Баш кошкон күнүңүз эсиңиздеби?

Жашоодо эсте кала турган окуялардын бири – сүйүктүүсүнө баш кошкон күн. Атактууларга собол салганыбызда күлүп, бактылуу күндөрүн эстеп айтып беришти. 

 

Чыңгыз Мамаев, актёр: “Жайлоодогу үйгө ат араба менен барганбыз” 

– Келинчегим Элмира Тагаева да актриса, экөөбүз окуу жайда чогуу окууганбыз. Анан Нарын драма театрында бир аз иштеп, 2002-жылы 23-июнда баш коштук. Ал кезде кыздарда азыркыдай ак көйнөк кийип турмушка чыгуу деген жок болчу. Шаан-шөкөт аз эле. Үйлөнөрүм тууралуу үйдөгүлөргө айткан учурда алар жайлоодо эле. Айылда, музыканттардын коштоосунда той өткөрсөм деген кыялымды атама айтсам, ал “жайлоого алып келе бер, тойду ушул жактан өткөрөбүз. Туугандар тойдун шылтоосу менен жайлоодо эс алып кетишет” деп койду. Айла жок, макул дедим. Элмира бир баштыкка керектүү кийим-кечегин салды. Ошентип автобус менен жарым жолго чейин бардык. Андан ары повесттеги Данияр менен Жамийладай болуп ат арабага отуруп жайлоого жеттик. Туугандар тойго жөө, атчан, ат арабачан, унаада барышып, тойго кошо эс алып, “өзгөчө той болду” деп күлүп кетишкен. 

Бактияр Токторов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Тоюбуз концерттей өткөн”                                        

– Келинчегим Наргизага 1998-жылы 7-ноябрь күнү баш кошком. Менден 11 жаш кичүү. Лейлектен, аяш акемдин кызы болот. Карындашым аркылуу таанышканбыз. Кийин билсем, кичине кезинен “Биз” тобунун күйөрманы экен. Күз болгонго дасторкон үстү толуп, тоюбуз жакшы өткөн, “Биз” тобу барып ырдап беришкен. Башкача айтканда, тоюбуз концерттей эле өткөн.

Тотомидин Жолдошев, ырчы: “Тойдун эртеси айылга концерт койгонбуз”                 

– Келинчегим Мээрим экөөбүз 4 жыл сүйлөшүп жүрүп, 2002-жылы баш кошконбуз. Баш кошуу сунушума макул болгон соң аны Бишкектен айылга алып кеткем. Ал кезде жашоо кыйыныраак эле. Биздин той гастролдорубуз менен бирге өткөн. Кечинде алып барып, апам ак жоолук салып, эртеси опур-топур болуп той өттү. Эртеси кечинде айылга концерт берип жатпайбызбы. Үйдө 2 күн туруп, анан Ош, Жалал-Абадды кыдырып 15 күндүк гастролго чыгып кеттим. Куудул Ильяз Агыбай уулу келинчеги Кенже экөө да ошол гастролдук топто болчу. 

Замир Баялиев, манасчы:  “Үйлөнөм деп 5 жыл күткөм”                                     

– Келинчегим Перизат менен 5 жыл сүйлөшүп, баш кошком. Мен анда “Мээрим” фондунда иштечүмүн, бир иштер менен биздин айылдагы лицейге барып калдым. Перизат ошол жерде 10-класста окуйт экен, таанышып калдык. Байланышып турдук. Мектептен соң ал Улуттук университетти бүттү. 2004-жылы августта сөйкө салып алып келип, үйлөнүү-үлпөт тоюн өткөрдүк. Башкача айтканда, үйлөнөм деп аны 5 жыл күттүм. Той жакшы өткөн. Кудайга  шүгүр, 4 балабыз бар. Эл катары жашап жатабыз. 

Азиз Батыров, ырчы: “Ойгонсом жанымда бирөө жатса, чочуп кетип жүрдүм”           

– Жубайым Максатай Авазова да комузчу. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде мен 2-курста окуп жаткан кезде ал 1-курста окучу. Окуу жайда “Сармерден” өтчү, ошондон таанышканбыз. Экөөбүз 7 жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ортодо таарынышуу болуп, узакка сүйлөшпөй калган учурлар болгон. Ошондой кезде “Мен сизди унутушум керек эле” деген ырымды чыгаргам. Кийин дагы бир таарынышуу болгондо “Сүйүү таптым, сүйүнчү” деген ырымдын клибинин бет ачарын өткөрүп калдым. Телефондон “Сармерден” тобуна келгиле деп жаздым. Максатайды чакырган эмесмин, ошол жактан окуп келиптир. Келгенин көрүп таң калдым. Апама Максатай тууралуу айтып жүрчүмүн да. Апам аны көрүп калып “баламды жакшы көрөсүңбү, тиесиңби?” деп сураптыр. Ал “ооба” десе, анда “даярдан” дептир апам. Ошентип апам үйлөн дей берип, акыры Максатайга шакек салып, баш кошуп калганбыз. Жалгыз жүрүп, жалгыз жатып көнүп калыпмын да. Бир нече күн эртең менен ойгонсом эле жанымда бирөө жатса бул ким деп чочуп жүрүп зорго көнгөм. Баш кошо электе “тамак-аш жасай аласыңбы?” десем, “ооба” деген. Көрсө, ботко да жасай албайт экен (күлүп). Апам үйрөткөн.

Замир Кайназаров, тамада: “Жетелеген бойдон унаага салып кеттик”                 

– 2009-жылы үйлөнгөм. Ал кезде кызга сөйкө салып, үйүнөн алып кетүү деген чанда кезикчү. Мен тойлордо музыкант болуп иштеп жүргөн кезим. Келинчегим коңшу айылдан, аны 9-классынан тарта сыртынан кайтарып жүрүп, 11-классты аяктаганда жеңеси аркылуу сүйлөшө баштадым. Анткени ал кезде чөнтөк телефон айрымдарда эле болбосо, бизде жок. Убакытты өткөрүп жүрө бербей деп бир күнү үйдөгүлөр менен сүйлөшүп, алып келмей болдум. Достор болуп бардык. Жеңеси эшикке чыгарып берди эле, жетелеген бойдон унаага салып алып кеттик. Кудайга шүгүр, учурда 1 кыз, 1 уулубуз бар, бактылуу жашап жатабыз. 

Кубан Алимов, куудул: “Ташкенттен Кочкорго чейин автобуста алып баргам”                       

– Келинчегим Дилбарага 1989-жылы 12-июнда үйлөнгөм. Экөөбүз Ташкентте окуп жүргөндө таанышканбыз. Мен театралдык институтта, ал Электротехникалык байланыш институтунда окуй турган. Кесиби – байланышчы. Дилбара Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Теплоключенка деген жеринен. Ага чейин далай кыздар менен таанышып, сүйлөшкөм. Нике буйрук экен, Дилбарага баш коштум.

Экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө кызыктуу күндөр өткөн. Бир күнү урушуп кеттик. Наргиза мени менен жарашуу максатында жатаканадагы биздин бөлмөнүн балконунун алдынан курбулары менен ары-бери өтө бериптир. Аны мен билбейм. Бир убакта жанымда жашагандар “тиги кыз келди, чыгыңыз” деп айтып калды. Мен көгөрүп болбойм. Айтор, акыры кайра жараштык.

1 ай сүйлөшкөндөн кийин үйлөнмөй болдум. Дилбараны алып, түндө Ташкенттен Фрунзени көздөй автобус менен жолго чыктык. Эл жок, салондо айдоочу, мен, Дилбар, дагы бирөө болуп 4 адам келдик. Фрунзеден Кочкорго “Пазик” менен жеттик. Той шаңдуу, жакшы өттү. Ошол той күнү Дилбара “эт эле жей берет экенсиңер” деп таң калган. Кийин башка таң калуулары да болду.

 

 

Канымжан Усупбекова   

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1173, 6-12-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан