Кыргызстанда порнографиялык сайттар бөгөттөлүшү мүмкүн. Тийиштүү мыйзам долбоору 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында талкууланып, 1-окуудан өттү.
Депутат Исхак Масалиев порнографиялык сайттарга кирүү салууга тыюу салуунун механизмдерин так иштеп чыгууну сунуштаса, депутат Дастан Бекешев мындай чектөөнү жашы жете электерге гана киргизип, ал эми чоңдорду өз эркине коюу керектигин айтты.
– Мындай сайттарга жашы жете электердин киришине тыюу салган мыйзам ансыз деле бар, кайталоонун кереги жок. Чоңдорго уруксат берип койсок деле болот, кааласа кирип көрө беришсин. Мисалы, Японияда көрүп эле жатышат, бузулуп кетишкен деле жок, – дейт Бекешев.
Депутат Аккулу Бердиев өлкөдө балдардын төрөлүшүнүн азайып кетишине порнографиялык сайттар себеп болуп жатат деген пикирде. Ушул сыяктуу тартыштан кийин мыйзам долбоорун колдоп беришти депутаттар.