Ата жолун жолдоп, элге куудул, пародист катары таанылган Канат Мадымаев бул аптанын каарманы. Сахнада жүргөнүнө 10 жылдан ашып калыптыр. Күлкү, сахна, келечек жаатында пикир алыштык.
– Белгилүү куудул Рахман Разыковдун жаркын элесине арналган куудулдар сынагында жеңүүчү аталдыңыз. Сынак калыс өттүбү?
– Ооба, калыс өттү. Сынакка 15 куудул ат салышып, мен “Супер куудул” наамына ээ болдум. Тарыхты жаңыладым десем да болот. Анткени Рахман аяш атам көзү тирүү кезинде куудулдар сынагын өткөргөндө атам Дөөлөт Мадымаев да “Супер куудул” аталган. Анда 31 жашта эле, мен бул сыйлыкка 30 жашымда жеттим. Сахнага атамдын баскан-турганын, кылык-жоруктарын туурап, сатирасын аткарып чыктым. Эл атамды эскерип, өзүндөй туураганым үчүн абдан кол чаап, “атасынын баласы” деп алкап жатышты. Элге таанымал башка адамдарды да туурадым.
– Атаңызды эскерүү концертин өткөрсөм деген оюңуз барбы?
– 11-февраль – атам менен апамдын туулган күнү. Атамды эскерүү концертин 2026-жылы ушул датада Бишкектен баштасам деген планым бар. Бардык облуста концерт койсом дейм. Концерттин аталышын да ойлонуп койгом: “Супер куудул” атанын “Супер куудул” баласы” деп аталат.
– Ата-энеңиз балдарына, анын ичинде сизге кандай таалим-тарбия берди?
– Ыраматылык атам ал кезде Кара-Суу районунун Жданов айылында жашаган апамды жактырып калып, жуучу жиберип, баш кошкон экен. Атам ак көңүл, боорукер, мээримдүү, аз, бирок саз сүйлөгөн, көңүлчөөк, таарынчаак, бирок абдан тамашакөй киши эле. Кээде үйдө казан-аяк кагышып калганда апама “атамды көп эле уруша бербеңизчи” деп жан тартып калчумун. Бирок апамдын ачуусу заматта эле тарачу. Экөөсү урушкандан кийин 5 мүнөт өтпөй эле күлкүлөрү угула баштачу. Атам ар нерсени айтып күлдүрүп жиберчү. Бир карасаң экөө сатира ойноп жаткандай эле туюлчу мага. Балдарынын ичинен атам мени көбүрөөк жакшы көрчү. Негизи атама көп жагынан окшошмун, муну көпчүлүк айтып жүрөт. Сүйлөгөнүм, пародисттик өнөрүм, баскан-турганым, келбетим окшош.
Атам башка куудулдардай эле гастролдо көп жүрчү. Үйдүн да, сырттын да ишин бүтүрөт деп апама ишенчү тура. Апам жаш кезде абдан чыйрак эле, чыйрак болгон үчүн атам каза болгондон кийин үй иштерин былк эттирбей алып кетип, бизди тарбиялап чоңойтту. Кыйынчылыктарга моюн берген жок. Ошон үчүн апабызга ыраазыбыз.
Алгачкы жеке концертимди ордолуу Ош шаарында бергенимде “Бул биринчиси, балам. Сен эми такшалып, эми ачыласың. Ката, кемчиликтерге эч көңүл бөлбө. Баары акырындык менен болот. Кийинки концерттериңде да эл арасында отуруп, кайрат берип турам” деп ишеним арттырып, мени чыйралткан.
- Атаңыздын бир кызыктуу окуясын айтып берсеңиз.
- Бир жолу атам өзүнүн Москвичине Рыспай Абдыкадыров агайды салып алып бир жакка жөнөп калышат экен. Шашып баратышып айланма жолдон (ред.: круговой) айланбай, жолду түз кесип өтүп кетишиптир. Алдыдан МАИ кызматкери тосуп “жол эрежеси баарына бирдей, “круговойду” неге айланбай өтүп кеттиңиз?” десе, атам “концертке шашып бараттык эле, эмкиде 2 жолу айланып коёюнчу” дептир. Тигилер каткырып коё беришиптир.
- Сахна сизди канчалык такшалтты?
- Сахнада жүргөнүмө 10 жыл болду. Такшалып эле калдым деп ойлойм. Ырчыларга караганда куудулдардын тарткан жүгү оор. Ар түрдүү сатира, образ, куйкум, чымчыма сөздөр керек. Улам жаңы сатира ойлоп таап турушуң зарыл. Элдин купулуна толуп, жүрөгүнөн орун алыш абдан кыйын да. Сапаты начар сатиралар менен чыксаң элдин заматта сенден көңүлү калат. Андыктан тынбай изденип, аудиторияңды кармап турушуң керек болот. Анын үстүнө атактуу куудулдун баласы болгондуктан “атасындай боло албады” деген сөздү угууну каалабайм. Сахнадан тышкары, жеке жашоодо да атамдын атына көлөкө түшпөсүн деп түз жүрүүгө аракет кылам.
Тааныгандар мени көргөндө жүздөрүндө жылмаюу пайда болуп амандашат. Көчөдөн биринчи жолу көрүп жатса дагы көптөн бери билген адамдай учурашышса, төбөм көккө жете түшөт. “Сенин талантың өзгөчө, башкалардан айырмаланып турасың. Алдыга жыла бер” дешсе сүйүнүп калам.
– Сизди саясий сатираларды жазат, бирок өзү ойнобойт дешет. Эмнеге?
– Негизи сатираларымдын көбүн өзүм жазам. Бирок саясатка анча кызыкпайм. Анын үстүнө саясий сатира менин жашыма, анан келбетиме туура келбейт экен. Бул жаатта идеялар келип калса жазып, башкаларга берем. Алар кошчусун кошуп, ширесин чыгарып, мен ойлогондон да артык кылып ойношот. Бул жакта туруп мен ырахат алам.
Башка куудулдар менин талантыма азырынча жакшы эле ой-пикир айтышууда. Бир убакта атама кызмат кылып жүргөн агаларга, азыр мен кызмат кылып жүрөм. Баары менен мамилем жакшы.
– Куудулдук менен эле кетесизби же келечекке башка пландар барбы?
– Айылда мал карап өскөм. Ошондуктан мал-жан курап, көбөйтсөм деген оюм бар. Бизнестин жол-жобосун үйрөнүп алсам аракет кылып көрүшүм мүмкүн.
– Жумушка байланыштуу сизде да кызыктуу же ыңгайсыз окуялар көп болобу?
– Биринчи жолу той өткөрүп жаткан үй-бүлөнүн тоюна тамада болуп калдым. Тажрыйбасы жок болгондуктан улам “дагы эмнелер керек?” “эмне кылабыз?” деп сурай беришти. Тамашалап “паспортуңардын көчүрмөсү керек” деп койсом, ишенип алып чыгартып келишиптир.
– Колдон көп эле иш келет окшойт. Кой союп, жиликтей аласызбы?
– Актёрдук талантым да бар. Трагедиялык, комедиялык кинодо башкы ролду жаратсам деп кыялданам. Устачылык кыла алам. Пайдубал куюп, дубал тургузуп там салуу колумдан келет. Кой соё алам, бирок жиликтөөдө бир аз кыйналам.
– Кийимди өзүңүз тандап аласызбы же кийим болсо болду деген мырзалардын катарындасызбы?
– Мага кийимдин жарашышы кыйын. Ошого айланып тандап жүрүп, зорго алам. Мезгилге жараша жаңы кийимдерди тандап сатып алган жагат.
– Келечекте өзүңүздү кандай элестетесиз?
– Келечекте өзүмдү бир үй-бүлөнүн бекем түркүгү, мыкты куудул жана пародист, мыкты актёр катары элестетем.
Канымжан Усупбекова