Саламат Калыбек уулу, актёр: «Театр - ырчылык кыялымдан бийик экен»

– Кутман күн! Азыркы тапта эмне иштер менен алексиз? 

– Кутман күн! Тасма тартып жатабыз, бүгүн таңкы саат 6га чейин иштедим. Өзүм идея таап, өзүм демөөрчү издеп, өзүм роль аткарып, айтор, ушундай иштер менен алекмин.

– Театрда иштебей калыптырсыз, себебин билсек болобу?

– Былтыр театрдан кеттим. Иштей албай коюп же бирөө кууп эмес, өзүм үчүн иштейин деп ушул кадамга бардым. Өзүмө иштейин дегеним – ыр жазам, обон жаратам, студиям бар, аткарган ырларым бар. Эл угуп эле жүрөт, бирок ырдап жаткан адам мен экенимди билбейт. Актёрдук менен чогуу ушул өнөрүмдү ала кетким келди.

– Театр сизге эмне берди?

– Бул куттуу жер мага турмуштук чоң сабак берди. Чыдамкайлыкты, барга көөп, жокко чөгүп кетпей жашаганды үйрөттү. Байкасам, театрда иштеген адамдар жөнөкөй, кең пейил болушат. Жакында бир окуя болду: театр актрисасы жана блогер (эч жерде окуган эмес, кинодо тажрыйбасы жок) менен тартуу талаасында чогуу болдук. Блогер өзүнчө эле “мага бул болбойт, ал болбойт” деп керсейгенсийт. Актриса эже тоодой тажрыйбасы, билими бар туруп ушунчалык жөнөкөй десеңиз. Театрда иштеген оор, чыдамкайлар гана иштейт ал жакта. Театрдан кеткенимдин дагы бир себеби – үй-бүлөлүк шартка байланыштуу болду. Батирде жашасак, айлыкты өзүңүз билесиз, мен курактуулар үй-бүлөсүн жаркыратып жакшы багып багып жатса, кой, аракет кылайын дейт экенсиң. Кыздарым чоңойгуча үйлүү болуп калышым керек деген ойдо болдум.

– “Чоочун кишидеги” Толкунбектин образы менен таанылдыңыз, ошол каарманды анализдеп берсеңиз. Ким ал?

– Толкунбектин ак көңүлдүгү, ишенчээктиги өзүнө канжар болуп сайылды го дейм. Чечкинсиз дейин десем, жооптуу кызматкер болуп жатпайбы, чечкинсиздер андай бийиктикке жете алышпайт. Кыйчалыш кырдаалдын курмандыгы болду. Маселени дароо чечпесең, эртең кеч болуп калат дегендей абалда калды да.

– Сизде ошол каармандыкына окшош сапаттар барбы?

– Көпкө ойлоном. Маселени шарт чечип коюш кыйын мага да.

– Коомдо Толкунбектей эки аялдын ортосунда чайналган эркектер көп үчүн сериал популярдуу болду деп ойлойсузбу?

– Чечкинсиз эркектер да, “мен каалагандай болот” деген аялдар да көбөйдү. Сериалдагы Зыйнат өзү каалаган нерсеге жетем деди, жетти. Болгону Толкунбек анын кайырмагына илинип калды. Чечкинсиздиктен эмес, “аялдын амалы кырк эшекке жүк” дегендей нерсе болуп кеттиби деп турам. Эркектер баары бир аялдын алдында алсыз.

– Маектериңизде “келинчегиме ыраазымын” деп көп айтат экенсиз...

– Үйлөнүп жатканда ал кишиден көп нерсе күтпөптүрмүн. “Баарын мен кылышым керек” деп ойлоп алсам керек. Ал жоктон бар кылып, меселе чечүүдө жардамдашып, мени колдоп кеткенде таң калдым. Окууну бүтүп Нарынга кеткенбиз, анткени “Бишкекте 8 миң сом айлык менен үй-бүлөмдү кантип багам?” деп Бишкекте калуудан коркком. Дагы бир жагдай – окууну бүтүп эле үйлөнүшүм керек болду, анткени ага жуучулар келе башташты. Ошого шашып үйлөндүм, 4 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Агайым Темирлан Сманбеков Нарын театрына жетекчи болуп барган. “Келбейсиңби, үй маселесин чечип, айлыкты көбөйтүп берем” деген. Нарынга барганда кыйналып калдык, айлыкты эле карап отурабыз, 12 миң сом эмнеге жетет? Анан тун кызыбыз төрөлдү, бир кызыктай абалга түшүп калдым. “Баары жакшы болот, бул абалдан да чыгабыз. Сен өзүңдү баалабайсың, ырчы болсоң болот, тамада да боло аласың” дечү келинчегим. Тамада болуп көрдүм, акчасы жакшы болгону менен, тойдун ызы-чуусу табиятыма туура келбеди. Бир жылдан кийин токтотуп койдум. Кыскасы, көп эшикти сүзүп көрдүм.

– Күйөөсүн колдоо аял үчүн кадимки эле нерсе эмеспи. Жубайыңыздын колдоосу сизге таң калычтуу болгону кызык сезилди...

– Көз алдымда эле далай жаш үй-бүлөлөр кулап жатат. Баш кошкондон кийин бири-биринин ачкычын таап алмайынча баары эле кыйналат, сыягы. Бир нукка түшүп алгыча чыдабай ажырашып кеткендер толтура эмеспи. Келинчегимде терең түшүнүк болгону үчүн көп ыраазычылык айтат окшойм.

– Сизди тарбиялап өстүргөн адамдар тууралуу сөз кылсак...

– Мен жаш кезде атамдын көзү өтүп кетти, бирок анын тарбиясын алып калдым. “Ак эмгек менен жаша, бирөөнүн акысын жебе” дечү. Алдамчы, куу адамдарды жаман көрчү. Алты бир тууганбыз, баарыбыз атам каалагандай адам болдук деп айта алам. Апам болсо мага толук эркиндик берди. “Өзүң бил, кылсаң да өзүңө, кылбасаң да өзүңө” деп тарбиялады. Досторума апалары тынбай эле телефон чалып көзөмөлдөй берсе “менин апам эмнеге минтпейт?” деп ойлончумун. Азыр ойлойм, эркек балага эркиндик бергени жакшы болуптур. Ооба, баары зымга тизгендей шыр кетпейт, бирок ары урунуп, бери урунуп отуруп бышат экенсиң.

– Балким, көп балалуу болгон үчүн катуу көзөмөлдөөгө энергиясы жетпей калгандыр?

– Жок, атайын эркиндик берди. Анткени агам экөөбүздү гана эркин коюп, кыздарын катуу эле кармады. Эркектер “каяктасың, эмне кылып жүрөсүң, качан келесиң?” деген режимге сыйбай турган адамдар. Бирок бул деле бардык эркектерге жараша бербейт болуш керек. Кээ бирөөлөргө үстүдөн сөзсүз көзөмөл керек.

– Көптүн ичинен суурулуп чыгуу кыйын, сизде бул жаатта кандай болду?

– Жумушка жасаган мамиледен улам болуш керек. Ишиме абдан олуттуу мамиле кылам. Нарындан келгенден кийин Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласын” кайра тартмак болуп калышты. Ал кезде өзүмө таарынып, “бир роль берилсе тим эле укмуш аткарбасамбы?” деп чымырканып жүргөм. Мага ошондо Садыктын ролу берилди. Абдан аракет кылдым, ролду ийине жеткире аткарайын деп толгонуп жүрдүм. Атайын арыктадым. Ошол аракетимди режиссёр байкап калып “Чоочун кишини” тарткандарга айткан го, чамасы. “Чоочун кишиде” бардык ролдорду жамаат чогуу тандап, Толкунбекти гана режиссёр “мен өзүм тандайын” дептир. Ошентип көзгө илинип калдым. Жүзүң таанылып калса, ары жагы жеңилирээк болот окшойт.

– Сизге ийгилик каалайбыз!

 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1174, 13-19-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан