Виртуалдык дүйнөсү бар «AESPA»

«Aespa» тобунун чыгармачылыгы менен таанышып коюу ашыкча болбойт. Мекени Түштүк Кореяны эле эмес, чет мамлекеттерди да таланты менен багынтып, күйөрман топтой алган кыздар жамааты менен жакындан тааныштырабыз.

 

Мекени: Түштүк Корея

Дебют жасаган жылы: 2020-жыл, 17-ноябрь

Компания: SM Entertainment

Топтун курамы: Карина, Жизель, Винтер, НинНин

Белгилүү чыгармалары: «Black Mamba», «Next Level», «Savage», «Girls», «Dreams Come True» жана башка

“SM Entertainment’тинканатында

Түштүк Кореянын маданиятындагы ири компаниялардын бири “SM Entertainment’тинканатынан дүйнөгө белгилүү “EXO”, “Super Junior”, “Girls' Generation”, “SHINee”,  “Red Velvet”, “NCT”, “SuperM” топтору жана башка көптөгөн айдолдор чыккан. Компания дүйнөгө “корей толкунун” таратууга активдүү салым кошкондордун катарына кирет. Биз бүгүн сөз кылып жаткан «Aespa» тобу да “SM Entertainment’тин” тарбиялануучулары. 1995-жылы негизделген компания ушул убакка чейин көптөгөн атактууларды сахнага чыгарды. Замандын өнүгүшүнө, убакыттын талабына, коомчулуктун суроо-талабына жооп бергидей, аны кызыктыргыдай, ээрчиткендей жаңы таланттарды чыгаруу оңой жумуш эмес. «Aespa’да» эмне өзгөчөлүк бар экенин билүү үчүн топтун жаралуу тарыхына токтололу.

“Эки тараптуу”

2020-жылы 17-ноябрда «Black Mamba» ыры менен дебют жасаган топтун аталышынын мааниси кызыктуу. Аталышындагы башкы эки тамга “ае - аvatar X еxperience” деген сөздөрдөн алынган. Котормосу "эки тараптуу" дегенди билдирет. Топтун аталышынын жалпы мааниси – аватарыңыздын жардамы менен жаңы дүйнөнү изилдөө мүмкүнчүлүгү. Топ өзүн виртуалдык дүйнө менен байланыштырат. Топтогу ар бир ырчынын виртуалдык аватары-эгизи (“ае”) бар. Ал аватарлар Кванья деп аталган дүйнөдө жашашат. «Aespa» клиптеринде аватарларын, виртуалдык дүйнөнү чагылдырган визуалдык эффекттерди көп колдонушат. 

Ийгиликтери

Кыздардын ийгилиги катары, албетте, жарык көргөн чыгармалары аталат. Топтун куржунунда 1 студиялык альбом жана 5 кичи-альбом бар. Дебют жасагандан берки жылдар аралыгында “Жылдын альбому”, “Жылдын артисти”, “Жылдын ыры” сыяктуу бир топ номинациялардын жеңүүчүсү болушту, андан сырткары Кореядагы музыка дүйнөсүндө негизги сыйлык делген “Тэсан” премиясын да алышты. 2 ирет дүйнөлүк турнеге чыгып, концерттери миллиондогон көрүүчүлөрдү топтоду. Топ бирге, кыздар жалгыздан да дүйнөлүк бренддердин жүзүнө айланды.  Айтор, учурда топтун “ити чөп жеп” турган маал.

Карина

Толук аты-жөнү: Ю Жи Мин

Туулган жери: Түштүк Корея, Кёнгидо

Туулган жылы: 2000-жыл, 11-апрель

Жылдыз белгиси: кой

Топтогу позициясы: лидер, негизги рэпер, бийчи, саб-вокалист

25 жаштагы «Aespa’нын» лидери Карина түрдүү таланттары жана куурчактай жүзү менен белгилүү. Рэпти катыра айтат, бийлейт жана ырдайт. Негизи эле топтун бардык кыздары жакшы ырдашат, “SM Entertainment’тин” негизги шарттарынын бири – жакшы ырдай алгандарды гана тандашат делет. Компаниядагы башка топтордон чогулган “Got the beat” музыкалык жамаатынын мүчөсү. Чыгармачылыктагы талантынан сырткары спортто да жакшы көрсөткүчтөргө жеткен, тагыраагы, ал таэквондо боюнча кара курдун ээси. 

НинНин

Толук аты-жөнү: Нин Ижо

Туулган жери: Кытай, Харбин

Туулган жылы: 2001-жыл, 23-октябрь

Жылдыз белгиси: чаян

Топтогу позициясы: башкы вокалист, саб-рэпер, бийчи, макнэ

Кытайлык кыз «Aespa’га» кошулгуча өз мекенинде «Lets Sing Kids» деп аталган музыкалык топтун мүчөсү болчу. Анан бир телеканалда өткөн «Shining Star» шоу-берүүсүнө катышып калып, “2021-жылдын эң сулуу жүздөрү” деген тизмектен 38-орунга илинген. Сулуулугу, таланты менен жүзүн тааныткан кызга “SM Entertainment’тин” да “көзү түшүп” стажировкага чакырган. Жакшы ырдайт, бийлейт, күйөрмандары анын жүзүн дагы бир түштүк кореялык белгилүү “Blackpink” тобундагы Женниге окшоштурушат. Фортепиано чертет, кытайча, корейче сүйлөйт, винтаждык кийимдерди кийгенди жактырат. Ашпоздук өнөрү да бар, бош убактысында даамдуу тамак-аштарды жасаганды жактырат.

Жизель

Толук аты-жөнү: Учинага Эри

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул

Туулган жылы: 2000-жыл, 30-октябрь

Жылдыз белгиси: чаян

Топтогу позициясы: башкы рэпер, бийчи, саб-вокалист

Учинага Эри деген ысымы айтып тургандай эле ырчы айымдын атасы япон улутунан, апасы корей. Топтун ичинде англисчени жогорку деңгээлде билген Жизель япончо, корейче да эркин сүйлөйт. Кичине кезинде 4 жыл чиркөөнүн хорунда ырдап жүргөн. Фотоаппаратка сүрөт тартканды жактырат, анан да бош убактысында сейилдеп, дүкөн кыдыргысы келет. Сүйүп жеген тамагы – таттуулар. Жизелге башка кыздарга салыштырмалуу көп сын-пикирлер айтылат “бийлей албайт”, “сулуулук стандартына туура келбейт, толук” деген сыяктуу. Ошентсе да аны колдогон күйөрмандары да көп.

 

Винтер

Толук аты-жөнү: Ким Мин Жон

Туулган жери: Түштүк Корея, Пусан

Туулган жылы: 2001-жыл, 1-январь

Жылдыз белгиси: текечер

Топтогу позициясы: негизги вокалист, башкы бийчи, топтун жүзү

 

«Aespa’нын» аткаруусундагы ырлардын эң бийик ноталары Винтерге таандык. Кошумча таланттарын айтсак, гитара чертет. Карина менен кошо “Got the beat” тобунда да ырдайт. Негизи актриса болгусу келчү, бирок ырдаганды, бийлегенди жакшы көргөндүктөн ырчылыкты тандап кеткен. Чыгармачылык ишке ашпай калса аскер кызматкери болмок, анткени үй-бүлө мүчөлөрүнүн көбү аскерий тармакта эмгектенишет.

 

 

Асыл Орозбекова        

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1173, 6-12-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан