2025-жылдын 31-майында Талас өрөөнү өзгөчө шаңга бөлөнүп, алыс-жакындан келген спорт сүйүүчүлөрдүн демине, кубанычына, шыктануусуна күбө болдук. Бул күнү Талас жергесинде биринчи жолу эл аралык деңгээлдеги “Манас деми” аттуу жарым марафон болуп өттү. Тарыхта кала турган бул спорттук иш-чарага Кыргызстан менен катар эле Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Кытай жана Украинадан келген 1000ге жакын жөө күлүк катышты. Иш-чара президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин демилгеси жана “Альянс Алтын” компаниясынын демөөрчүлүгү менен компаниянын 10 жылдыгына карата уюштурулган. Мындан тышкары бул иш-чарага “Кыргыз Логистик Сервис”, “Арт Бласт Групп” компаниялары жана “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду да өз салымдарын кошуп колдоо көрсөтүштү.
Эрмат Жумаев: “Бул Биримдиктин марафону”
Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев сөз сүйлөп, мындай масштабдагы иш-чаралар аймакты гана эмес, бүтүндөй өлкөнү таанытууга жол ача турганын белгиледи:
“Бул жөн гана марафон эмес. Бул ден соолук маданиятын жайылтууга, регионду өнүктүрүүгө, туризмди жандандырууга өбөлгө боло турган платформа. Эми мындан ары бул марафон, буюрса, жыл сайын өтүп туруучу салттуу иш-чара болот”, – деди ал. Ошондой эле ал “Альянс Алтын” компаниясынын Талас жергесине болгон мамилесин, колдоосун жана социалдык багыттагы демилгелерин өзгөчө белгилеп өттү.
Ал эми иш-чаранын башкы демөөрчүсү болгон “Альянс Алтын” компаниясынын башкы директору Сабир Рахматов:
“Биз бул иш-чараны Манастын ысымы менен атаганыбыз бекеринен эмес. Манас — кыргыздын күчү, кайраты, бекемдиги. Бул сапаттар ар бир адамга керек: спортто да, жашоодо да. Биз “Жер-Үй” долбоору аркылуу жөн гана өндүрүштү эмес, адамдык потенциалды, билимди, экологияны жана спортту өнүктүрүүгө салым кошуп келе жатабыз”, – деди.
Ал белгилегендей, быйыл “Жер-Үй” долбоору үчүн өзгөчө жыл. Анткени 10 жыл ичинде компания аймак менен тыгыз байланыш түзүп, жергиликтүү элдин турмушуна оң таасирин тийгизген ири өнөктөшкө айланганын айтып марафонго катышкан бардык адамдарга жана уюштурууга жардам берген бардык тараптарга ыраазычылыгын билдирди.
“Кыргыз Логистик Сервис” компаниясынын жетекчисинин орун басары Мирлан Жуманазаров марафондун катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп жатып, иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүп жаткандыгы үчүн уюштуруучуларга жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдирип, ошондой эле “Альянс Алтын” компаниясын мааракеси менен куттуктап, анын аймактын өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгиледи.
Ошондой эле иш-чарага колдоо көрсөткөн “Арт Бласт Групп” компаниясынын өкүлү Аскатбек Жунушев өз сөзүндө өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө жана сергек жашоо образын илгерилетүү үчүн мындай демилгелердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул иш-чаранын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна ыраазычылык билдирди.
1000ден ашуун жөө күлүктүн башын бириктирген бул иш-чарада жарыштын алдында белгилүү кыргыз балбаны, грек-рим күрөшү боюнча дүйнөгө таанылган балбан, 2024-жылдагы жайкы Олимпиаданын коло медалынын ээси, эки жолку Дүйнө, үч жолку Азия чемпиону Жоламан Шаршенбеков катышуучулар менен атайын спорттук көнүгүүлөрдү жасап, кеңешин берип, ийгилик каалап өттү. Марафон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жарышы менен башталып, иш-чаранын көрүүчүлөрүнө концерттик программа тартууланды. Концерттик бөлүктү манасчы Камил Мамадалиев айтылуу эпостон үзүндү айтуу менен ачса, Тамга, Баястан, Бегимай Турусбекова баштаган эстрада жылдыздары ырдап, элдин маанайын көтөрүштү.
Казакстандан келген жөө күлүктөрдүн бири “мен көп эле марафондорго катышып жүрөм, уюштуруу иштери аябай жакшы уюштурулуптур” деп уюштуруучу топко өзгөчө ыраазычылыгын билдирсе, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген марафончулар “Альянс Алтын” компаниясына аларга сунулган бул мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдиришип, буга чейинки көпчүлүк марафондорго катышууну каалашса дагы, катышууга керектелүүчү акчаларынын жетишсиздигинен улам катыша албай калган учурлары болгондугун белгилешип, бул иш-чара дагы уланарына үмүт кылып жатышкандыгын айтышты.
Ал эми “Альянс Алтын” компаниясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Касиет Карачолокова бул иш-чара Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин демилгеси жана “Альянс Алтын” компаниясынын колдоосу менен уюштурулгандыгына токтолуп, марафондун масштабы күтүлгөндөгүдөн дагы чоң болгондугун баса белгиледи. Анын айтымында, марафонго коңшу өлкөлөр Казакстан, Өзбекстандан эле эмес, Орусия, Украина, жадакалса Кытайдан дагы келген катышуучулар бар. Бул нерсенин Талас жергесинин туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң салымы болоруна токтолду. Ошондой эле ал компания бул марафондо катышуучуларга мүмкүн болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө аракет кылганын айтып, байге фондуна компания тарабынан 1 миллион сом бөлүнгөнүн жана марафонго катышуу бардык жарандар үчүн акысыз болгондугун айтты. Белгилей кетсек, Карачолокова компания өзүнүн 10 жылдык юбилейин ушундай иш-чаранын коштоосунда Талас жергесинин тургундары менен биргеликте өткөрүп жаткандыгына кубанычта экендигин дагы айтып өттү.
“Супер-Инфо” гезити да “Альянс Алтын” компаниясын 10 жылдык мааракеси менен чын дилден куттуктайт. Компаниянын Талас аймагынын гана эмес, бүтүндөй өлкөбүздүн экономикасына, маданияты менен спортуна, социалдык турмушуна кошуп жаткан салымын жогору баалайт. “Альянс Алтын” өзүн ишенимдүү өнөктөш катары көрсөтө алгандыгын да баса белгилеп, ишине ийгиликтерди каалайбыз!