Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Аталган окуу жайдын билдиришинче, 4 саатка созулган операция 30-майда жасалган. Бейтап – Кадамжай районунун 38 жаштагы тургуну Сажида Анапияева, ага иниси донор болгону айтылды.
Учурда бейтаптын да, донордун да абалы туруктуу. Операцияны аталган окуу жайдын дарыгери Бексултан Сейитбек уулу жана Орусиядан чакыртылган Игорь Милосердов деген хирург-трансплантолог жетектеген команда жасады. Операциянын өзгөчөлүгү – донордон органдын лазердик ыкма аркылуу, кошумча хирургиялык кесүүсүз алынгандыгы. Бул ыкма донордун организмине көп зыян келтирбейт дешет адистер. Бексултан Сейитбек уулу Орусия жана Түркияда окуп, 150дөн ашык орган алмаштыруу операцияларына катышкан. Эми андай операцияларды өз алдынча жасай баштаганын белгилейт окуу жай.
Айта кетсек, жакында өкмөт адам органдарын трансплантациялоо тартибин жөнгө салган жобону бекитти. Ага ылайык, мындай операцияларды жасоого 4 медициналык уюмга уруксат берилди.