Стресстен арылтуучу бөлмө гүлдөрү

Гүлдөр бөлмөнүн кооздугун арттырып, абаны гана тазалабастан, адамды стресстен арылтуучу касиетке да ээ болушат. Ал үчүн кайсы бөлмө гүлүн өстүрөм десеңиз, тизме төмөндө.

Алоэ

Дээрлик бардык үйдө кездешкен бул өсүмдүк абаны токсиндерден тазалайт – формальдегидди жана башка зыяндуу аралашмаларды активдүү соруп алат. Абасы кир, унаа көп шаарларда жашагандар сөзсүз бөлмөсүнө алоэ коюшу керек. Үйдө таза аба болсо жакшы уйкуга өбөлгө түзөт, жакшы уйку нерв системин тынчтандырат, калыпка келтирет.

Сансевиерия

"Балык куйругу" деген да аталыш менен белгилүү сансевиерия гүлү башка өсүмдүктөрдүн арасында өзгөчөлөнүп турат: көпчүлүк жашыл өсүмдүктөрдөн айырмаланып, түнкүсүн абаны кычкылтек менен каныктырат. Аны уктоочу бөлмөгө коюу менен уйкуңуздун сапаты кандайча жакшырганын тез байкайсыз. Дем алуу оңой болгон бөлмөдө уктагандан кийин сергип, эс алып ойгоносуз.

Крассула

Крассула (толстянка) гүлүнүн түрү көп, кайсы түрү болбосун өстүрө бериңиз. Бул гүлдү “үй дарыгери” деп коюшат. Анын сууга каныккан жыш жалбырактары фитонциддерди – дем алууну кыйындаткан козгогучтарды жок кылуучу кошулмаларды бөлүп чыгарат. Крассула турган бөлмөдө сиз жакшы дем алып эле тим болбостон, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүңүз да артат. Өсүмдүк табиятынан чыдамкай, тез-тез сугарууну талап кылбайт, өзгөчө кам көрүүнү талап кылбайт.

Пеларгония

Пеларгониянын да пайдалуу касиеттери көп: ал бөлүп чыгарган эфир майлары тынчтандыруучу таасирге ээ, андыктан стресс абалында тынчсыздануу сезимин азайтууга жардам берет. Бирок бул гүл кескин жана өзгөчө жытка ээ, андыктан өсүмдүктү үйгө алып келерден мурун анын жытын дүкөндөн же базардан алдын ала жыттап көрүңүз, жакса аласыз, жакпаса кереги жок.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1174, 13-19-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан