, гезит-журнал окуңуз, акыркы маалыматтар менен кабардар болуп туруу жакшы. Окуган маалыматтарды үйдөгүлөр менен бөлүшүп, анализдеңиз. Шахмат, шашки, карта жана башка акыл-эс оюндарын ойноо зарыл. Неберелер менен конструктор куруу, аларга жомок окуп берүү, мектептен берилген үй тапшырмаларын аткарууга жардам берүү, алар менен чогуу ыр жаттоо керек.
Уйку режими
Изилдөөлөргө ылайык, үзгүлтүксүз уйкунун качышы (суткасына 7 сааттан аз уктоо) мээнин когнитивдик функциялары үчүн өтө кооптуу, анткени бул абал Альцгеймер оорусунун өнүгүшүнө түрткү берүүчү факторлордун бирине алып келет. Андыктан жаш кезден уйку режимин жөнгө салышы керек.
Стресстен качуу
Стресс учурунда кортизол гормону активдүү синтезделет. Бул гормон мээнин иштешине терс таасирин тийгизет, ошондой эле эс-тутумдун начарлашына алып келет. Ошондуктан деменция менен күрөшүүдө стрессти минималдаштыруу зарыл. Кары адам стресс абалына туруксуз келет, бардык нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алат, бат сүйүнөт, капаланат, таарынат. Стресс абалдан качуу же болбосо минималдаштыруу үчүн жакындарынын жардамы, түшүнүүсү, колдоосу керек болот.
Асыл Орозбекова