– Жанета айым, саламатсызбы? Көптөн бери маектеше элек экенбиз, учурда эмне иштер менен алексиз?
– Сиздерге көптөн бери интервью бере элек элем, чакырганыңыздарга кубанычтамын. Чыгармачылыктын үстүндө эле жүрөм. Буюртма менен тойлордо ырдап, концерттерге катышып дегендей. Бишкек шаардык мэриясына караштуу Маданият башкармалыгында иштеп жатам. Мамлекеттик иш-чараларга да катышып, ырдап эле жүрөм.
– Балдар чоңоюп калышты болуш керек, кайсы кесипти тандашты?
– Кызым Арина 23 жашта, “Ала-Тоо” эл аралык университетин быйыл кызыл диплом менен аяктап жатат. Психолог адистигин алып чыгат. Учурда өз кесиби боюнча иштеп жүрөт. Мындан тышкары Европада магистратураны окуйм деп документ тапшырган эле. Кудай буюрса, өттү, эми ошол жакка барып билим алуусун улантат. Ал эми уулум Максим 21де, IT билим берүү академиясында 3-курста окуйт. Окуу менен катар иштеп да жатат.
– Жакшы. Балдар бой жеткен сайын келиндүү, күйөө балалуу болууга даярдана баштасаңыз керек?
– Ооба, балдар чоңоюшса сага кеңешчи болуп калат тура. Мактаныч эмес, акылдуу балдарым бар. Анан албетте, кыз-уулуң бой жеткенден кийин кайнене, күйөө балалуу болууга өзүңчө даярдана баштайт экенсиң. Бирок экөө тең учурда билимге басым жасап жатышат. Эми качан үй-бүлөлүү, очор-бачар болушарын убакыт көрсөтөр. Бешенелерине жазылган күнү той болот. Экөө жакшы адамга туш болушса деп тилек кылып, ичимден тымызын небере күтүп жүрөм. Анткени мен курактуулардын көбү неберелүү болуп калды да.
– Ырчылык жолуңузда белгилүү инсандар Каныкей Эралиева менен Атайбек Бөдөшовдун салымы чоңбу?
– Каныкей Эралиева эже апамдын жеңеси болот. Үйгө барган сайын үйдөгүлөргө “ушул кызыңардан бир нерсе чыгат” деп ырдаганыма баа берип калчу. 2-классымда Атайбек Бөдөшов агай менен Каныкей эже үйдөгүлөрдөн сурап, мени өздөрү менен кошо гастролго алып кетишкен. Менин өлкө кыдырган 3 айлык алгачкы гастролум ошентип башталган. Ошол жай эстен кеткис. Автобуста түнөп калган, дене табым көтөрүлүп турганда да ырдаган учурларым болду. Артисттин жашоосу кыйын экенин ошондо эле сезгем.
Атайбек агай мени Бишкекке алып келип, өзүнүн “Бүлдүркөн” деген ырын ырдатып чыгарган. Апам Жылдыз Токтосунова деген режиссёр менен сүйлөшүп, “Бүлдүркөн” ырыма клип тарттыртып берген. Ошол кездеги “Апам, эжем жана мен” деген телеберүүдөн ошол ыр бат-бат берилип турчу. Ошондуктан ыр да, мен да абдан популярдуу болуп кеткенбиз. Кыргызстан боюнча мен теңдүү балдар-кыздардан үйгө толтура каттар келчү. Андайда дердейип калчумун. Салымы чоң, албетте, агай менен эже салып берген чыйырды улантып, чыгармачылыкта жүргөнүмө 36 жыл болуптур.
– Бул аралыкта эмнелерге жетиштиңиз?
– Элге, мекенге кылган кызматым үчүн 2011-жылы 5-мартта Эмгек сиңирген артист наамын алдым. Бул мен үчүн күтүлбөгөн белек болуп, абдан толкундангам. Наамды 8-мартка карата өткөрүлгөн иш-чарада тапшырышкан. Кийин “Даңк” орденинин ээси болдум. Чет элдик көптөгөн фестиваль, сынактарга катышып, баш байгелерди, 1-орундарды алдым. “Юрмала” музыкалык сынагына да катышкам. 2003-жылы Ысык-Көлдө өткөн сынакта Гран-прини – Волга унаасын утуп алгам. Айта берсем ийгилигим көп. Ушулардын баары менин кумурскадай изденип, талбай иштеген мээнетимдин артынан келди деп эсептейм.
– Сурай кетейин, атыңызды Карл Маркстын кызынын атынан коюшкан экен...
– Мен төрөлгөндө таятам “кызым жума күнү төрөлдү, атын Жумакан коёлу” деп калыптыр. Атам убагында немис философу, саясий журналист Карл Маркстын чыгармаларын кызыгып окуган экен. Анын кызынын аты Женни. Ошого атам “Жумакан деген эски ат, Карл Маркстын кызынын атына окшоштуруп Жанета деп коёбуз” дептир. Ошентип Жумакан болбой калгам (күлүп).
– Рулда жүргөнүңүзгө канча жыл болду? Үлгүлүү айдоочусузбу?
– Унаа айдаганды 9-классымда үйрөнгөм. Атам Жигулисине отургузуп алып үйрөткөнү эсимде. Ошондон бир апта өткөндөн кийин Таш-Көмүрдөгү досунукуна барганда мен, иним, сиңдим үчөөбүздү салып алды. Досунун үйүнө кирип кетип, узакка жоголду. Ошондо рулга отурдум да, үй жакка зуу койдум. Атам чыкса эле унаа да, биз да жок. Ою ар жакка кетиптир. Бир жерде жол кырсыгына кабылып калган жокпу деп жүрөгү түшүптүр. Ошондо атам катуу урушкан. Кийин анан өзүм унаалуу болдум, тажрыйбам жетиштүү эле. Бишкектен Баткенге чейин унаа айдап баргам. Сиңдим жолдошу менен Италияда жашайт. Алардыкына барганда күйөө баламдын унаасын Италиядан Германияга чейин айдап баргам.
– Ырчылыктан тышкары эмнелерге кызыгасыз?
– Спортко, айрыкча экстремалдуу спортко жакынмын. Парашюттан секиргенди жакшы көрөм. Менде коркуу сезими жок, адреналин алган жагат. Сууда жакшы сүзөм. Кышында лыжа тебем. Анан ашканада түрлөп тамак жасагандан ырахат алам. Улам жаңы рецепттерди үйрөнүп салат, пирог, самсанын түрлөрүн тажабай жасайм. Чет өлкөгө саякаттаган да жагат. Санасам 33 өлкөнү көрүп келиптирмин, жакында эле Таиландга, Европага бардым.
– Кайгырып бук болгонуңузда кантип жеңилдейсиз?
– Көп кайгырбоону үйрөндүм. Баштан көп нерсени өткөрүп, быштык да. Мындан 5-6 жыл мурун психоневрологиялык ооруканага концерт коюп барып, андагы бейтаптар эмнеден улам ооруп калышканын угуп катуу ойлонгом. Ошондон кийин кандай көйгөй болсо да катуу кайгырбаш керек экен, жүрөк, мээге күч келтирбеш керек тура деп жыйынтык чыгаргам. Мен, тескерисинче, кеңешке муктаж адамдарга психологиялык жактан көп жардам берем. Алардын ичинде суицидге, ажырашууга барганы калгандар, үй-бүлөлүк зомбулук көргөндөр, баласын тарбиялоодо алы жетпей калгандар жана башкалар бар.
– Өзүңүздүн жеке жашооңуз тууралуу да ойлонууга убакыт келдиби?
– Балдарды ойлоп турмуш жаңырткан жокмун, Азыр деле оюмда жок. Жалгыз баарына жетишип көнүп калгам.
– Кыялкечсизби, эмнелерди кыялданасыз?
– Реалистмин. Кыялданып отура бербей, бир максат койдумбу, түз эле ошону багынтууга аттанам. Куру кыялдарга көп убакыт короткум келбейт.
– Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз учурда кайда, эмне иш кылышат?
– Ата-энем Шамалды-Сайда жашашат. Атам өрт өчүрүү кызматында иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан. Апам жергиликтүү кеңештин депутаты, бала бакчада директор. Кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруп, муктаж адамдарга жардам берип келет. Ата-энем менен сыймыктанам. Мага ар дайым моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп, балдарды тарбиялоодо көмөктөшүп келишет. Биз 3 бир тууганбыз. Сиңдим тууралуу жогоруда айттым. Жолдошу экөө тең илимпоз. Иним тиш дарыгери, жеке клиникасы бар. Ар дайым мени колдоп, майрамдарда белектерин берип кубантып турушат.
Канымжан Усупбекова