Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Акбар ойго чөгүп отурду. Көз алдында аны кагып басып кеткен Айкөл. Анын тазалыгы, дүйнөнү күлгүн түстө көргөнү, ишенчээк көздөрү бир чети жанын кейитсе, экинчи чети суктандырды. Ал кетип калгандан кийин жалпаңдаган менеджери анын көңүлүн улайм деп отуруп, тескерисинче, сындырганын эстеди.

– Сиздин баркыңызды кайдан билмек мындай айылдан келген бечара кыздар. Жүрө берсин, студент күйөөсү аны канчага чейин бага алат, көрөбүз. Эмне бере алмак эле?

– Ия? Күйөөсү барбы?

– Айылдыктар ушундай эмеспи, Акбар байке, булар турмушка эрте чыгышат. Талантты өстүрүү, багуу алардын оюна кайдан келсин?.. Карап туруп түтөйм да. Сулуулук бар, талант бар, ошонун баркын билип, баштарын иштетсе кана. Мындай кыздар бул сулуулуктун баркын билгенче...

Акбар эмне дээрин билбей калды. Айкөл ага ушунчалык жаш, секелек кыздай көрүнгөндүктөн турмушка чыккан деген ой үч уктаса түшүнө кирген эмес экен. “Хм, жолдошу бар экен да” деди ичтен тына. Муну ичтен сүйлөдүм деп ойлогон, көрсө, угуза кобурап алган экен. Тиги эпилдеген менеджердин кулагына илине түштү.

– Айтып жатам го, сиздейлердин баркын бул айылдык кыз кайдан билмек?.. Капа болбоңуз.

– А мен кайдан келиптирмин? – деди Акбар.

– Кандай дейсиз? – тиги түшүнбөй аңкайып карап калды.

– Мен да айылдан келгем, тууганым. Мен эң тоолуу деген жерден келип адам болгом. Сен айылдыктарды бекер эле баалабай жатасың. Оюңду оңдо, тууганым. Болбосо ушу ой менен кете берсең, акыретиң азап болор.

Анын жаны кашайып турганын жайдаңдаган жигит кайдан билсин?.. Биле албады. Басып кеткен анын аркасынан аңкайып карап кала берди. Үч тилде эркин сүйлөгөн, миллионер адам айылдан келгенин эч ойлобогон экен. Акбар Азизовду ал көптөн бери билчү. Бирок ал түбүн, баскан жолун билбеген экен. Өзү шаарда чоңойгондуктан айылдыктарга болгон жатыркоо, теңсинбөө сезими бар эле. Кайдан-жайдан ушинтип чыгып кетчү. Акбардан уялып калды.

“Айылдык дейт имиш, жеп жаткан наныңдан кийип жүргөн кийимиңе чейин ошолордун эмгеги, билсең. Ушундай текебер адамдар кайдан чыгат?” деп кыжалат боло ойлонуп бара жатты. Акбар машинесине отуруп оор үшкүрүп алды. Кырктын кырына кирип калганда, жашоосунун бардык чөйрөсүн жолго салдым дегенинде жолунан ушундай бир атырылган сезим чыга калып алсыратат деп эч ойлогон эмес эле. Анын түйшүктүү, татаал жолунда көп нерсе болгон. Бирок мындай эңги-деңги кылган сезим болгон эмес. Көңүлү сызылып, жан дүйнөсү куушурулуп тээ түпкүрдөн кусалык келип чыкты. Көз алдында Айкөл. “Демек, турмушка чыгыпсың. Багың ачылсын, периште. Сенин баркыңа жетчү адам жолукту бекен? Башка эмне дейин, болгон дүйнөмдү аңтар-теңтер кылып кеттиң. Сага бакыт каалагандан башка аргам барбы?”

Бир жылт эте көрүнүп, көңүлүн кушубак кылган сезимин кайра жогутуп аларына ичи сыздады. Көңүлүндө “бүттү” деди. Жашоодо “бүттү” деген жерден баары башталарын ал кайдан билсин.

 

ххх

– Кызыңа эмне болуптур? – деп абайлаган Айжанар Жеңиштен акырын сурады.

– Чыгармачылык жол биз ойлогондой эмес да, байбиче. Оор, татаал, кээде булганыч. Эмнеси болсо да өзү тандаган жол. Ыйлап отуруп кичинесинен музыкалык мектепте окуду. Эл алдына кадам таштады. Бир гана Кудайдан сурайлы, кызыма бак берсин.

– Ичти бышырбай, эмне болуптур ошону айтчы, байболгур! – деди аялы.

– Айтыштын деле кажети жок, азыр баары жайында. Билесиңби, Айкөл турмушка чыгам дегенде аябай капа болгонум эсимде. Али жаш дегем. Бирок ушу жолдо жанында Айдардай ишеничтүү адам болушу абдан жакшы болгон экен. Мен ага аябай ишенем.

– Ооба, башы оор, токтоо, мыкты жигит. Ылайым эле бактылуу болушса экен.

– Санааркаба, андан көрө тиричиликти ойлонолу, байбиче, кызыбызга жок дегенде колубуздан келген жардамыбызды кылып туралы.

Ата-эне көзүнө сүрткөн жалгыз перзенти үчүн үнсүз дуба кылып, бактысын тилеп отурушту.

ххх

– Айдар, сен бүгүн ишке барбай эле койчу. Аябай арыктап да кеттиң. Эс алчы. Шаарга чыгалы же курсагыбызды тойгузуп алып уктайлы, китеп сатып келип койгом сага деп, ошону окуйлу, – деди Айкөл жолдошун тиктеп. Келинчеги бир нерсе деп суранса Айдар дайым макул болот. Эмнегедир ушу кыздын көңүлүн бир да калтыргысы жок.

– Сенин машыгууң жокпу?

– Маэстро “бошсуң, концертке даярданууда аябай чарчап калдың. Азаматсың” деди. Ушу күндөрдү сени менен өткөргүм келди.

– Эмнеге?

– Сагынып жүрөм сени.

– Хе, жаныңда элемин го.

– Билбейм, сен узак сапарга чыкчудай, көпкө көрбөчүдөй сезим боло берет. Айтчы, сен мени эч качан жалгыз таштабайсың, ээ?

– Жинди кыз го, эмнеге таштамак элем? Андай ойлорду ташта, сен экөөбүз абышка-кемпир болгуча бири-бирибизден алыстабайбыз. Сен менден оңой кутулам деп ойлобо. Биздин быжыраган балдарыбыз, неберелерибиз болот, али менден тажайсың, – деди Айдар аны мээримдүү тиктеп.

Ошол күндү кийин Айкөл көпкө эстеп жүрдү. Айдардын сулуу жүзү, катуу колдору, чын дилинен сүйүп караган көздөрү көз алдына тартыла берчү. Ошол күнү паркка чыгышты, жаш балдардай кубалашып ойношту, анан жайсаң чөпкө сунала жата кетишти.

– Куштардын махабаты... – деди Айдар.

– Эмне дедиң?

- Карасаң, куштардын махабатын, дал биздей биринин оозуна бири жем салып жатат. Азыр видеого тартып алайын да.

Айкөл караса чын эле эки чымчык биринин оозуна бири жем салып жатыптыр. Таң калды.

– Буларда да ушундай берилүү болобу? Кадимкидей оозу менен тамак берип жатканын... – деди чын дилинен.

– Ким билет, балким, адамдардыкынан да таза сезимдер куштарда болот чыгар.

– Баса, мен сени биринчи көргөндө эле сен менин күйөөм болоруңду сезгем.

– Ия де... – деди күлүңдөгөн Айдар, – Классташым Жанаранын көйнөгүн тытып, чачын жулуп мен үчүн салгылашкан Айкөлдү эстеп кеттим.

– Сен мага аны эстетпейм деп убада бергенсиң, – деди эки бетин колдору менен жапкан Айкөл.

– Уялба, келинчегим, – деди Айдар ого бетер жадырап, – Мени ошентип салгылашып, согушуп жүрүп ээлеп алгам деп балдарыбызга айтып жүрөсүң. Жаманбы?

– Айдаа-ар!

– Уялбай эле кой, менден башка эч ким билбейт ал жоругуңду...

– Өмүрүмдө биринчи жолу мушташкам ошондо. Акыркы жолкусу да ошол болсун. Эстеген сайын уялам.

– Ошондон кийин ал классташым менден 5 метр алыстап калбадыбы. Айла жок, Айдар ошентип Айкөлдүкү болгон, – деп каткырды күйөөсү.

– Сен деле мени аябай сүйгөнсүң.

– Бирок сен үчүн мушташкан эмесмин.

– Эми мушташасың!

– Эмне-е?

– Эми мен үчүн мушташасың. Ансыз болбойт. Айкөл эми “звезда”. Ха-ха- ха...

Айдар томсоруп отуруп калды. Үңкүйүп, чөптү тиштеп, такыр Айкөлдү карабай койсо болобу. Бир аз убакыттан кийин Айкөлдүн ичи бышып кетти.

– Эй, сен мени кызганып жатасыңбы? Кызганчагы-ым менин, – деп келип жүзүн караганда Айкөл сестейе түштү. Чын эле өңү бозоруп башкача болуп кетиптир.

– Эй, тамаша да. Сага эмне болуп кетти?

– Кечээги киши миллионер экен дедиң, ээ?

– Айдар!

– Айкөл, чын эле качандыр бир кезде мен сага муктаж болгон нерсеңди бере албай калсам, менден кетип кал, ээ? Мен чыдабайм, сенин кыйналганыңа караганда сенсиз болгон өйдө мага. Сен кыйналбашың керек. Эгерде кайсы бир учурда мага ыраазы болбосоң, эзилип кыйналба. Шарт эле кетип кал.

 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1174, 13-19-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан