ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 16-июндан 22-июнга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Кой жылдызынын алдында төрөлгөндөргө бул аптада сак болуу сунушталат, өзгөчө жумушта күтүүсүз кырдаалдардан улам маселе жаралышы мүмкүн. Туугандар арасында уккан маалыматтардын баарына ишене бербеңиз, күнөөсүз адамга жалаа жабылып жатышы ыктымал. Шаршемби-жума күндөр аралыгында эмоционалдык абалыңызды жагымдуу нукка бурган окуя орун алат. Аптанын аягында туура эмес тамактануу жана алкоголдук ичимдиктерден алыс болууну эскертишет жылдыздар.

 

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн ыңгайлуу мезгил. Банктык депозит ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүңүз. Ошол эле учурда карызга алуу-берүү иштеринен алыс болуңуз. Үй-чарба иштеринде жакыныңыз жардам берип көңүлүңүздү жылытат. Жеке жашоого байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө улуулардын кеңешине кулак салган оң, болбосо өзүңүз эмоцияга алдырып туура эмес чечим чыгарып алышыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрү тынч өтөт, үй-бүлө мүчөлөрүнө көңүл буруңуз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Дайыма меники туура чыгат деген иллюзияга алданбаңыз, болбосо пикир келишпестиктер чыгышы мүмкүн. Сизге азыркы учурда реалист болуу сунушталат. Аптанын биринчи жарымында маанилүү иштерге баш салбай туруңуз, натыйжасы сиз күткөндөй болбой калат. Пландалбаган нерсеге акча коротушуңуз мүмкүн. Коомдук жайлардан, шаан-шөкөттөн чарчап, тынч, жалгыздыкта калуу каалоосу күчөйт. Бул каалоону ишке ашырыш өзүңүздөн, дем алышты туура пландаңыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Ден соолугуңузга көңүл бөлбөсөңүз, өзүңүздү жаман сезип, алдын ала пландалган иштер артка жылышы ыктымал. Аптанын экинчи жарымы сиз үчүн ар тармакта ийгиликтүү болмокчу. Конокко чакыруу аласыз, эгер каражатыңыз жол бербесе, кыжалат болбой эле баш тартып коюңуз. Келбетине ыраазы болбой, депрессияга түшкөн бөйөндөргө кеңеш: спорт менен машыгуу эч качан кеч эмес. Бойдоктордо коомдук транспортто таанышуу мүмкүнчүлүгү жаралат, кармап калыңыз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Жолугушуулар, демилгелер, идеялар сиз күткөн жыйынтыкты бербейт, андыктан бул аптада басымды жумушка эмес, жеке жашоого багыттаган туура болот. Башкаларга суралбаган кеңеш айтуудан алыс болуңуз, “кыйын болуп жатат” деп туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз, өзгөчө айдоочулар жол эрежелерин сакташы керек. Жакындарыңыздын жагымдуу жаңылыгына күбө болосуз. Апта соңу маселе жаратпай, тынч өтүшү күтүлөт.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Көп пайда табам деп, тескерисинче, чыгашага учурап калышыңыз мүмкүн. Сизден акча талап кылган иштерден алыс болуңуз. Апта жалпысынан курч окуяларсыз, тынч өтөт. Энергоресурс төмөндөп, эс алуу үчүн эмгек өргүүсүн алышыңыз мүмкүн. Көптөн бери романтикалык мамиледе сүйлөшүп жүргөндөр, мамиле кийинки этапка өтөбү-жокпу деп түгөйүңүздөн ачык эле сураңыз. Жооп канааттандырбаса, андай мамилени улантыш керекпи, ойлоносуз. Кыска аралыкка сапарга чыгышыңыз ыктымал.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Алданып калуу коркунучу бар, андыктан эмне жасап жатсаңыз да кылдат жана сак болуңуз. Өз ишимди баштайм деп тургандарга аптанын экинчи жарымы ыңгайлуу болмокчу. Туугандар арасында бирине жагынам деп жатып экинчисин таарынтып албаңыз. Түгөйүңүзгө романтикалык кечки тамактануу даярдап көңүлүн алсаңыз болот. Бойдоктордо жаңы таанышуулар күтүлбөйт. Аптанын соңунда үйгө керектүү буюм-тайым, азык-түлүк сатып алуу иштери менен алек болосуз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Аптанын биринчи жарымында жасаган ишиңизде жаралган суроолорго жооп издеп убара болосуз. Үй тиричилиги, оңдоо-түзөө, актоо-сырдоо иштери көп убактыңызды алат. Кошумча каржы булагы жаралышы күтүлөт. Урушка жакын мүнөзүңүздү иш жүзүндө сынап көргүсү келгендер болот, эмоцияга алдырбаңыз, кесепети сизге терс жыйынтык бериши мүмкүн. Үйдө камалып отура бербей, эс алуу күндөрү эшикке чыгып, досторуңуз менен жолугууну пландаңыз.

 

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Оор тапшырмаларды колго алгандан коркпоңуз. Таанышым, каражатым, маалыматым жок деген нерселерди шылтоо катары кабыл алып, алга кадам таштай бериңиз. Тобокелчилик жана өзүңүзгө болгон ишеним өзүн актайт. Кыймылсыз мүлк сатып алуу, башка үйгө көчүү сыяктуу иштер жаралат. Бойдоктор сүйгөн адамына карата талаптарын азайтып, компромисске барса, баары жакшы болот. Мактап койсо эле акча чачуунун кереги жок, тескерисинче, сарамжал болуңуз, жакында жакшы ишке акча саласыз.

 

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Жакын адамыңызга жардам талап кылынышы ыктымал, колдон келсе биринчилерден болуп барыңыз. Карыз болсоңуз, ушул аптада кутулганга аракет кылыңыз, бул сизге каржы булагынын ачылышына өбөлгө болот. Сиздин көңүл бөлүүңүзгө муктаж адам чыр чыгарышы ыктымал. Алыска сапарга чыгууну пландабай коё туруңуз. Көптөн күткөн жагымдуу кабар угасыз. Гардеробду жаңылап, жайкы кийим-кече сатып алышыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрүн үйдө, тынч өткөрөсүз.

 

Суу куяр
(21.01–19.02)

Аптада жумушуңуз көп болуп, убакыттын кандай өткөнүн, айланаңызда, үйдө эмне болуп жатканынан кабарсыз калышыңыз мүмкүн. Сизге жакпаган адамга карата эмоцияны башкара албай, ортодо чыр чыгышы күтүлөт. Экинчи планга жылдырылып келген достор менен мамиле жанданат. Үй-бүлөлүк маселелер оң жагына чечилет. Аптанын экинчи жарымын өзүңүзгө арнаңыз, энергияны толтуруу үчүн өзүңүз сүйгөн ишти кылып же жактырган жерге эс алууга баруу сунушталат.

 

Балык
(20.02–20.03)

Достордун көйгөйүн угуп, маселесин чечүүгө аралашууңуз мүмкүн. Апта олуттуу көйгөйү жок, тынч өтөт. Жумушта туруктуулук сакталат, жеке жашоодо жагымдуу баарлашуулар орун алат. Адреналин жогорулап, активдүүлүгүңүз күчөйт, тобокелдик талап кылынган иштерге аралашкыңыз келет. Бирөөлөргө жалган айтуудан алыс болуңуз, калпыңыз чыгып абройлуу адамдардын алдында уят болуп калышыңыз мүмкүн. Билим жаатындагылар жакшы сунуш алып кубанышат.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1174, 13-19-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан