Адамдагы ак, күлгүн, күрөң, сары майлар эмне милдет аткарат?

Адамдын организминде май бар экендигин, ал көбөйгөндө адам курсак салып, семирерин билесиз. Бирок майлардын ак, күрөң, күлгүн, сары түрлөрү бар экендигин билет белеңиз? Алар денебиздин кайсы жерлеринде кездешерин, эмне милдет аткарарын, кайсынысы көбөйсө адам толуп кетерин айтып беребиз. 

Майлар энергиянын булагы

Адамдын денесинен 4 түрдүү май табууга болот. Алар “адипоциттер” деп аталган клеткаларда топтолот. Башкача айтканда, майлардын топтолгон түрлөрүнө карата андай клеткалар ак, күрөң, сары, күлгүн адипоциттер деп аталат. Адам 1 килограммга семиргенде организмде кошумча узундугу 1 чакырымга жете турган капиллярдык кан тамырлар пайда болот. Мисалы, адам 5 килограмм салмак кошсо, 5 чакырым кошумча кан тамыр жаралат. Андай ашыкча кан тамырларды кошо иштетүүдө жүрөккө күч түшө баштайт. Ашыкча семиздердин жүрөгү эмнеге ооруй турганы белгилүү болду окшойт, окурман. Эми кайра майларга кайталы. 

Майлар эмне милдет аткарат?

• Майлар энергиянын булагы болуп эсептелет жана энергиянын запасынын 80 пайызын түзөт

• Клеткалар үчүн курулуш материалы болуп берет

• Тамак-аш менен кирген A, E, K, D витаминдерин эритет

• Ички органдарды курчап, аларды жаракаттарга кабылуудан сактап турат  

Мындан тышкары, ар бир майдын өз милдеттери да бар

Ак май – энергиянын башкы запасы

Ак май адамдын организминде эң көп таралган май. Курсакта, 2 капталда, жамбашта болот. Ак майдын башкы милдети – организмди суукка урунуудан коргоо, кандын бат муздашына жол бербөө, айрым гормондорду иштеп чыгарып туруу.

Демек, ак май энергияны сактайт, топтойт. Энергиянын башкы запасы болуу үчүн топтолот. Мындан тышкары, ички органдарды курчап, аларды урунуудан сактап турат. Ашыкча болуп кеткенде, тескерисинче, кысып калат да, алардын калыптагыдай иштөөсүн бузат, семирүүгө алып келет.

Ачка калар күн үчүн запас топтойт

Байыркы убакта адамдарда тамак-аш тартыш, ачка калган учурда организм ак майды энергияга айлантып турган. Учурда адамдар ачкалыкка чанда кабылабыз, бирок организм байыркыдай эле “чёрный день” үчүн запас топтоосун улантып келе жатат. Жер жүзүндө азыр миллиарддан ашык адам ашыкча семиздиктен азап тартууда.

Негизи тигил май жакшы, бул жаман деп айтууга деле болбойт. Жаратылыш тарабынан алар өз милдеттери менен жаралган. Болгону заманбап жашоо образыбыз ак майдын керектүү өлчөмдөн көп топтолушуна жеткирүүдө. Салмагыбызды көзөмөлдөбөсөк семиздик маселе жаратары анык.

Күрөң майлар адамды семиртпейт

Күрөң май жаңы туулган балдардын денесинин салмагынын 5 пайызга чейинкисин түзөт. Анткени алардын денеси үшүгөнүн калтыроо менен бидирүүнү өздөштүрө элек болот. Андыктан окумуштуулар күрөң майды ымыркайды суукка урунуудан сактоочу табигый коргогуч дешет. Мындан тышкары, күрөң май ымыркайга суук тийгенде вирустар менен күрөшүп, аларды өлтүрүүсү үчүн дене табын көтөрүп иммунитетке жардам берет.

Тили чыга элек, бирок өз алдынча аракет кыла баштаган балдар баш кийимин чечип ыргытып жибере берүүлөрү кежирликтен эмес, чоңдорго салыштырмалуу денеси жылуу болгондуктан болот. Убакыттын өтүшү менен күрөң майдын өлчөмү азая берет.

Түйүлдүктө ак майга караганда күрөң майлар биринчи пайда болот.

Организминде күрөң майлары көптөр кант диабети, жүрөк-кан тамыр ооруларына аз чалдыгарын окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Анткени мындай майлар глюкозанын метаболизмин активдештирет да, алардын организмден чыгып кетүүлөрүн шарттайт.

Суукта ак май күрөң майга айланат

Окумуштуулар эксперименттерине 5 эркекти катыштырып, аларды бир нече ай алгач суук температурада (-19 градуста), анан кайра бир нече ай ысык температурада (+ 24-27 градус) жашатышкан. Жыйынтыкта суукта күрөң майлардын өлчөмү көбөйүп, ысыкта азайган. Бул кандайча болгон?

Көрсө, температурага карап ак майлар күрөңгө, күрөң май ак майга айлана алат экен. Суукта ак майлар күрөң майга айланып, жылуулук бере башташат. Ал эми ысыкта күрөң майлар ак майга айлана баштайт. Демек, адамда ак май көп болбошу, семирбеши үчүн денени суукка чыдамдуу кылып көндүрүп баруу керек.

Мындан тышкары, спорт, физкультурага жакын болуу да күрөң майларды көбөйтөт. Анткени булчуңдар иштегенде атайын гормон иштелип чыгып, ал ак майлардын күрөң майларга айланышын шарттайт. Ак май күрөңгө айланганда ал жылуулук энергиясына айланып кетет.

Жыйынтык: денени суукка чыңап, спортко жакын болсок семирбейбиз. Анткени күрөң майлар көп болот.

Жайында денени суукка чыңоо үчүн алгачкы убакта ысык душ менен муздак душту кезектештирип кабыл алуу, бара-бара муздак душка эле түшүү кажет.

Ак майлардан арылуунун классикалык жолу метаболизмди жакшыртуу. Ал үчүн диета кармоо менен фитнеске баруу же спорт менен алектенүү, туура тамактанууга өтүү, таза сууну күнүнө 1,5-2 литр ичүү керектелет.

Күлгүн майлар

Аялдын кош бойлуулук кезинде пайда болот да, түйүлдүктү энергия менен камсыз кылып турат. Баланы эмизе баштагандан тартып сүттүн пайда болушуна катышат. Эмизүү токтогон соң күлгүн майлар ак майга айланат. 

Сары майлар

Бул сөөк чучугунда болот. Адамды эрте алжып калуудан сактай турган функциясы бар.

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1173, 6-12-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан