Таарыныч сезимине кабылбаган адам жок болсо керек. Кээде жашоодогу эң оор көз ирмемдер жумушуңда көйгөй жаралганда же алдыга койгон максатыңа жетпей калганда эмес, мамиле бузулганда келиши мүмкүн: ишенген адам чыккынчылык кылат, калп айтат, басынтат, көңүлүңдү калтырат – бул учурда ага карата ичиңде бир нерсе бузулуп жаткандай сезилет. Гарвард университетинин окумуштуулары изилдөө жүргүзүп, кечиримдүүлүк адамдын ден соолугуна жакшы таасирин тийгизерин аныкташкан.
ТААРЫНЫЧТЫН ТҮРЛӨРҮ
Таарынычты психологдор бир нечеге бөлүп чыгышкан.
Билбестиктен таарынтуу. таарынтып жатам деп ойлонбостон инстинктивдүү иш-аракеттерди жасоо. Мисалы, ата-эне балдарын тарбиялоодо улуулардыкы туура деп өз принциптерин, ишенимдерин баланын жашоосуна да жайылтууга аракет кылышат, анын жашоосуна кийлигишет, анын ою менен эсептешпейт. Балдары ата-энесин сыйлап унчукпаганы менен, ичинде “эмнеге мени укпайт? Эмнеге мен жаман болуп жатканымды сезбейт? Эмнеге мага жакпаганын билбейт? Эмнеге мени менен эсептешпейт?” деген суроолор пайда болуп, анын аягы таарыныч менен аякташы мүмкүн. Ата-энеге болгон таарыныч практикада эң көп катталат. Ичинде таарыныч бар адамдын келечегинде психологиялык блоктун айынан тоскоолдуктар жаралат. Ошол эле учурда балдар ата-энесин таарынткан окуялар да көп, кызуу кандуулук менен аларга орой сүйлөп, терс жолдорго барып беймаза кылышат жана башка мисалдар.
Атайын таарынтуу. Жасаган кадамдары экинчи адамга оор тиерин билип турса да атайын бирөөгө психологиялык басым жасоо, алдоо, басынтуу, шылдыңдоо, көңүл калтыруу, тең салмактуулуктан чыгаруу сыяктуу иш-аракеттер. Мындай манипуляция жасаган адамдардын көбүнчө бала кезден калган психикалык жаракаты болот. Анан өзүнүн кыйын экенин өзүнө далилдөө максатында башкаларды басынтуу стратегиясын тандайт.
Ойдон чыгарылган таарыныч. Ойдон чыгарылган себептерге таарына берген кээ бир адамдар бар. Алар баары өзүнө карыздай сезет, бул сезим да бала кездеги психикалык жаракаттарга байланыштуу болушу мүмкүн. Бала кезинде бир нерсеге жетпей калган, жоготкон же башка. Мындай адамдарга таарынуу үчүн чоң себептин деле кереги жок, өздөрү ойлоп таап алып таарына беришет. Мындай адамдарга “курмандыктын” ролунда болгон жагат, андан чыккысы келбейт.
Жашыруун таарыныч. Айрым учурда адамдар өзүнүн таарынганын деле сезбей калышат. Бирок кайсы бир окуяны көңүлүнө алып, туура эмес болгону аң-сезиминде калат да, психосаматикалык “кыйроо” башталат. Кээде таарынса да өзүн басып, “өтүп кетет” деп коёт. Бул жашырылган, басылган таарыныч сиздин “өздүк аброюңузга” (самооценка) гана эмес, ден соолугуңузга, башкалар менен курган мамилеңизге жана жалпы жашооңузга да терс таасирин тийгизет.
КЕЧИР ДЕГЕН ОҢОЙ, КЕЧИРҮҮ ООР
Эмнеге таарынткан адамды кечирүү оор процесс? Кечирим сурагандан кийин “кечирдим, баары жакшы” деп коюу – кечирди дегендикке жатпайт. Кечирүү – бул ичтеги ошол адамга болгон ачуулануудан, өч алуу каалоосунан ички боштондукка чыгуу болуп саналат. Кечиримдүүлүккө барууга тоскоол болгон нерселер – бул ошол таарыныч жаралган процессте адам сезген аң-сезимдеги оорутуу, ачуулануу, коркуу, кайгы же тынчсыздануу эмоцияларынын дале күчтүүлүгү, унутула электиги болуп саналат. Эң жаманы, бул эмоциялардын баары таарынган адамды ичтен “буза” берет, нерв системи, психосаматика жабыркайт, анын аркасынан физиологиялык оорулар пайда болот. Андыктан кечиримдүү болууну үйрөнүү керек.
Кечирүү – мамилени жандандыруу дегенди түшүндүрбөйт. Кээде сизди таарынткан адам ортодогу мамилени жакшыртуу үчүн эч нерсе кылбайт, мындайча айтканда, оңолбойт. Андайларга таарынуунун да кажети жок. Мамилени жандантам деп ойлонбой койсо болот. Айрымдар сиздин жашоосунда болушуңузду чын дилден каалап, ортодогу мамилени сактап калууга аракет жасаса, дагы бир мүмкүнчүлүк берүүнү ойлонуп көрүү оң.
КЕЧИРИМДҮҮ БОЛУУГА КАДАМДАР...
1. Өзүңүздү сүйүңүз. Өзүн баалаган, сүйгөн адам таарынычтан, кек сактоодон эч нерсе таппасын билет, ага убакыт коротпойт. Окуяга адекваттуу ой жүгүртүп, таарынткан адамдын жашоосундагы маанисин анализдейт да, чечим чыгарат. Өткөнгө, көпкө созулган мамилеге байланбайт, артка кылчайбайт. Ага өзү, бүгүнкү жана эртеңки жашоосу маанилүү.
2. Пайда издеңиз. Эмнеге ал адамды кечире албай жатканыңызды ойлонуңуз, таарынуу өзүңүзгө гана зыян экенин эстеңиз. Анан пайда жагын карап көрүңүз, балким, тагдыр кайсы бир окуя аркылуу сизге керексиз адамдарды жашооңуздан тазалап жатат?...
3. Эмпатия. Таарынткан адамдын ордуна өзүңүздү коюп көрүңүз, ага эмне жетпейт, эмне себептен ушул кадамга барды?.. Табылган жооп сизге эмоционалдык тынчтык алып келиши ыктымал.
4. Ыраазы болуңуз. Жашоодо эч нерсе жөн жерден болбойт, сабак, тажрыйба катары калышы керек. Канчалык таарыныч өскөн сайын аң-сезим негативге уулана берет. Андыктан ыраазы болуу практикасын колдонуу керек. Ошол адамга, ортодо болгон окуяга ыраазы болуңуз, сабак, тажрыйба болгонун айтып, шүгүр келтириңиз.
5. Негатив ойлор менен жалгыздыкта калбоо. Эч качан негативдүү ойлорду “жутуп”, ичтен ойлонуп жүрө берүү болбойт. Ишенген адам менен бөлүшүңүз, анын оюн угуңуз, кеңешиңиз. Ишенген адам менен сүйлөшүү жеңилдик тартуулайт.
6. Медитация. Медитация, акыл-эсиңди бардык ойлордон тазалоо процесси өтө маанилүү.
7. Кат жазуу. Ичиңиздеги ойлорду, таарынткан адамга, окуяга болгон эмоцияларды кагаз бетине жазыңыз, канча көлөмдө экени маанилүү эмес. Жазып бүткөндөн кийин “таарынычты коё бердим” деп катты майдалап туруп ыргытып жибериңиз же өрттөп салыңыз.
8. Бош отургуч. Бул ыкмада алдыңызга бош отургуч коюңуз да, өзүңүз карама-каршысынан орун алыңыз. Сизди таарынткан адам алдыдагы бош отургучта отурат деп элестетүү керек. Анан ага болгон оюңузду, таарынычтарды бүт айтуу керек. Кыйкырып, сөгүп, ыйлап, айтор, негативдүү ойлордун баарын жашырбай төгүп салуу зарыл.
9. Психолог. Эгер таарыныч менен өзүңүз күрөшө албай, абал күндөн-күнгө оорлошуп баратса, психолог, психотерапевтке кайрылуу зарыл. Эмоциялар менен күрөшүү оор процесс, андыктан профессионалдардан жардам алуунун уяты жок.
КЕЧИРИМДҮҮЛҮКТҮН ПАЙДАСЫ
Кечирүү – адамдын организмин негативдүү ойлордон тазалоо, анын кайрадан калыбына келүүсүнө көмөк көрсөтүү, жашоону гармонияга алып келүү.
Саткынчылыктан келип чыккан көңүлдөгү оору жана таарыныч адамды стресске, өнөкөт оорулардын курчушуна алып келет, иммунитет төмөндөп, жүрөк оорулары пайда болушу мүмкүн, дайыма баш оору башталат жана башкалар. Ачуулануу жана өзүн аёо сезими депрессияга жеткирет.
“Таарынычты кечирүүдө – адамдын жүрөк-кан тамыр системи жакшырат, жогорку кан басым калыбына келет” дейт психиатр Неда Гоулд. Анткени организмде ачуулануу, стресс абалы топтолгондо нерв системи менен кошо жүрөк-кан тамыр органдары да жабыркай баштайт. Адам стресстен арылганда организм кайрадан ишке киргендей болот дейт психиатр.
Асыл Орозбекова