Айдана Дека, ырчы: «Идеалдуу келин жок, идеалдуу мамиле бар»

Шоу-бизнестеги кош жылдыздын бири Айдана Дека маек төрүбүздө. Ал жашоосундагы урунттуу учурлары, балалыгы, жаштыгы жана азыркы учурдагы бактылуу көз ирмемдери менен бөлүштү. 

– Айдана айым, көбүнчө жолдошуңуз Аваз Акимов менен чогуу маек берип келесиз. Бул жолу сизди жалгыз чакырдык, анткени айымдарга тиешелүү темаларды козгойлу дедик, интервью ачык-айкын болот деп ойлойм...

– Туура айтасыз, азыркы учурда эл деле жасалмалуулуктан качып калды. Ачык-айкын маектешүү мага да жагат.

– Тай жагымда чоңойдум деп калдыңыз, кандай өттү балалыгыңыз?

– Көптөр мени кичине кезинен эле тың кыз болсо керек деп ойлошот экен, андай эмес. Бир аз тартынчаак, жоош кыз элем. Өспүрүм кезде бий студиясына барып бийлей баштадым, ошондон кийин мендеги лидерлик сапат ойгоно баштады. Адатта, кыздардын алдыда бийлегиси келет эмеспи. Ошондой кыздарды көрүп ачылдым десем болот. Тай тарабымда чоңойгонумдун себеби – ата-энем кичинемде ажырашып кетишкен, кийин 18 жашымда чоң ата, чоң энем менен тааныштым. Атайын издеп баргам, анткени кандай жердин кызы болдум экен деген кызыгуу болгон. Кыйын адамдар экенин көрдүм. Мен чоң энеме абдан окшош экенмин, карыса да тың, акылдуу, жалынып-жалбарып сүйлөгөн сонун адам экен.

Атам тууралуу айтсам, ал дагы чыгармачыл инсан, режиссёр, продюсер, азыркы мен-мен деген ырчыларды чыгарган адам. Кайсы жерге барсам да атамды макташат, “креативдүү, башкача ойлонгон адам” дешет. Апам да мага “атаңа окшошсуң” деп калат.

– Бала кездеги атаңызга болгон таарыныч кийин толугу менен жоголдубу?

– Жүз пайыз жоголду. Турмушка чыккандан кийин көп нерсеге башкача көз карашта карап калат экенсиң. Баары Кудайдын буйругу, атам дагы пенде, жаңылышты. Ал деле мурун күйөө болуп же ата болуп көрбөсө, кандай кылышты билбегендир деп ойлойм. Турмушка чыккандан кийин бактылуу жашагым келди, эски таарынычтарды жаңы үй-бүлөгө алып келген жокмун.

– Аваз Акимов менен жолуңуз кантип кесилишти?

– Аваз мага 17 жашымда “Одноклассникиден” жазып калды. Ал менден 6 жаш улуу, а мага өзүмдөн чоң жигит менен сүйлөшүү уят сезилчү. Аны кичинемден эле телевизордон көрүп жүргөндүктөн, абдан эле чоң киши катары кабыл алгам, мага тим эле Бек Борбиев жазгандай сезилсе керек (күлүп). Аялы, бала чакасы бардыр деп. “Уялбайсызбы, улуусуз го” дегем. Ал абалдан чыгуу үчүн “сага бир иш боюнча кайрылып жатам, дуэт жаздырбайлыбы?” деди. Ал кезде ырдап чыга элек болчумун. “Кечинде ырды угузайын, эшикке чык” деди. Макул деп апамды ээрчитип алып чыксам, Аваз нес болуп калыптыр (күлүп). Анткени угуза турган ыры деле жок экен, мени менен сүйлөшөйүн деп шылтоо кылыптыр. Ошол жерден эле “аппагым, ай, апапагым” деп обон чыгара калбайбы, ыр апам экөөбүзгө тең жакты. Ырды жаздырдык. Ырдай албай сүрдөнүп жатсам “сенин колуңдан келет” деп абдан жакшы сөздөрдү айтып дем берди. Азыркыга чейин ошол жылуу мамилеси, колдоосу өзгөргөн жок.

– Сезимдерин качан билдиңиз?

– Дуэт ырдап жүрдүк, бир күнү Караколдо концерт бердик. Жасанып алып өзүмдү сүрөткө тартып жатсам Аваз жанымдан ары өтүп кетти. Кайра бери өтүп баратып капыстан эле бетимден өөп койду да, сахнага чыгып кетти. Ошондо сезимдерин билдим, бирок билгенимди билгизбей жүрдүм. Абдан камкор эле, Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайда окуп жүргөндө күн алыс эле келе берет. “Качан келет болду экен?” деп машинасын акмалап калчумун. Ал “бардачокту ачсаң” дечү, ачсам толтура шоколад, таттуулар болчу. Ошол шоколаддар улам азайып отуруп, азыр эч нерсе жок (күлүп). Анан бир күнү “кыз-жигит бололу” деп сунуш киргизди. Абдан ойлондум. Ырчы болуу чоң кыялым эле, кийин экөөбүздүн мамилебиз уланбай калсачы деп чочуладым. Шоу-бизнесте “Аваз менен жүргөн кыз болчу” деген атка конгум келген жок. Мен да аны жактыргандыктан макулдугумду бердим. Кыз-жигит экенибизди эч кимге айтпай 4-5 жылдай жүрдүк. Биринчи сүйүүм – Аваз болду. Акыркы сүйүүм да Аваз болот деп үмүт кылам.

– Баш кошкондон кийин сизге “сюрприз” болгон сапаттары болгон жокпу?

– Кыз-жигит кезибизде ал абдан кызганчаак болчу. Жаш болгонум үчүн элес албаган окшойм. Азыркы акылым болсо “эмне деген абьюзер” деп качмак болушум керек. Кудайдын мага белеги болдубу, үйлөнгөндөн кызганчаактыгы дароо жоголду. Ишенип, колдоп, жардамдашып келе жатат. Мен аны жар кылып тандаганыма эч качан өкүнгөн жокмун.

– Баш кошкондон кийин жубайлар мамиленин үстүнөн иштеши керек дешет, силерде кандай?

– Жакында бирөө биз тууралуу “буларга эми ишендим, ажырашпай калышты окшойт” деп жазыптыр (күлүп). Мен ушундай адаммын, эч бир нерсени идеалдаштырбаганга аракет кылам. Ооба, бүгүн сүйүшүп, бактылуубуз, эртең эмне болот эч ким билбейт да. Бир чети эртеңкиден коркуп жашаган да жакшы, “болду, өмүр бою чогуубуз” дегенде жубайлар мамиленин үстүнөн иштебей коюшат экен. Биз мамиленин үстүнөн иштейбиз, кыз-жигит кезибиздеги мамилени жоготкубуз келбейт. Бири-бирибизге сюрприз кылабыз, атайын “свиданиелерди” уюштуруп турабыз.

– Жашоо турмуш жол көрсөтүп, такшалтып, тарбиялап жатат. Идеалдуу келин болуу мүмкүнбү?

– “Идеалдуу келин эмесмин, мени антип айтпагыла” деп калам. Анткени идеалдуулук мага абдан чоң жоопкерчиликти үйүп салчудай сезиле берет. Жакында бирөө “андай сөздү кабыл алууну да билиш керек, жок дей берсе ошондой болуп калышы мүмкүн” деди. Эл айтып жатса, демек, ошондой деп кабыл алууну үйрөнүп жатабыз. Идеалдуу келин жок, бирок идеалдуу мамиле, кепке келишүү бар деп ойлойм. Кайын журтума абдан ыраазымын, өзүмдү келиндей эмес, алардын эрке кызындай сезем. Энергиялык деңгээлде сезилет эмеспи, алар башында эле мени жакшы кабыл алышты. Шаарда чоңоюп калгандыктанбы же жаш белем, кээде келин үчүн уят болгон нерселерди кыла берчү экенмин (күлүп). Мисалы, биринчи кош бойлуу болгондо кайненеме сүйүнчүлөгөм. Кош бойлуулукту аныктаган тесттин сүрөтүн салып, толкунданып алгам... Башынан эле мамилебиз сонун, келин-кайнене эмес, апа-кыздай мамиле.

– Кээ бир адамдардын жашоосу Инстаграмда башка, реалдуу жашоодо такыр башкача. Сиздин социалдык желедеги бактылуу жашооңуз реалдуубу?

– Болгонун болгондой эле көрсөтөм. Адам болгондон кийин кээде депрессия болуп, сыртка чыккың келбей, дегеле эч ким менен сүйлөшкүң келбей калган учурлар болот экен. Аны деле баракчам аркылуу бөлүшүп турам. Болгону ыйлаганымды көрсөтпөйм (күлүп). Жолдошум менен таарынышып кеткенде ыйлап калам, бирок таарыныч бизде эки саатка эле созулат. Экинчи атам өз убагында мага жакшы кеп-кеңешин берген. Анын “көк беттик жакшы сапат эмес, кызым, андай болбо” деген сөзү эсимде калды. Экинчи атам дегеним – апамдын экинчи күйөөсү. Кудайга шүгүр, аталарга баймын. Ал кишини абдан жакшы көрөм, олуттуу темаларды ошол киши менен сүйлөшөм, мага дайым кеп-кеңешин айтып келет.

– Маегиңизге рахмат!

 

Нуржамал Жийдебаева    

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1173, 6-12-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан