Кой-Таш окуясы: Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылды

6 жылдан бери уланып келе жаткан тергөө, сот иштери аягына чыгып, Кой-Таш окуясына укуктук баа берилди. Кимдер кандай жаза алышты?  

 

14 адам жазаланды

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча чечим чыгарып, айыпталуучуларга өкүмдөрүн угузду. Кылмыш ишинин башкы фигуранты, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жарым жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары анын мүлкү конфискацияланып, Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылат.

Кой-Таш окуясына катышы бар дагы 13 адамга өкүм чыкты. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов 7 жыл 8 айга, экс-депутат Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга, экс-депутат Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга, Атамбаевдин тарапташы Фархат Баабиев 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Ал эми экс-депутат Асел Кодуранова 3 жылга пробацияга, Атамбаевдин тарапташы Мээрбек Мискенбаев 5 жылга пробацияга, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаев 5 жылга пробацияга, Атамбаевдин тарапташы Кундуз Жолдубаева 5 жылга пробацияга жазаланды, Пробация кызматынын көзөмөлүндө болушат. Сот өкүмүнө ылайык, дагы 5 жаран 3 жылдан 5 жылга чейин пробация алдында болушат. 

Ошондой эле...

Кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткени үчүн мурдагы ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Нарын облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Исабек Абдыгазиев жазадан кутулушту. Ал эми экс-депутат Аскарбек Шадиев 15 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Анын мүлкү алынып, өзүнүн 3 жыл мамлекеттик кызматта иштешине тыюу салынды.

Атамбаевдин уулу “саясий буйрук” деди

Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча чыккан сот чечимин саясий буйруктун жыйынтыгы деп атап, бул чечимдер мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу үчүн соодалашууга керектүү рычаг болушу мүмкүн дейт. Ал атасы Атамбаевдин Дубайдагы экс-президенттердин жолугушуусунда Бакиевди өлкөгө кайтарууга каршы чыкканын эскертти.   

Садыр Жапаров: “Соттор мынча катуу кетишпесе болот эле”

Сот чечими коомчулуктун талкуусуна түштү. Президент Садыр Жапаров дагы бул окуяга пикирин билдирди. Өлкө башчысы "соттор Атамбаев боюнча бир аз катаал чечим чыгарышты, бирок сот чечимине баары баш ийиши керек" дейт.

– Соттор мынча катуу кетишпесе деле болот эле. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык пикирим. Пробация же айып пул салуулар менен чектелсе жакшы болмок. Бирок бир чети ал окуяда адам өлүп жатат, жүздөй киши жаракат алган. Соттун чечими оор же жеңил болобу, ал мыйзам чегинде кабыл алынды. Ага баш ийишибиз керек, – деди президент Жапаров “Кабарга” берген кыска маегинде.

Президент "сот иштерине буга чейин кийлигишпедим, мындан ары да кийлигишпейм" дейт.  

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1173, 6-12-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан