Бир бүркүм. Экс-депутат кармалды...

Бишкекте милиция кызматкери опузалап пара алууга шектелип кармалды.

 Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салган деп 76 салыкчы жазаланды. 

 Парламент депутаттарына алдыдагы 1 айда иш сапарларга чыгууга уруксат берилбей турганы айтылды.

 Өкмөт адам органдарын трансплантациялоо боюнча жобону бекитти.

 Куланак ГЭСи 2027-жылы ишке киргизилери маалымдалды.

 ИИМ: Мурда зомбулукка кабылган аялдар милицияга көп кайрылышчу эмес, азыр көп кайрылышат.

 3-июнда мектепке кабыл алынган балдардын саны
127 миңге жетти.

 Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун Бишкекте жана Ысык-Көлдө өткөрүү пландалууда.

 Ош шаарынын мурдагы казысы Мирланбек Токтомушев кайрадан камакка алынганы кабарланды.

 4 айда 44 миң ымыркайга “балага сүйүнчү” жөлөкпулу берилгени айтылды.

 Экс-депутат Алиярбек Абжалиев кармалып, камакка алынды.

 Бекмурза Ашимов Бакай-Ата районунун акими болуп дайындалды.

 ТИМ: АКШда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар өз ыктыяры менен чыгып кетиши керек.

 Мындан ары жарандарга өзгөртүлгөн желектин сүрөтү бар паспорттор бериле баштамакчы.

 Курман айтта өлкөдө 11 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукка көз салмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1173, 6-12-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан