Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

(Башы өткөн санда)

Ак куу сахнада сүзүп жүргөндөй сезилди. Айкөлдүн чырайына чырай кошулуп, бүгүн өзгөчө сулуу көрүндү. “Сулуу кыз экен, талантты андан керемет” деген күбүр-шыбырлар ар кайсы жактан угулуп жатты. Сахнада анын ар бир кыймылынан көзүн албай отурган Акбардын абалын эч ким байкабады. Жүрөгү атып кетчүдөй согот. Өмүр бою издеп, таппай келе жаткан бир жакын адамын таап алгандай, алдынан бир керемет чыга калгандай, жашоосу жаңы өң алгандай сезилип жатты.

Ошол эле залда сыймыктануудан апкаарып дагы бир эркек отурду. “Менин Айкөлүм” деп жатты Айдар сыймыктана. Кечээ эле саамайы кесилген, секелек кыз эми элдин алдында ак куудай сүзүлүп, кооз авазы менен элди арбап жатканына бир ишенип, бир ишенбей жатты. Өзүнүн жары, тээ секелек кезинен сүйгөн, өзүнөн да жакшы билген Айкөлү! “Жаңылбаса экен, сахнадан сүрдөбөсө болду” деп жатты анын да жүрөгү дүкүлдөп...

Дуулдаган кол чабуулар, колдоолор, кучак толгон гүлдөр. Концерт бүткөндө аны ороп алган элдин арасынан Айкөл Айдарды издеп жатты. Айдар! Кайсы жакта жүрөт ал? Эмнеге жанына келбейт? Каректери издеп жатты күйөөсүн. Элден, куттуктоолордон чыга албай жатып деле издегени ал. Бир кезде тээ алыста өзүн карап жылмайып турган Айдарды көрдү. Сүйүнүчтөн жүрөгү ыргып кете жаздады. Эмнеге ушундай болду экен? Үйлөнгөндөрүнө канча убакыт болсо деле так кыз-жигит кездериндегидей жүрөгү тыпырай түшөт караган сайын. Айдар аны эркелете карап, колун көтөрүп койду. “Ушунча элдин ичинен кантип жетем сага, сабыр кыл” дегенди түшүндү, жадырай башын ийкеди.

Андан кийин таң каларлыктай бир окуя болуп кетти. “Жүрү, жүрү, шефтер чакырып жатат” деген уюштуруучулардын жетегинде кетти. Грим жасаган бөлмөгө кирип гүлдөрүн койгонго да жетишпей, топтун күүсү менен кетти. Өзү менен кошо сахнага чыккан ырчыларды да ошол жакка бара жатканын көрүп “тез эле бошосок керек” деп ойлоп калды. Бир бөлмөдө тамак-аш жайнап, куттуктоо үчүн күтүп турушкан экен. Кимдер булар? Акылын жыйып жетишкиче эле кайрадан кучагы гүлгө толуп, куттуктоолор жаап баштады. “Айдар кайда? Жанымда болсо го” деди кыжаалатта. Уюштуруучулардын көңүлүн калтыра албай, Айбек деген менеджеринин жетегинде келип, столдун баш жагына отурду. Дал маңдайында отурган чачы ак аралаган, көздөрү мээримдүү тигилген эркекти көрдү.

– Бул биздин шеф, Акбар Азизович, таанышып ал. Атайын сенин урматыңа келип отурат.

Айкөлдүн кулагына орой угулду бул сөз. Милдет кылып жаткандай сезилди. Кабагы буркөлүп, чимириле түштү.

– Жалгыз менин урматыма уюшулган стол болсо туура эмес болуптур. Жалпы жаш таланттар концерт бердик. Менимче, бул нерсе ашыкча...

– Сулуу кыздар ушундай наздуу болушат, Акбар байке, сиз көңүл бурбаңыз, – деп жымсалдаганга аракет кылып калды жанындагы кошоматчылар.

– Мен кетейин, атамдар күтүп жатышат, – деди Айкөл ыңгайсыздана. Менеджер Айбек мындай тартып чыгып, кулагына акырын шыбырады.

– Сен ким экенин билесиңби бул кишинин?

– Тааныштырдыңар го...

– Жинди кыз, бул сени көккө чыгара турган кудуреттүү кол, билсең. Бай, миллионер, акылдуу, кадырлуу адам. Сага кызыгып жатканда этегин кармап, карьера жасап ал, кантип жылдыз болуп кеткениңди билбей каласың.

– Эмне-е?

– Ошо!

– Мага андай “жылдыздыктын” кереги жок. Жөн эле жашайм...

– Хе, таракандар уялаган жатаканада жашап бир нерсеге жетем деп ойлоп жатасыңбы?

– Ооба, дал жатаканада жашап, жете турган жериме жетем, кыла турган карьерамды кылам!

Айкөл шарт бурулду. Ыза болуп, көкүрөгү кысылып, тамагы буулуп кетти. Өзүнөн көзүн албай турган Акбарды жек көрө тиктеп, так жанына барды. Кызды жакындан көргөндө ого бетер апкаарып, Акбар шашып кетти.

– Сиз мени ушу стол менен алдайм деп ойлодуңузбу? Уялбайсызбы?

– Ия? Мен...

– Сиз! Ооба, сиз, сиздей адамдар көнгөнсүңөр, кимди кааласаңыз акчаңыз үчүн алдыңызга алып келет дейсиз. Бирок жаңылып калдыңыз.

– Жаман оюм жок эле, туура эмес түшүнүп калдың окшойт, Айкөл.

Кыз ызасынан көз жашы имериле түштү. Акбардын эмне кыларын билбей карбаластай түшкөнүн байкады. Шарт бурулуп чыгып кетти. Эч кимди көргүсү келбеди. Ушундай бир керемет күнүн бузган адамдарга жаны кашая жинденип жатты. Грим бөлмөсүнө кирип, кийимдерин алмаштырды да сыртка жөнөдү. Атасы, апасы, кайын ата, кайын энеси, Айдар баары күтүп турган экен. Эч кимди көзүнө илбей Айдардын кучагына өзүн урду. Айдар ыңгайсыздана түштү. Келинчегинин жүзүн карап, анын ыйлаганын байкады.

– Эмне болду сага?

– Айкөл, кызым? – деди атасы. Ошондо чыдабай кетти, кызы атасынын көкүрөгүнө башын катып ыйлап жиберди. Кичине кезинде ызаланганда дал ушинтип атасынын койнуна кирип кетип, эс алгыча ыйлачу. Баары эмне кыларын билбейт туруп калышты. Айжанар кудаларына эмне дээрин билбей калды.

– Эрке кыз да, атасын сагынган окшойт го... – деп жайгармай болду. Жеңиш кызын колдон ала ээрчитип ары жакта турган скамейкалар жакка басты. Ыйын токтоткондо гана маңдайынан сылады.

– Эмне болду, кызым?

– Кечирип коюңуз, ата, мен өзүмдү кармай албай кеттим.

– Сен жөндөн-жөн эле антпейт болчусуң. Бир нерсе болду, мага айт.

– Мага арнап стол жасатыптыр бир адам. Чоң адам экен... Мага менеджер “жатаканада жашап карьера жасай албайсың, көрүнүктүү адамдар кызыгып жатканда этегин кармап эптеп кал” деп айтканда жиним келип кетти. Ошол эле... Ыза болдум. Мага өз өнөрүм менен жетпеген нерсенин эмне кереги бар? Мен жылдар бою ушул үчүн окуган эмесмин да.

– Сен туура кылдың, кызым. Мындан ары да жашооңдо ушундай азгырыктар чыгат. Бирок сен дал бүгүнкүдөй туура чечим чыгарасың деп ишенем. Жашоо кызгылт күлгүн эле түстө эмес, кызым. Кара, ак, бозомук түстөрү да бар. Бирок анын баарын сен жеңесиң. Мен сага ишенем.

– Сизди жакшы көрөм, ата!

– Кызым!

Жеңиш кызынын саамайынан сылады. Бир топко сүйлөшүп отурушту. Кайра келсе, Айдар жалгыз калыптыр. Айкөл өзүн эң адепсиз келин сезип кетти. Кайын ата жана кайын энеси менен жок дегенде жөндүү саламдашпай ыйлап калганын кара.

– Атамдарды таксиге салып жибердим. Эжемдикине жатып алып, эртең чыгышмай болду.

– Айжанар кайда, биз да кетели, – деди Жеңиш.

Ата-энесин мейманканага чейин узатып коюп, Айкөл менен Айдар жөө кайтышты. Айкөл ага болгон окуяны айтып берди. Айдар токтоолук менен укту.

– Аты ким экен?

– Уккан жокмун жакшы деле. Акбар беле...

Бир топ убакытка чейин үн катпай барды Айдар, Айкөл ага кынала берип жүзүн өзүнө каратты.

– Мага таарындыңбы? Кечирчи мени...

– Эмне эле менден кечирим сурап жатасың, Айкөл? Сен эч бир кылмыш кылган жоксуң.

– Кызганган жоксуңбу?

– Кызгандым, жаным, кантип кызганбайсың?.. Сен бүгүн өзүңдү көрсөң... Сахна үчүн жаралгандайсың, талантың, сулуулугуң... Кызгандым, жаным чыга кызганам. Бирок бул сенин жолуң, сен жылдар бою окудуң. Сени кызгансам да, кыйналсам да жаныңда болушум керек. Жанагыдай калжырак кептерди угузбай тезирээк бутума турушум керек. Сени эч кимге, эч нерсеге муктаж кылбашым керек. Ошону ойлонуп жатам. Сенден бир мүнөт да күмөн санабай калайын. Сен менин жашоомдогу башыма келген эң чоң бакытсың.

– Сен менин бакытымсың, Айдар. Сенден башка эч ким маанилүү эмес!

Алар шыбыраша сүйлөшүп жатаканасына кетип бара жатышты. 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1173, 6-12-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан