ЭВЕРЕСТТИ БАГЫНДЫРГАН КЫРГЫЗДАР

Жер шарындагы эң бийик чоку Эверестти ийгиликтүү багындырган альпинисттердин катарын акыркы жылдары кыргыздар да толуктап жатат. Деңиз деңгээлинен 8848 метр бийик, Тибет менен Непалдын чегинде жайгашкан бул чокуну багындырам деп жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан жүздөгөн альпинист келет. Бирок баарынын эле максаты жүзөгө аша бербейт. Кызыгы, чокуга чыгуу үчүн кара күч, психикалык даярдык жетиштүү эмес, капчык калыңыраак болушу шарт. Эверестке чыгуунун баасы 60-90 миң доллар. Бүгүнкү күндө аталган чокуга чыккан 5 мекендешибиз бар, сөз ошолор тууралуу. 

Эдуард Кубатов 

Чокуга Кыргыздын туусун сайган биринчи жаран – Эдуард Кубатов, бул тарыхта жазылып калды. Мекендешибиз 2021-жылдын 23-майында, 6 жылдык даярдыктан соң Эверестке багыт алган. Альпинист үчүн даярдык абдан чоң роль ойноору белгилүү иш эмеспи, Кубатов ага чейин башка бийик чокуларды багынтып, өзүн улуу тоого мыкты даярдаган. Ал абдан тажрыйбалуу альпинист Александр Абрамовдун экспедициясы менен чыкканы белгилүү.

Эдуард Кубатов учурда өлкөбүздүн Альпинизм федерациясынын президенти. Эверестти багындырганы боюнча “Супер-Инфого” берген маегинде буларды билдирген:

– Бийиктик деген сөздүн керемет түшүнүгү бар. Сен, сенин тооң жана Кудай, башка эч ким жок. Материалдык баалуулуктар 2-3-орундарга жылып, кажети деле жок болуп калат экен. Максат – таза жашап, коомго пайдаңды тийгизүү.  

Кадыр Сайдилкан

Эверест чокусун багындырган үчүнчү кыргыз мырзасы Кадыр Сайдилкан. 2023-жылдын 17-майында Кыргыз желегин Эверестте желбиретти. Борбордук Азиядан чыккан мыкты альпинистердин катарында. Кадыр мырза жети континеттин жети чокусун багындырган. Эверест (8848 метр), Аконкагуа (6961 метр), Денали (6194 метр), Килиманжаро (5894 метр), Эльбрус (5642 метр), Винсон (4892 метр) жана Пирамида Карстенс (4884 метр).

Кадыр Сайдилкан жеке ишкер. 2020-жылы коронавирус менен ооруп калгандан кийин спорттун бул түрүнө кызыгып калганын айтканы бар.

– Альпинизм спорттун эң кымбат түрү, кийим, бут кийимдер эле миң доллардан жогору. Негизи тоолордон көп миллионерлерди кезиктиресиң. Алардын бири менен чогуу Эверестти багындырдым, көптөрдү Кыргызстанга чакырдым. Ошентип мен дагы туризмди өнүктүүрүгө салым коштум, – дейт ал. 

Кадыр Сайдилкандын өзгөчөлүгү – өзү менен кошо "Манас" китебин Эверестке ала чыкканы десек болот. Ар бир ашыкча грамм оор жүк болгон жүрүштө салмагы үч килограмм китепти көтөрө чыгуу анын патриоттуулугу болуш керек. Ал өз жеңишин 91 жашка чыккан апасына жана жалпы кыргыз аялдарына арнаган. Кадыр Сайдилкан учурда Альпинизм федерациясынын вице-президенти.

Асел Байбагышева

Быйылкы жылы “Кыздары кыйын кыргыздын” деген сөз даана далилденди окшойт. Кыргыз айымдарынан биринчи болуп Эверестти Асел Байбагышева багындырды. Ал 2025-жылдын 11-майында ааламдын эң бийик чокусуна чыга алды. Асел айым буга чейин Кыргызстандагы эң бийик жана татаал деген чокуларга чыгып, улуттук “Ак илбирс” наамына ээ болгон кыргыздын бирден-бир айымы.

Асел Байбагышева 10 жылдан бери альпинизм тармагында жүрөт. Буга чейин Жеңиш, Ленин жана Хан-Теңири чокуларын багындырганын, атактуу Эверестке чыгууга 2024-жылдын күз айларынан тартып даярдана баштаганын айтып бергени бар. Ошентип Кыргызстандын тарыхында Эверест чокусун багындырган алгачкы кыргыз айымы Асел Байбагышева болуп калды. Ал дүйнөнүн эң бийик чокусуна 54 жаш курагында, 54 саатта чыккан. Альпинисттер Эверестке орточо 80-90 саатта чыгышса, Асел айым бул чокуну болгону 54 саатта багындырды, бул абдан жакшы көрсөткүч десек болот.

Кесиби боюнча Асел айым экономист, эсепчи болуп иштейт. Спорттун бул түрүнө 46 жашында кызыгып, 8 жылда зор ийгиликке жетишти.

Дмитрий Греков

Факт деген факт, аталган чокуга Кыргызстандан биринчи болуп Дмитрий Греков 1997-жылы чыккан. Бирок кыргызстандык болгону менен, Эвересттин туу чокусуна чыгып Казакстандын желегин сайганы бар. Анткени аны Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаев каржылаганы айтылып келет. 

Илим Карыпбеков

Медиаменеджер Илим Карыпбековду учурда көпчүлүк блогер катары тааныйт. Ал 2024-жылдын 24-майында Кыргыз желегин аталган чокуда желбиретти. Чокуга чыга турган жол оор болгонун, биринчи аракети ийгиликтүү болбой, экинчи аракетинде гана чоку ага багынып бергенин айтып бергени бар.

– Негизи тоого көп чыкчумун, бирок альпинист болуу оюмда жок эле. Бара-бара чокуга чыгып жаткан альпинист балдарды көрүп кызыктым. Алгач 4170 метрлик Комсомол чокусуна чыктым, ошентип башталып кетти. Азыр маага тоосуз жашоону элестетүү кыйын болуп калды, – деп билдирген мындан 3 жыл мурун “Супер-Инфого” курган маегинде. 

Рысгүл Акимжанова

Кыргыздын дагы бир өжөр кызы, белгилүү ишкер Рысгүл Акимжанова дүйнөнүн эң бийик чокусун 2025-жылдын 27-майында таманына басты. Ал маектеринин биринде Эверестке чыгууга 1 жыл гана даярдык көргөн үчүн Кыргыз альпинисттери аны коштоп чыгуудан баш тартышканын билдирди. “Кадыр акеге да, Илим Карыпбековго да мени коштоп баруусун өтүндүм. Бирок алар менин даярдыксыз экенимди айтып баш тартышты. Ошондон кийин эч кимге айтпастан өзүм бир жыл бою тынбай машыктым” дейт ал.

Ал чокуга чыгуудагы тобокелдиктерди билип, баарына даяр болуп сыноого бет алганын белгиледи.

Рысгүл Акимжановага да Эверест экинчи аракетте багынды. Биринчи аракетте чокуга жетпей артка кайтканын өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялаган. Кыргыз коомчулугу анын өжөрлүгүнө, кайратына суктанды. 

Тоо саякаты, атактуу чокуларды багынтуу кимдир бирөөгө кызыксыз, маанисиз убаракерчилик сезилсе, кимдир бирөөлөр үчүн жашоонун маңызы. Тоодо өскөн кыргыздын уул-кызы үчүн бийиктиктин өзгөчө орду бар экени талашсыз. 

Нуржамал Жийдебаева        

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1173, 6-12-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан